Кыргызстан желектери. Архив

Олимпиада ачылышында КРдин туусун эки спортчу көтөрүп чыкмай болду. Себеби  

1452
(жаңыланган 21:20 21.07.2021)
Буга чейин тууну Каныкей Кубанычбекова гана алып өтөрү айтылган. Кийинчерээк Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Токио Олимпиадасына Кыргызстандан барчу спортчулар. Архив
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Буга чейин тууну ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова гана алып өтөрү айтылган. Бирок кийинчерээк Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин (Токио Олимпиадасынан баштап) тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечим кабыл алганы айтылат.  

Мурда парадда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон. Бирок күрөшчүлөр жерине ачылыштан кийин барары белгилүү болгон соң, бул вазыйпа башка спортчуларга өткөрүлгөн.  

Олимпиада оюндарынын ачылышы 23-июлда болот.

1452
Белгилер:
Денис Петрашов, Каныкей Кубанычбекова, туу, ачылыш, Кыргызстан, олимпиада, Токио
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (120)
Тема боюнча
Олимпиаданы COVID-19дан улам токтотушабы? Уюштуруучулардын жообу
Токио-2020 Олимпиадасы софтбол мелдеши менен башталды
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

300
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

300
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео
Көчөдө бараткан кыз. Архив

Милиция Бишкекте эки апта мурда жоголгон өспүрүм кызды тапты

22
(жаңыланган 23:56 30.07.2021)
16 жаштагы кыздын жоголуп кеткендиги боюнча милицияга анын апасы билдирген. Ал 17-июлда түнү жумуштан чыккан бойдон үйүнө келген эмес.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте эки апта мурда жоголгон Каролина Бааль аттуу өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу баш калаанын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 27-июлда К.Н. аттуу бишкектик айым 16 жашар кызынын жоголгонун билдирип, аны табууга жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, кызы 17-июлда Сыдыгалиев көчөсүндөгү даректен жумушунан түнкү саат 00:00дө чыккан бойдон үйгө кайтып келген эмес.

Бул факты Ленин райондук милициясындагы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иши башталган.

"Бүгүн, 30-июлда, 19:00дөр чамасында Ленин райондук милициясынын жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Д. Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде ал кызды тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип сакчылары жашы жете элек балдардын коопсуздугу үчүн алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

22
Белгилер:
Бишкек, өспүрүм, кыз, издөө, милиция
Тема боюнча
Баткен: милиция издеп жаткан өспүрүм бир туугандар табылды