Узбекистан желеги. Архив

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты

683
(жаңыланган 17:41 01.06.2020)
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалаган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр Чечме айылындагы булакты тазалоо учурунда келип чыкканы маалым болду. Эки тарапта тең жабыркагандар бар. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз-өзбек чек арасындагы облустардын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кырдаал көзөмөлгө алынды. Тараптар эми тазалоо иштерин макулдашуусу жок өткөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалады.

"Эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен булактын суусун чогуу колдонуу боюнча келишим бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек ара айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
© Фото / / Пресс-служба правительства КР
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин кечээки жаңжалын талкуулаган.

683
Белгилер:
Суу, Чыр-чатак, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
Чечме айылындагы чек арадагы кыргыз-өзбек чатагы (15)
Тема боюнча
Министрлик: Баткендеги чек ара чатагынан 15 киши жаракат алды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

50
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

50
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

91
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

91
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды