Коронавирустан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу айтылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАял кулпунай сатып алуу учурунда. Архив
Аял кулпунай сатып алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер мурундун ичиндеги нервдин учтарын калыбына келтирүү үчүн дары-дармек, витамин жана процедураларды сунуштаган. Ошондой эле туура тамактануу тууралуу айтып берген.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиялык дарыгер-отоларинголог Абдулло Ходжаев коронавирус инфекциясынан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

Бул үчүн адис мурундун ичиндеги нерв учтарына абанын жетип турушун камсыздоо керектигин айткан.

"Кан тамырларды ичкертүүгө жардам берген препараттарды, тамчылатмаларды колдонуп, мурун көңдөйүн жууп туруу керек. Деңиз тузунун аралашмасын үйдөн деле жасаса болот. Ошондой эле бөлмөдө абанын нымдашып турганы дагы жардам берет", — деген адис.

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

Ошондой эле Ходжаев нерв клеткаларын калыбына келтирүү үчүн В тобундагы витаминдерди жана поливитаминдерди ичүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары. туура тамактанып, сууну көп ичип, никотин менен алкоголдон баш тартуу зарылдыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0