Чек ара аймагында оодарылып жаткан тез жардам унаасы

Чек ара аймагында КР номери тагылган тез жардам унаасы оодарылып жатат. Сүрөт

356
(жаңыланган 18:36 30.04.2021)
Буга чейин Көк-Таш айылына кеткен жолдо аткыланган унаалар табылган. Бийлик бул боюнча расмий маалымат бере элек.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы оодарылып жаткан Тез жардам кызматынын унаасынын сүрөтүн жиберди.

  • Перевернутая машина скорой помощи в Баткенской области на границе с Таджикистаном
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы оодарылып жаткан Тез жардам кызматынын унаасынын сүрөтүн жиберди
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Перевернутая машина скорой помощи в Баткенской области на границе с Таджикистаном
    Автоунаа Баткен облусундагы Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 2
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы оодарылып жаткан Тез жардам кызматынын унаасынын сүрөтүн жиберди

Автоунаа Баткен облусундагы Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жатат. Ага Кыргызстандын номери тагылып турганын көрүүгө болот.

2020-жылдын декабрь айында "Соболь" үлгүсүндөгү 37 машина алынган. Анын төртөө Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин Көк-Таш айылына кеткен жолдо аткыланган унаалар табылган.

Бийлик бул боюнча расмий маалымат бере элек.

356
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (261)
Тема боюнча
Чукул кабар! Чек ара чырынан каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти
Ок аткандар жок, жолдорду ачуу сүйлөшүлдү. Баткендеги соңку кырдаал
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

6
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

6
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

52
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

52
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу