Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевУкук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош облусунун өткөрүү пунктунда турушат. Архив
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ош облусунун өткөрүү пунктунда турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган айдоочулардын саны көбөйүп жаткандыктан, бийлик алгоритмди өзгөртүп, ишти күчөткөнүн айтты. Чек арадан өтөрдө ар бир айдоочудан ПЦР-тест алынып жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар арасында вирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө.

"19-марттан 15-майга чейин өлкөгө сырттан 17 432 жүк ташуучу автоунаа кирди. Алардын арасынан бүгүнкү күнгө карата жалпы 32 айдоочудан коронавирус аныкталды. Акыркы кезде коронавирус жуктуруп алган жүк ташып иштеген айдоочулардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу алгоритмди алмаштырып, ишти күчөтүп жатабыз. Чек арадан өткөн ар бир айдоочудан ПЦР-тест сөзсүз түрдө алынып жатат. Эгер алардын жүктөрү тез бузулуп кетпей турган азык болсо, анализдери чыкканга чейин алты саатка дейре кармап жатабыз. Андан соң анализдин жыйынтыгына жараша иш жасалат", — деди Боронов.

Биринчи вице-премьер бул айла жоктон жасалган иш болуп жатканын баса белгилеп, жүк ташуучу айдоочулардан туура түшүнүүсүн өтүндү.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Газ менен иштеген коомдук автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коомдук транспорттун 21-майдан тарта жүрөрү күмөн
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0