Киши шайлоо участогында. Архив

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

571
(жаңыланган 18:57 22.10.2020)
Жыйында баяндама жасаган Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жыйында баяндама жасаган Алтынбек Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Анын арасына "шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотуу" демилгеси да кирбей калды.

Сулайманов кийинчерээк аны өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келерин белгиледи.

Мындан улам үч сунуш калтырылды. Алар төмөнкүлөр:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат.

Эми бул мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

571
Белгилер:
колдоо, өзгөртүүлөр, мыйзам, шайлоо, Алтынбек Сулайманов
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо (25)
Тема боюнча
ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

64
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

64
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

189
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

189
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады