Киши башын кармап турат. Архив

Баш тынбай ооруйт. Онколог мээдеги рактын алгачкы белгилерин атады

208
Адистин айтымында, оору алгач эч кандай белги бербей башталып, аны аныктоо өтө кыйын болот. Бара-бара адамды чарчатып, баш, жүрөк айлана баштайт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиялык онколог-хирург, медицина илимдеринин кандидаты Михаил Мяснянкин телеканалдардын бирине маек берип жатып, мээде рагынын алгачкы белгилерин санап өттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, оору алгач эч кандай белги бербегендиктен, аны аныктоо өтө кыйын. Кийин бара-бара адамды чарчатып, баш, жүрөк айлана баштайт. Кээ бир учурда эстен тандырып, тарамышты тырыштырат. Көрүү менен угуу да начарлайт.

"Мээде шишик пайда болгондогу эң кеңири жайылган белги — бул баш оору. Мээ рагына кабылган адамдын башы тынбай ооруп калат", — деди Мяснянкин.

Онколог белгилегендей, оору денени туура алып жүрүүнү көзөмөлдөгөн органга таасирин тийгизет. Жыйынтыгында адам сүйлөгөндө айрым тамга же сөз айкаштарын туура эмес айтып калат.

"Эгер бейтапта ушул сыяктуу белгилердин бири байкалган болсо, эртерээк тиешелүү адистерге көрүнүшү керек", — деди ал.

Адис мээде шишиктин пайда болушун генетикалык себеп менен байланыштырды. Башкача айтканда, бул оору тукум кууйт. Мындан сырткары, башка шишиктер метастаза бергенде мээ көп травма алып, чайкалганда да шишик пайда боло турганын айтты.

208
Белгилер:
онкология, белги, шишик, мээ, рак, оору
Тема боюнча
Ракты чакырган эки азык. Дарыгер аларды аз колдонууну сунуштоодо
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

ӨКМ жолдордо жылынуучу пунктуларды уюштурду. Сүрөт

12
Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдар, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.

12
Белгилер:
жол, кар, чукул кырдаал, ӨКМ
Тема боюнча
Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

371
(жаңыланган 16:34 28.11.2020)
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

371
Белгилер:
милиция, маршрутка, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Талкаланып кеткен... Бишкек – Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады