Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 6-октябрда митингге чогулуп, түнкү саат үчтөрдө Ак үйдү алган. Бул окуядан соң премьер-министр менен ЖК төрагасы кызматынан кеткен. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөрдү диалогго чакырды.
Толкундоодон кийин Ош шаарында аны колдогон жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына, президентке нааразы болгон митингдер башталган. Шаар мэри менен облус жетекчисинин кызматы талашка түшкөн.