Сооронбай Жээнбеков учурда кайсы жакта экени айтылды

Жазылуу
Бир аз мурда мамлекет башчынын маалымат кызматы Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаганын билдирген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкек шаарында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле Бишкекте", — деди Стамалиева.

Бир аз мурда мамлекет башчынын маалымат кызматы Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаганын билдирген.

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды. Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Ушу тапта Кыргызстанда эмне болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0