1-июндан тарта YouTube каналында жаңы шарттар коюлат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүYouTube тиркемеси. Архив
YouTube тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Жаңы шарттарга ылайык, АКШдан башка жакта жашаган бардык авторлордун кирешеси үчүн акы төлөнүп, Американын мыйзамына ылайык салык салынмакчы.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. YouTube видеохостинги 1-июндан тарта бардык видеолорго жарнама коё баштайт. Бул тууралуу РИА Новости компаниянын сайтына шилтеме берип кабарлады.
Билдирмеге ылайык, азыркы тапта жарнамалар өнөктөштүк программасына кошулган каналдардагы видеолорго коюлат. Ага катышуу үчүн эки шартты аткаруу керек. Биринчи шарт — катталуучулардын саны миңден аз болбошу керек, экинчиси — видео бир жыл ичинде 4000 саат көрүлүшү лаазым. Мындан кем болбошу керектиги баса белгиленген.
Инженер-программист Болот Калил уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Ат-Башыда жүрүп Англияда IT-компания ачкан Болот. Программист менен маек
Дагы бир жаңылык, АКШдан башка жакта жашаган бардык авторлордун кирешеси үчүн акы төлөнүп, Американын мыйзамына ылайык салык салынмакчы.
Каражатты чогултуу үчүн ИНН (ыйгарылган жеке номери), юридикалык жактын аты жана каналдын аталышын көрсөтүү зарыл. Эгер айтылган нерселерди көрсөтпөсө хостинг кирешенин 24 пайызын кармап калышы ыктымал экендиги маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0