Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы абалды талкуулашты

© Sputnik / Рамиз БахтияровПрезидент Казахстана Касым-Жомарт Токаев и президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев
Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев и президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн башчылары Кыргызстанда абал Конституцияга ылайык тез арада калыбына келет деп ишенерин айтышкан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу байланышып, сөз арасында Кыргызстандагы кырдаалды да талкуулашкан. Бул тууралуу Казакстан өлкө башчысынын сайтында маалымдалды.

"Мамлекет жетекчилери аймактагы абал боюнча пикир алышты. Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы абал Конституцияга жана мыйзамга ылайык тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан боордош Кыргызстан менен тилектештикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеген.

Жээнбеков: саясий туңгуюктан чыгуу үчүн менден талап кылынчу кадамдарга даярмын

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында оппозициялык күчтөрдүн митинги башталган. Ага парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген киши чогулган болчу. Ак үйгө чабуул жасалган соң милиция менен кагылышуу башталып, тиреш бир нече саатка созулган.

Түндө митингчилер парламенттин имаратын ээлеп алышкан. Эртеси да акциялар уланып, түндө морадерлук кылууга аракеттер болгон.

Бүгүн, 7-октябрда да митингдер уланып, ушу тапта бир нече кыймыл бийликке келүүгө умтулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0