Места для спикера и вице-спикеров ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана

Депутаттар жаңы премьерди тандап жатышат. Резиденциядан онлайн-репортаж

1437
(жаңыланган 19:29 10.10.2020)
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйыны башталды.

Эл өкүлдөрү ЖК төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаевди кызматка бекитүү, премьер-министрди шайлоо жана президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган өзгөчө абал режимин киргизүү маселелерин карашат.

Жаңы билдирүү
  • 19:29

    Депутаттар өкмөт башчынын талапкерлиги, өкмөттүн курамы, токтому бир добуштан колдоп беришти.

  • 19:26

    Эркин Асрандиев вице-премьерликтен баш тартты

    Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Эркин Асрандиев вице-премьерликтен оозеки баш тартканын билдирди.

  • 19:18

    Садыр Жапаров: эч кимден өч алууга, адилетсиздикке барбайм

    Садыр Жапаров: "Эч кимден өч алууга, адилетсиздикке барбайм. Көп нерсени, кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Ал эми мыйзамсыз иштерге барган болсо, ал башка маселе".

  • 19:11

    "Эгерде сизди бекитсек, президенттин милдетин аткаруучу болосуз, жоопкерчилик сизге түшөт, андыктан бардык күчтөр менен сүйлөшүңүз", - деди депутат Бакыт Төрөбаев. 

  • 19:07

    Садыров 6-октябрдагы окуяга элдик толкундоо деп баа берерин айтты

    “5-октябрда эл чогулуп Ак үйдү басып алып, сизди чыгарып ушул жерде отурасыз. Бул окуяга кандай баа бересиз, элдик толкундоо болдубу же төңкөрүшпү?” — деп сурады депутат Алтынбек Сулайманов.
    Жапаров бул окуяны элдик толкундоо деп эсептей турганын айтты.

  • 19:05

    Строкова президент Жээнбековду кызматтан кетпей эле коюшун суранды

  • 18:53

    Алтынбек Сулайманов андан мыйзам боюнча 6-ноябрга чейин БШК кайра шайлоону даярдаш керектигин айтты.

  • 18:52

    Жапаров: кайра парламенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн

    "Кайра парламенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эл бир манжаттуу шайлоону талап кылып жатат. Биз ошону карап чыгабыз. Депутаттар менен да кеңешебиз" деди Жапаров.

  • 18:43

    Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кете тургандыгын депутаттарга айтты

    "Азыр эле Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал арызын жазып кете тургандыгын мага билдирди. Сиздер өкмөттүн структурасын бекитип берсеңиздер арыз жазып кетем деди", - деди Жапаров.

    Ал учурда депутаттардын алында өзүнүн программасын тааныштырып жатат. 

  • 18:36

    Садыр Жапаров: "Кумтөрдү" мамлекетке өткөрүү оюмдан кайтты

    Талант Мамтыов "Кумтөр" кени боюнча маселенин аягына чыгасызбы деп сурады.

    "2012-жылы ЖК депутаттары комиссия түзүп "Кумтөрдү" толугу менен мамлекетке кайтаруу маселесин алып чыкканбыз. Бирок 35 гана депутат колдоп, өтпөй калган.

    Мындан сегиз жыл мурда алсак болот эле, азыр алсак негизсиз болуп калат. Себеби алтындын запастары калган жок. Бул тууралуу эки жыл мурун адвокатым аркылуу журналисттер суроо бергенде мамлекетке кайтаруу позициямдан кайтканымды айткам. Белгилеп кетейин, өкмөткө келгенде эле ою өзгөрүп кетиптир дешпесин. Мен бул позициямды эки жыл мурда эле айткам. Бирок "Центера голд" компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштететебиз", - деди ал. 

  • 18:30

    Садыр Жапаров: өкмөттүн курамы өзгөргөн жок

     Урматтуу мекендештерим, эгер депутаттар колдоп берсе ак ниет кызмат кылууга, өлкөмдүн өсүп-өнүгүнтүрүүгө даярмын жана бар күчүмдү жумшайм. Мурдагы министрлер, баары өз кызматында калат

  • 18:26

    Садыр Жапаров: мындан аркы кырдаалга толугу менен жооп берүүгө даярмын

    Садыр Жапаров: Көпчүлүк депутаттар премьер-министрлик кызматка мени сунуштады. Ич-ара чырдашып, көчөдө талашып тартышууга убакыт жок. Азыр билекти түрүнүп иштей турган мезгил. Мындан аркы кырдаалга толугу менен жооп берүүгө даярмын.

