Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова

Чексиз кубаныч! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду. Видео

5276
(жаңыланган 09:30 08.10.2021)
Кыргызстандык спортчу дүйнө чемпионун аныктай турчу кармашта япониялык балбан Рин Мьядзи менен кез келди.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын борбору Ослодо өтүп жаткан чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында япониялык атаандашын утуп, чемпион болду. Беттеш түз эфирден көрсөтүлдү.

Мээрим Рин Мьядзини бир колдоп буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. 

Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.

5276
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, дүйнө чемпионаты, чемпион, жеңиш
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Капшыра кармап айласын кетирди! Айпери Медет кызы коло байге уткан видео
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

68
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

68
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт
Бишкекте өткөн Орто Азия романсиадасы аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

46
(жаңыланган 22:47 22.10.2021)
Сынактын жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды. Мында өлкө намысын Саёра Мухамедова коргомой болду.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

  • Награждение победителей  V среднеазиатской романсиады в Бишкеке
    Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Артист во время выступления на V среднеазиатской романсиаде в Бишкеке
    Сынакка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашуун аткаруучу катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Награждение победителей  V среднеазиатской романсиады в Бишкеке
    Жеңүүчүлөрдү бир нече номинация боюнча РФ эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Артистка во время выступления на V среднеазиатской романсиаде в Бишкеке
    Конкурстун жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Артист во время выступления на V среднеазиатской романсиаде в Бишкеке
    Бул сынакта өлкө намысын "Романс без границ" номинациясы боюнча жеңүүчү аталган Саёра Мухамедова коргомой болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Артистка во время выступления на V среднеазиатской романсиаде в Бишкеке
    Жеңүүчүнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко сыйлаган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Награждение победителей  V среднеазиатской романсиады в Бишкеке
    Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" аттуу IV эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Сынакка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашуун аткаруучу катышты.

Гран-прини Казакстандын Павлодар шаарынан келген Амина Рахимжанова жеңди. Ал бул сынакка биринчи жолу эки жыл мурун катышкан.

Конкурстун эң жаш катышуучусу жети жаштагы Риана Мамедова Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун белегин алды. Аны агенттиктин жетекчиси Елена Череменина берди. Ошондой эле бардык катышуучуларга Sputnik Кыргызстан агенттигинин тематикалык календары тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдү бир нече номинация боюнча РФ эмгек сиңирген артисти, Москва "Романстар үйүнүн" директору, профессор Галина Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандады. Конкурстун жеңүүчүлөрү 5-декабрда Москвада боло турчу "Романсиадалар" финалына жолдомо алды. Бул сынакта өлкө намысын "Романс без границ" номинациясы боюнча жеңүүчү аталган Саёра Мухамедова коргомой болду.

Жеңүүчүнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко сыйлаган.

Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурду.

46
Белгилер:
Кыргызстан, сынак, жеңүүчү, романсиада