"Учтук!": космоско "Чакырык" тууралуу эмне билебиз?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАктриса Юлия Пересильд, космонавт Антон Шкаплеров жана режиссер Клим Шипенко космоско учаар алдында
Актриса Юлия Пересильд, космонавт Антон Шкаплеров жана режиссер Клим Шипенко космоско учаар алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Россиялык киночулар голливуддук кесиптештеринен алдыга озуп, космоско алгачкылардан болуп аттанмак болушту. "Аткарылгыс вазыйпа" тасмасын тартууга белсенген Том Круз жана режиссер Даг Лайман экинчи сапка жылчудай.
Актёрлор центрифуга, барокамера, тыгыздык, жеңилге турбаган машыгуулардан өтүп, эми космостогу салмаксыздык шартында иштөөгө даяр. Ракетанын стартын утурлай чыгармачыл топтун кадамдарына Анна Нехаева баам салган. Өзгөчө тасма тууралуу анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Актриса космоско аттанып кетти. "Чакырык" тасмасынын башкы ролундагы Юлия Пересильд бул жаатта алгачкы карлыгачтардан.
© POOL / Медиабанкка өтүү"Чакырык" тасмасынын космоско аттанган тартуу тобу
Старт ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Чакырык" тасмасынын космоско аттанган тартуу тобу
"Артист назик, сезимтал, ачык болушу абзел, — деп ойлорунан бөлүшөт Юлия. — Ал эми космонавттар, тескерисинче, абдан тыкан, көңүлү бир жерге топтолушу шарт. Буларды кантип айкалыштыра аларыбызды көрө жатарбыз. Азыркы тапта актриса же космонавт катары эмес бөтөнчө бир кереметти гана күткөн адаммын".
Байконур станциясынан тарыхта биринчи ирет "Союз МС-19" кемеси менен "киноэкипаж" космоско сапар алды.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүБайконур станциясынан тарыхта биринчи ирет "Союз МС-19" кемеси менен "киноэкипаж" космоско сапар алды
Старт ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Байконур станциясынан тарыхта биринчи ирет "Союз МС-19" кемеси менен "киноэкипаж" космоско сапар алды
"Чакырык" — бул илимий-агартуучулук долбоор. Азырынча фильмдин сюжетинин чоо-жайы жашыруун сыр. Болгону учушка бир ай камынып, эл аралык космостук станцияга аттана турган врач кыз тууралуу драмалык тасма экени гана белгилүү. Космосто ал экипаждын бир мүчөсүнүн өмүрүн сактап калат. Долбоордун купуялуулугу көпчүлүктү оңтойсуз кылууда.
"Сценарийден Учуштарды көзөмөлдөө борборунун адистери да кабардар эмес. Эгер аталган борбордун пландоочулары жана операторлору, медициналык камсыздоо топтору эмне болорун түшүнбөстөн, убагында гана аракет эте алышса, туура болбой калат. Бул экипаждын ишинин майнаптуулугуна да, коопсуздугуна да таасир этет", — деп белгилейт космоско үч ирет барган, 1-класстагы инструктор-космонавт-сыноочу, Россия илимдер академиясынын Медициналык-биологиялык маселелер институтунун директорунун орун басары Олег Котов.
Жол — долбоордун катышуучуларын даярдоонун маанилүү бөлүгү. Юлия Пересильд коопсуздук үчүн команданын дублёрлору менен "киноэкипаж" ар башка автобустарда жүрөрүн да айтып берди.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Чакырык" тасмасынын башкы ролундагы Юлия Пересильд бул жаатта алгачкы карлыгачтардан
Подготовка к старту ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Чакырык" тасмасынын башкы ролундагы Юлия Пересильд бул жаатта алгачкы карлыгачтардан
"Төөлөрдүн үйүрүн көп кезиктиребиз. Болгондо да алар ар кандай порода, ар бөлөк түстө десеңиз. Ортого чыгып алып бизге жол бергилери жок. Кээде биз иштин көптүгүнөн, чарчаганыбыздан автобуста үргүлөп кетебиз. Бирок бош боло калсак, жол жүрүп баратып деле тасмага даярданабыз", — дейт фильм тартуудан алган таасирлеринен бөлүшкөн актриса.
Жылдыз калаасы космоско уча тургандарды тандоо жайына айланган. Долбоорго катышууну каалагандар Космонавттарды даярдоо борборунда бир нече саат отурушту.
Сыноолор оңой-олтоң болгон жок. Оториноларинголог, офтальмологдордун текшерүүсүнөн сырткары башкы ролго тандоого катышкандар (Пересильдден башка актрисалардан Софья Аржаковская, Алена Мордовина жана учкуч Галина Каирова да бар эле) центрифугада, барокамерада болуп, өздөрүн үзгүлтүксүз ыкчамдыкта сынап көрүштү. Ошондой эле сууда да ар кыл элементтерди аткарып, кургактагы машыгууларга да катышууга аргасыз болушту.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКлим Шипенко космоско учуп, фильм тартып келген биринчи режиссёр болмокчу. Бул тема ага жаңылык эмес.
Подготовка к старту ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Клим Шипенко космоско учуп, фильм тартып келген биринчи режиссёр болмокчу. Бул тема ага жаңылык эмес.
Клим Шипенко космоско учуп, фильм тартып келген биринчи режиссёр болмокчу. Бул тема ага жаңылык эмес. 2017-жылы ал орбиталык станция туурасындагы "Салют-7" картинасын чыгарган. "Золотой орёл" сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Россия жана КМШ аймагындагы эң кирешелүү "Кул" ("Холоп") (үч миллиард рублден ашуун пайда тапкан) тасмасын тарткан.
Марс планетасынын жашоо шартын кайталаган база. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
NASA Марстагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издеп жатат. Видео
Экипаждын менюсунда ар кыл, үч маал жана ортодо шам-шум этип алчу даамдар бар. "Киноэкипаждыкы" да алардыкынан айырмаланбайт: баары стандарттык тамактар. Бул жагынан бардык маалыматтарды Россия илимдер академиясынын Медициналык-биологиялык маселелер институтунун азыктануу бөлүмүнүн башчысы Александр Агуреевден тыңдоого болот. Ал эми ракетаны учурар алдында "жаңы" учкучтарга шампан беришкени жөн гана салтанаттын шаңы үчүн экенин эске алган оң.
Ыңгайсыздыктар экипаж үчүн кадыресе көрүнүш, уйку, өзүңө кам көрүү жана башка "жер бетиндеги" нерселер салмаксыздыкта чыныгы сыноого айланат эмеспи. Пересильд менен Шипенко дасыккан космонавттар космосто кантип жуунуп, кантип эс алуу боюнча кеңештерин бергенин жашырышпайт.
"Дубалга жөлөнбөй уктоо дегеле ыңгайсыз. Атайын уйку кабында бууга бышасың. Керээли-кечке өтө чаалыксаң да уйкуга сүңгүп кетиш кыйын. Кандайдыр басым жаратуу үчүн башың, бутуң менен таканчыктай өзүңө ылайыктуу абалды табууга аракет жасайсың", — деп айтып берди космонавт Олег Котов. Анан калса эл аралык космостук станцияда жарык өчүрүлбөйт, вентилятор жана иштеп турган жабдуулардын дабышын айтпаңыз.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭкипаждын менюсунда ар кыл, үч маал жана ортодо шам-шум этип алчу даамдар бар. "Киноэкипаждыкы" да алардыкынан айырмаланбайт: баары стандарттык тамактар.
Предстартовая п/к экипажа корабля Союз МС-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Экипаждын менюсунда ар кыл, үч маал жана ортодо шам-шум этип алчу даамдар бар. "Киноэкипаждыкы" да алардыкынан айырмаланбайт: баары стандарттык тамактар.
Команданы тандоо катаал эле болгон. Башкы аялдын ролу үчүн ачык сынак жарыяланып, финалга чыккан 20 актриса врачтык-эксперттик комиссия тарабынан (медициналык жана психологиялык талаптар, күч даярдыгы, кесипке жарамдуулук шайкештиги) текшерилген. Учуш комиссиясынан Пересильд жана анын дублёру Алена Мордовина, ал эми режиссёр Шипенко жана оператор Алексей Дудин бир нече айга созулган ыкчам даярдык курсунан ийгиликтүү өтүштү.
Россиялык эстраданын үлкөн жылдызы актрисаны колдоо иретинде Пересильдге кайрылуу да жолдоду. "Кымбаттуу Юлечка, бул ишке узактан бери камданып келесиң. Эгер көпкө түйшөлсөң, колуңдан баары келет. Канаттарды кең жайып, мурдагы өзүңдөн "учуп" чыгуу зарыл. Анан да ажайып планетабызга коңур күздөгү мээримиңден жөнөтүүнү унутпа. Биз сени күтөбүз. Кайра кайт!" — деген видеосунда Алла Пугачева.
Реабилитациядан "киноэкипаж" Жылдыз калаасында өтмөкчү. Эки апталык учуштан кийин бул сөзсүз керек. Дасыккан космонавттардын айтымында, кыска мөөнөттүү учуштардан соң организм адатта орточо жети күндө калыбына келет. Ошондон соң гана баарын үйлөрүнө жиберишет.
