Чек ара жаңжалы. Кыргызстан менен Тажикстандын премьерлери жолугат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Учурда өкмөт башчы Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда. Ал жакка тажикстандык кесиптеши да барган.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен эки тараптуу жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу Казань шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны бүткөндөн кийин болот. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болсо, Расулзода болсо отурумга конок катары чакырылган.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат. 

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Автомат Калашников. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара кызматы: Тажикстан Кыргызстандын үч заставасы менен эки постун аткылады
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 16 кыргызстандык жаракат алып, бири оор абалда жатат. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0