УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка современных светодиодных светильников в Бишкеке
Установка современных светодиодных светильников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 306-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Бишкексвет" ишканасы менен Бишкек мэриясынын айрым адистери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, 2016-жылы ноябрда "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын өкүлдөрү тийиштүү конкурс өткөрбөй, 2017-жылга карата шаарды 16 миллион 250 миң сомго кооздоо милдетин GrandPRO ишканасына берип койгон. Ошондой эле "Бишкексвет" ишканасынын кызматкерлери аткарган кызмат үчүн GrandPRO ишканасынын эсебине кошумча 2 миллион 19 миң сом которулган. Тийиштүү кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды одоно бузушкан.

ЖАМК кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК мамлекетке 10 млн. сомдон ашык зыян алып келгени аныкталды
Түзүлгөн актыга ылайык, жабдуулардын баасы жана шаарды кооздоого кеткен материалдардын наркы 13 миллион 258 миң 500 сом деп көрсөтүлгөн.

Бирок GrandPRO ишканасынын бажы декларациясында алардын наркы 7 миллион 427 миң 900 сом делип, материалдардын баасы негизсиз түрдө 5 миллион 830 миң 600 сомго жогорулатылган. Ошентип мамлекетке 7 миллион 849 миң 600 сом зыян келтирилгени айтылат.

Аталган факты боюнча Бишкек прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306-берене ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алуу боюнча келишим түзүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0