"Клим менин ролумду татаалдаштырып, сценарийди улам өзгөртүүдө. Кайра жаттап чыгам, мектепте жаттаган төрт саптар эмес, проза десеңиз. Актёрлукту өздөштүрбөгөн бизге кыйын эле болууда. Бирок аракет кылабыз", — дейт Эл аралык космостук станцияга башкы каарманды жеткирген космонавттын ролун ойногон кеменин капитаны Антон Шкаплеров.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЫңгайсыздыктар экипаж үчүн кадыресе көрүнүш, уйку, өзүңө кам көрүү жана башка "жер бетиндеги" нерселер салмаксыздыкта чыныгы сыноого айланат
Подготовка к старту ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ыңгайсыздыктар экипаж үчүн кадыресе көрүнүш, уйку, өзүңө кам көрүү жана башка "жер бетиндеги" нерселер салмаксыздыкта чыныгы сыноого айланат
"Космонавттар таанышкан соң сценарийди процесстин жүрүшүндө ылайыкташтырып жатабыз, — дейт Шипенко. — Калган актёрлорду космостук блокту аяктагандан кийин тандайбыз".
"Чакырык" тасмасында Сергей Бурунов, Владимир Машков, Татьяна Догилева да тартылмак. Ошондой эле тандоо сынагында Шипенко Полина Агуреева, Олег Новицкий жана Петр Дубровиндин ысымын да атап жаткан эле. Чындап эле алар да тасмага тартылып калары ажеп эмес.
Северное сияние в небе над Рованиеми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу
Туристтер космоско 2000-жылдын башында аттана башташкан. Алгач жолу итальян тектүү америкалык ишкер Дэннис Тито учканын эске салалы. Андан кийин ар кыл өлкөлөрдөн ишкерлер учкан. 2015-жылы ырчы Сары Брайтман космоско чыгары пландалган, бирок кийин өзү баш тарткан. Турист үчүн учушка даярдыктын акысы да кыйла кымбат. Бирок ага карабастан саякаттын бул түрүнө кызыккандар, аттанууну каалагандар арбын. Эми минтип кино актрисасы жана режиссёр аттанып турат.
"Киноэкипаж" космостогу салмаксыздык ырахатын татууга үлгүрдү. Юлия Пересильд кокус көңүлүбүз айнып калса деп кагаз баштыктардан жанына көп алышканын, бирок ага зарылдык болбогонун жашырбайт. "Салмаксыздыкка бир гана ирет барганыбызга өкүнүп калдык", — дейт актриса.
Космоско учуш француз, англис, испан жана орус тилдеринде түз алып көрсөтүлөт. Анан да бул көрүнүшкө дүйнөнүн каалаган бурчунан күбө боло аласыздар.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПодготовка к старту ТПК "Союз МС-19" со съемочной группой фильма "Вызов"
Подготовка к старту ТПК Союз МС-19 со съемочной группой фильма Вызов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Подготовка к старту ТПК "Союз МС-19" со съемочной группой фильма "Вызов"
Долбоордун цифралары кыйла жогору. "Киноэкипаж" космосто 12 күн өткөрөт. Кайра 17-октябрда кайтышмакчы. Шипенко орточо 35-40 мүнөттүк тасма материалы соңку монтажга кирерине үмүттөнөт. "Космосто космос болушунча көбүрөөк тартылса экен" дейт.
Түз эфирде көрсөтүлөт. Байкоңурдан киноэкипажы менен "Союз МС-19" транспорттук сынамык кемесинин старт алышы Россиянын Биринчи каналынын сайтында жана социалдык медиадагы баракчаларында, ошондой эле Start онлайн-платформасында жана "Москино Космос" кинотеатрынан онлайн көрсөтүлөт. Берүүнү Владимир Познер алып барып, космонавт Александр Мисуркин түшүндүрөт.
"МЕН ДАГЫ БАРСАМ..." КӨПЧҮЛҮККӨ УШУНДАЙ ОЙ КЕЛСЕ КЕРЕК. КОСМОСТУК КЕМЕНИН ИЛЛЮМИНАТОРУНАН КӨЗ САЛУУНУ КИМ КЫЯЛДАНБАЙТ? КУЛАГЫҢЫЗДАРГА КҮМҮШ СЫРГА, ЭМИ КОСМОСТУК ТУРИСТ БОЛУУ ДА АТКАРЫЛГЫС ТИЛЕК ЭМЕС.
Жаңылыктар түрмөгү
0