Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы

Токмокто социалдык стационардын 70 орундуу жаңы имараты ачылды

73
70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

  • Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду
    Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду
    © Фото / пресс-служба Министерства труда и социального развития КР
  • Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин Ас-Сафа борбору кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган
    Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган
    © Фото / пресс-служба Министерства труда и социального развития КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Министерства труда и социального развития КР
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду

Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган.

Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырган.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.

Бүгүнкү күндө мекемеде 207 майыптыгы бар адам жашайт.

73
Белгилер:
ачылыш, мекеме, стационар, Токмок
Тема боюнча
104 жаштагы байбиче паспортун алмаштырды. Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылды
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

14
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

14
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи-вице-премьер Артем Новиков

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Новиков Нарынга барат

42
(жаңыланган 17:59 04.12.2020)
Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Нарындагы бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи-вице-премьер Артем Новиков эртең, 5-декабрда, Нарынга иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жумушчу сапардын алкагында Новиков "Торугарт" көзөмөл өткөрүү бекетинин иши менен таанышат. Ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушун көрөт.

42
Белгилер:
Нарын, премьер-министр, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди