Эркин күрөштүн балбандары Минскидеги турнирге барат. Спортчулардын тизмеси

© AP Photo / Noemi Bruzak / MTIКыргызстандык балбан Эламан Догдурбек уулу (оңдо). Архив
Кыргызстандык балбан Эламан Догдурбек уулу (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке бара турчулардын арасында белгилүү балбандар Эламан Догдурбек уулу, Улук Жолдошбеков жана Магомед Мусаев бар.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Белоруссиядагы эл аралык мелдешке катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, балбан Александр Медведдин байгесине арналган турнир 9-11-август күндөрү Минск шаарында өтмөкчү.

Ага өлкө атынан тогуз спортчу катышат:

  • Бекболот Мырзаназар уулу — 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков — 57 кг;
  • Эрназар Акматалиев — 65 кг;
  • Нургазы Абдуразаков — 65 кг;
  • Ислам Орозбеков — 70 кг;
  • Эламан Догдурбек уулу — 70 кг;
  • Ильгиз Жакыпбеков — 74 кг;
  • Алигаджи Гамигаджиев — 86 кг;
  • Магомед Мусаев — 97 кг.

Балбандарды машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу менен Русланбек Мажинов коштоп бармакчы. Курама команданын мелдешке баруусу үчүн олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 44 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0