Реал Мадрид футбол клубунун оюнчусу Криштиану Роналду испаниялык модель Жорджина Родригес менен. Архивдик сүрөт

ЖМК: Криштиану Роналду үйлөнөт, той качан болору да айтылды

382
(жаңыланган 19:35 18.11.2017)
Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн үйлөнүү тою кийинки жылы августта болот

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Реал Мадрид" футбол клубунун оюнчусу Криштиану Роналду испаниялык модель Жорджина Родригес менен баш кошот. Алардын тою 2018-жылы Дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин болорун Р-Спорт басылмасы чет элдик ЖМКларга таянуу менен жазып чыкты.

12-ноябрда Родригес футболчуга кыз төрөп берип, ага Алана Мартина деген ат коюшкан. Роналдунун эки карын энеден төрөлгөн үч баласы бар. Алар жети жаштагы Криштиану-кичүүсү жана быйыл июнда төрөлгөн Ева жана Матео.

Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн үйлөнүү тою кийинки жылы августта болот. Бул маалда Роналду Россияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышып бүткөн болот.

382
Белгилер:
той, үлпөт, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Криштиану Роналду төртүнчү ирет ата болду