Умбеталиев: КРде электр энергия болгон таңкыстык 3 жылга дейре созулат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭлектр чубалгысы
Электр чубалгысы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан электр энергиясынын таңкыстыгын 2018-жылдары гана чечет.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстандын электр энергияга болгон таңкыстыгы 3 жылга чейин созулушу ыктымалдыгын энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев биздин кабарчыга билдирди.

"Учурда Токтогул суу сактагычындагы 4 миллиард 200 миллион куб метр суу аз. Бул көлөм өлкөнү жетиштүү деңгээлде электр энергия менен камсыздоого жетпейт. Алдыдагы 3 жылда биз 16-17 миллиард куб метр сууну топтошубуз күмөн", — деди Умбеталиев.

Кийинки жылдары мындай таңкыстык болбошу үчүн биз ГЭСтерди жана энергетикалык борборлорду куруу зарылдыгы байма-бай айтылып келет.

"Учурдагы таңкыстыкты жабуу үчүн өкмөт Казакстандан, Түрмөнстандан, Россиядан электр энергиясын алабыз деп атат. Казакстан менен келишим түздүк дегени менен Россия, Түркмөнстандан кышында электр энергиясын ала албайбыз. Себеби, Түркмөнстан мамлекети Иран, Пакистан жана Түркия менен бирдиктүү долбоорду иштеп чыгууда. Алар аны бузгусу келбейт.

Россиядан келе турчу электр энергиясы Казакстан аркылуу транзит менен келет. Казакстандын энергетика системасы кышында өздөрүндө эле чыңалуу менен иштейт. Алар Россиядан келген электр энергиясын транзит аркылуу өздөрүнүн линиялары аркылуу бере албайт. Бул мамлекеттерден жайкысын гана электр энергиясын ала алабыз", — деди Умбеталиев.

Кыргызстандыктар быйылкы кышты кыйналып өткөрө тургандыгы баарына маалым болуп калды. Өкмөттүн эми милдети өлкөнү энергетикалык каатчылыктан алып чыгып, келерки жылдагы даярдыкка олуттуу карашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0