  • 18:21

    Садыр Жапаров парламенттин жыйынында сүйлөп жатат

    Садыр Жапаровду Бакиров өзүнүн программасын тааныштыруу үчүн трибунага чакырды. Ал биринчиден аянтка чыгып "тикесинен тик туруп чыгып берген" тарапташтарына ыраазылык билдирди.

  • 18:20

    Жаңы депутат Ниязбек Арзыбаев ант берип жатат

  • 18:20

    Абдылдаев жыйынга жетекчилик кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди.

  • 18:19

    Жыйынга Садыр Жапаров да катышууда

  • 18:17

    Абдылдаев өз ыктыяры менен отставкага кетип жаткандыгын айтты 

    Ал спикер болуп шайланышы боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатканын айтып, ошондуктан отставкага кетүүнү чечкенин билдирди. 

  • 18:17

    6-октябрда, депутаттар саат 19:00дө чогулгандыгын Абдылдаев айтты. 

  • 18:14

    Абдылдаев: өткөндөгү жыйында депутаттар дагы 61 адам болчу, андагы чечим да мыйзамдуу болгон.

  • 18:12

    Бүгүн өкмөттүн курамын бекитишибиз керек

    Абдылдаев: бүгүн бизде иштей ала турган өкмөт керек

  • 18:12

    Абдылдаев учурда 63 депутат катышып жаткандыгын, кворум бар экендигин айтты

  • 18:02

    ЖК депутаттарынын мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясындагы сүрөттөрү

    Вице-спикер Жогорку Кенеша Мирлан Бакиров в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Спикер Жогорку Кенаша Мыктыбек Абдылдаев в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Вице-спикер Жогорку Кенеша Аида Касымалиева в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 17:56

    Залда депутаттардын көбү беткапсыз отурушат

  • 17:52

    Спикер жана фракция лидерлери, бир нече депутаттар башка залга журналисттердин көзүнөн далдаа кирип кетишти

    Алар "Бир бол" лидери Алтынбей Сулайманов, "Республика-Ата-журт" лидери Жыргалбек Турускулов, депутаттар Талант Мамытов, Кожобек Рыспаев жана спикер Мыктыбек Абдылдаев. 

  • 17:48

    Спикер аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов менен кайсы бир маселени талкуулап жатат

  • 17:44

    Төрага Абдылдаев жана вице-спикер Мирлан Бакиров президиумдан орун алды

  • 17:38
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • 17:24

    Учурда депутаттар кворумга чогулбай жатат

  • 17:05

    ЖК спикер Абдылдаев: үч суткада киргизилген өзгөчө абал күчүндө болот. Эгерде парламент чогулуп карай албаса, ал күчүн жоготот

    ЖК спикер Мыктыбек Абдылдаев: Өлкөдөгү абалды стабилдештирүү үчүн өзгөчө кырдаал киргенде депутаттар өздөрү айттырбай эле чогулушу керек. Бүгүн мына күтүп жатабыз.

  • 16:54

    Депутаттардын бир тобу президентке импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлгөндө жыйынга келген эместигин айтышты

  • 16:53

    Депутаттын бир катарлары шайлоонун туура эмес өткөндүгүн жана добуштарда сатып алуу болгондугун баса белгилеп жатышат

  • 16:49

    Жыйын саат 16:00гө дайындалган. Бирок бир саат болгону калды, депутаттар толугу менен келе элек

  • 16:47

    Өкмөт башчыны бекитүү боюнча депуттардын жыйынан түз алып берүү. Видео

  • 16:43

    Sputnik Кыргызстан агенттигине резиденция жүргөн бир катар депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоорун жана "ал үчүн аягына  чейин турарын"  билдиришти. 

  • 16:25

    Жогорку Кеңештин депутаттары карай турган маселе

    Повестка дня заседания ЖК в госрезиденции Ала-Арча, где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • 16:25
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Депутаты ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • 16:24

     Депутаттар залга кирип орун алып жатат.

  • 16:24

    Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чогулду. Бүгүн жаңы өкмөттүн курамын бекитишет.

live
Депутаттар жаңы премьерди тандап жатышат. Резиденциядан онлайн-репортаж
+
1437
Белгилер:
депутат, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)
Тема боюнча
Бишкектеги коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин созулат