Президент Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Ысык-Көлгө казино ачуу демилгесин колдой турганын айтты

1132
(жаңыланган 15:09 21.04.2021)
Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлгө кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгы боюнча жеке пикирин жарыялады.

"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн эмес, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы кара пиар жасап жатышат", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттарга карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып чыкты.

1132
Белгилер:
казино, демилге, Ысык-Көл, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу
ЖКда Ысык-Көлгө казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоору каралууда
Головной суу бөлүштүрүүсү

Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

17
(жаңыланган 22:07 06.05.2021)
Садыр Жапаров Баткен облусуна барып, чек арадагы жаңжалда жабыркаган эл менен жолукту. Ошондой эле зыянга учураган объектилерди көрдү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров во время выступления на военном полигоне Бужум в Баткенской области. 06 мая 2021 года
    Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военный полигон Бужум в Баткенской области во время визита президента КР. 06 мая 2021 года
    Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды

Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

“Мамлекет башчы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

17
Белгилер:
модернизациялоо, Садыр Жапаров, "Головной" суу бөлүштүрүүчү, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

10
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

10
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө