Ала-Тоо аянтындагы митинг

"Ала-Тоо" аянтында эки тарап кагылыша кетти

1122
(жаңыланган 17:41 09.10.2020)
Буга чейин эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулган болчу. Кийинчерээк "Ала-Тоо" аянтына Атамбаев баштаган жоон топ келген.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаров менен саясий күчтөрдүн тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болду.

Эки жаат алгач түртүшүп, андан соң бири-бирине таш ыргыткан.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдына чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди.

Алгач биричи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытуулар башталды.

1122
Белгилер:
кагылышуу, аянт, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун эски аянттагы тарапташтары "Ала-Тоого" келип кетишти
Өкмөт үйүнүн алдындагы азыркы кырдаал. Сүрөт
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

130
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

130
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

434
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

434
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты