Американын мурдагы Ганси авиабазасынын аймагында бейтаптарды кабыл алуу үчүн орундар уюштурулду

"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр

678
(жаңыланган 20:37 01.07.2020)
Министрдин орун басары пневмония менен көп адам ооруп, кошумча ачылган орундар бат эле толуп калып жатканын айтты.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 600 орун уюштурулду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эртең мененки брифингде билдирген.

  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 600 орун уюштурулду
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эртең мененки брифингде билдирген
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    Анын айтымында, бул жерге пневмонияга чалдыгып, абалы орточо деп бааланган бейтаптар жаткырылат
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    Буга чейин 200 орун ачылып, бүгүн эртең мененкиге чейин 130 адам кабыл алынган
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    Ал эми бүгүн кошумча дагы 400 орун даярдалды
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
  • 600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
    Ошону менен бирге эле Каратаев айрым бейтаптар "Гансиде" дарылануудан баш тартып жатканын айтып, бирок ал жакта бүт шарттар түзүлгөнүн белгилеп өттү
    © Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
1 / 6
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
"Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 600 орун уюштурулду

Анын айтымында, бул жерге пневмонияга чалдыгып, абалы орточо деп бааланган бейтаптар жаткырылат. Буга чейин 200 орун ачылып, бүгүн эртең мененкиге чейин 130 адам кабыл алынган. Ал эми бүгүн кошумча дагы 400 орун даярдалды.

Эки күндө 26 кыргызстандык пневмониядан айыга албай көз жумду

Ошону менен бирге эле Каратаев айрым бейтаптар "Гансиде" дарылануудан баш тартып жатканын айтып, бирок ал жакта бүт шарттар түзүлгөнүн белгилеп өттү.

"Абалы орточо бейтаптарды "Гансиге" которолу десек, "жок, андан көрө үйдөн дарыланам" деп баш тарткандар болууда. Буга жолдун алыстыгын жана шарттардын жоктугу себеп экенин айтышууда. Мен ал жерде шарттар түзүлгөнүн белгилеп кетейин. Бир палатада эки гана керебет, өзүнчө душ, ажатканасы бар. Ал эми медициналык жабдуулар менен дарыгерлердин жетишпей жатканы боюнча маселе бар", — деди Каратаев.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан аталган жайдын сүрөттөрүн алды.

ДССУ Кыргызстанды коронавирус күчөп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошту

Андан сырткары, Каратаев пневмония менен көп адам ооруп кошумча ачылган орундар бат эле толуп калып жатканын айтты.

"Кечээ №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургиялык корпусунда 170 орун ачылган. Ал жети сааттын ичинде эле толуп калды. Бүгүн Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейинин жатаканасынан дагы 150 орун даярдалат", — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал өкмөт тарабынан 750 кошумча орун даярдоо тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

678
Белгилер:
көйгөй, пневмония, орун, кошумча акы
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
Тема боюнча
Жээнбеков менен Боронов видео аркылуу азыркы абалды талкуулашты. Сүрөт
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

12
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

12
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео
Белорусские правоохранительные органы задерживают мужчин во время митинга сторонников оппозиции после президентских выборов в Минске, Беларусь, 10 августа 2020 года.

Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео

70
(жаңыланган 00:13 11.08.2020)
9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Күндүз басылып калган акция кечинде кайра уланды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоодон кийинки акциялар дагы деле токтобой, күч түзүмдөрү элди таркатуу аракетинде. Соңку маалыматтар менен Sputnik Беларустун Telegram-каналы бөлүшүүдө.

Бүгүн Минскиден ОМОН жоокерлери тарабынан 30дан ашуун киши кармалганы айтылат. Кечээ түнү үч миңдей киши жоопко тартылган.

Ал арада ИИМ башчысы Юрий Караев элди тынчсыздандырууга күч менен каражат жете турганын билдирди. Учурда күч түзүмдөрү кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатышат.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Эске салсак, 9-августта Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Митинг кечке жуук кайра күчөгөн.

 

70
Белгилер:
нааразычылык акциясы, президент, шайлоо, Беларусь
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт