Башкы прокуратурасы эмблемасы. Архив

Тынчтыкка каршы кылмыш. Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча иш козгоду

725
(жаңыланган 02:01 30.04.2021)
Башкы көзөмөл органы тажик тарап эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, согуш аракеттерин жүргүздү деп билдирди.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында ок атууну толугу менен токтотуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынды.

Акыркы маалымат боюнча, окуядан 84 киши жаракат алып, үч киши көз жумду.

Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

725
Белгилер:
иликтөө, кылмыш иши, Аскер, Башкы прокуратура, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (252)
Тема боюнча
Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош эл. Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасады
Чек арадагы чырдан үч киши көз жумду, бири 13 жашар кыз
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

92
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

92
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Автоунаанын маңдайы бүктөлүп калган. Бишкектеги жол кырсыгынын видеосу

198
(жаңыланган 21:22 13.05.2021)
Автокырсык бүгүн Бишкек калаасындагы Профсоюз көчөсүндө болгон. Бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилгендигин айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа жогорку чыңалуудагы электр зымдары тартылган ири түркүктү сүзүп, маңдай жагы бүктөлүп калган.

Кырсыктын видеосу "Короче" тelegram-каналына жарыяланды.

Окуя бүгүн болжол менен саат 19:00дө Профсоюз көчөсүндө болгон. Күбө болгондордун айтымында, бир киши жаракат алып, аны Тез жардам кызматы ооруканага жеткирген.

198
Белгилер:
автоунаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Айтикул уулу: биринчи кварталда Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды