Депутат фракции Ар-Намыс, Каныбек Осмоналиев

Депутат Осмоналиев: мага тагылган айыптар негизсиз

41
(жаңыланган 17:17 09.12.2014)
Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев тагылып жаткан айыпка макул эместигин жана өзүнүн актыгын далилдегенге аракет кыларын айтты.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев өзүнө тагылган айыпты негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. 

"Мени студенттерди окууга өткөрөм деп, алардын ата-энесинен пара алды деген бул болбогон кеп. Андай нерсе болгон да эмес. Менин ошол айтылып жаткан миңдеген долларды алгандыгыма далилдер бар бекен? Мен башка илимпоздордой эле жупуну жашаган кишимин. Күнөөсүз экендигимди далилдегенге аракет кылам",— деп билдирди Осмоналиев. 

Каныбек Осмоналиевге кечээ Башкы прокуратура Кылмыш Кодексинин эки беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 


41
Афганистан өкмөтүнүн аскерлери

Афганистандын чек араларына жакын үч тараптуу машыгуулар өтөт. Максаты эмне?

121
(жаңыланган 01:36 04.08.2021)
Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия Афганистан менен коңшулук алака түзүүгө ниеткер. Анткен менен афган жергесиндеги ондогон террордук топту унуткарышпайт.

Россия жана Өзбекстандын аскердик күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары кечээ, 2-августта, Афганистан менен чектешкен жердеги Термез өзбек тоо полигонунда башталды.

Күчтөрдүн тобу кургактагы күчтөрдү, сокку уруучу авиация, чалгындоо жана бута көрсөткүчтөрүнүн заманбап тутумдарын колдонуу менен коргоо жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн камсыздоого машыгышат. Ага 1500дүн тегерегиндеги жоокер жана офицер, аскердик техниканын 200 бирдиги, ошондой эле Канттагы россиялык авиабазанын Су-25СМ чабуулчулары тартылган. Абадан сокку уруу менен учкучтар күчтөрдүн биргелешкен топторун колдойт.

ЖККУнун күчтөрү аракетте. Канттагы бириккен россиялык аскердик авиабазасы – Ыкчам аракет этүүчү жамааттык күчтөрдүн авиациялык компоненти. Ал РФтин Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун күчтүү 14-армиясынын курамына кирет.

Канттагы авиабаза ЖККУга мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле достук мамиледеги Өзбекстан аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздайт. Өзбекстандын 200 чакты аскер кызматкери 1-августта Тажикстандын Афганистан менен чек арасына жакын жайгашкан Харб-Майдон полигонуна келди. Бул жерде 5-10-август аралыгында Россия, Өзбекстан жана Тажикстан күчтөрүнүн экинчи жолку биргелешкен окуусу өтмөкчү.

Термез полигонунан аскердик бөлүктөр өз техникасы менен 200 чакырымдык марш жасашты. Машыгуулар районунда командалык пунктулар түзүлүп, ок позициялары жабдылган. Тажик чек арасындагы Харб-Майдон полигонунда окуулар Россия, Өзбекстан, Тажикстандын бириккен күч топторунун аскердик координациясынан башталат.

Негизги баскычта үч өлкөнүн аскер кызматкерлери мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу тактикасын машыгышат. Окуулардын бардык баскычтарында чалгындоо-ок атуучу жана чалгындоо-сокку уруучу комплекстерди пайдалануу менен тактикалык аракеттер каралган. Термез жана Харб-Майдон полигондорундагы чек ара машыгуулары Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын эки республиканын территориясындагы болжолдуу душманды талкалоо боюнча бирдиктүү операцияларына акырындап интеграцияланат. Баш-аягы 2500 аскер кызматкери, 500 курал жана техника бирдиги тартылат.

Мында бир кылдат саясий учурду эске алуу кажет – Өзбекстан ЖККУнун курамына кирбейт, бирок анын биргелешкен аскердик окууларга катышуусу Ташкент чөлкөмдөгү коопсуздуктун бирдиктүү тутумун түзүүнүн жалпы түйшүгүн жана чыгымдарын бөлүшө турганын тастыктайт.

Россиянын позициясы

Афганистан менен чектешкен жерде россиялык аскердик контингенттин өзөгүн Тажикстандагы 201-аскердик базанын күчтөрү жана атайын багыттагы бөлүктөр түзөт. РФ Борбордук аскердик округдун күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Александр Лапин коюлган милдеттерди аткаруу үчүн россиялык контингентти 1 800 кишиге жана аскердик техниканын бирдигин 420га көбөйтүүнү чечкен. Башкача айтканда, Тажикстан Республикасынын территориясындагы биргелешкен окууда россиялык техниканын саны эки эсеге жогорулатылды.

Жарандык согушка баш-оту менен кирген талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө басып кирүүнү пландабаган өңдүү, ошентсе да ЖККУга мүчө-мамлекеттердин чек араларындагы кырдаал татаал.

Июлдун башында "Талибан"* Афганистандын беш өлкө менен, атап айтсак, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан жана Кашмир (Индия, Кытай Эл Республикасы жана Пакистандын ортосунда талаштуу) территориясы менен чек араларды көзөмөлгө алган.

Москва Афганистандагы бийликтин талибдер тарабынан толук басып алышын реалдуу деп эсептебегени менен андай жагдайга да даяр. Бул тууралуу жакында РФ президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия экинчи департаментинин директору Замир Кабулов билдирди.

Афганистан менен 1 344 чакырым аралык чектешкен Тажикстан Республикасынын коопсуздугу көбүрөөк кооптондурат. Россия "Талибан"* баш болгон террордук топтордун бардыгын "жихад" Афганистандын чегинен чыга турган болсо, союздаштарын коргоого даяр экендиги жөнүндө расмий түрдө эскерткен.

Зарыл болсо россиялык 201-аскердик база ыкчам түрдө Тажикстанга жардамдашат. Мында бүтүндөй Борбордук аскердик округду күчтөндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, аскердик дараметин көңүлгө түйгөн дурус.

Афганистандагы кырдаал курчугандан бери 201-аскердик база кыйла бекемделди. Бригадалык штаттан дивизиялыкка өткөрүп, жаңы аскердик техника менен жабдылды. Мисалы, 2018-жылдан тарта мото аткычтар пехотанын БМП-2М заманбапташтырылган аскердик машиналарын алат. Ал акыркы үлгүдөгү аскердик "Бережок" модулу менен жабдылган, бул ага күнү-түнү талыкпай согушууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, Гиссар аэродромунда 201-аскердик базанын авиатобу кайра түзүлгөн. Анын карамагында сокку уруучу Ми-24 жана көп буталуу Ми-8МТВ5-1 тик учактары бар. Винттик-канаттуу машиналар Афганистан менен чектеш тоолуу райондордо күзөтүүгө катышат.

Россиялык чек арачылар тажик-афган чек араларын коргоо тартылбайт, бирок Тажикстанга Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара боюнча кеңешчилер тобу көмөктөшүүдө. Мамлекеттик чек аралардын бекемдиги үчүн аскердик авиация маанилүү. Ошол себептен Пянж дайрасына жакын жердеги Гиссар аэродромуна россиялык Су-25 чабуулчулары жеткирилген. Алардын аркасында РФ Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун бүткүл 14-армиясынын карааны турат.

Military Watch журналы Россия Борбор Азиядагы аскердик ордун сактап, ал эми Су-25тин жайгаштырылышы РФтин коңшуларынын коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык күчтөргө кубаттуу сигнал экенин белгилеген. Аталган чабуул коюучу дүйнөдө абадан колдоонун жакынкы эң кубаттуу аянтчасы болуп саналат. Бул учак учурда ок жаңырган, кан күйгөн Афганистан, Сирия жана башка жерлердеги аракеттерде активдүү катышкан. Өзбекстан жана Тажикстандын аймагындагы биргелешкен активдүү окуулар түндүктө "орустардын күчү көп" деп, Афганистандын түштүгүнө оогон талибдерди бир топ опкоолжутса керек. Ошентип коңшу өлкөнүн ички иштерине түз кийлигишпестен Россия жана анын союздаштары Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн согуштук кооптуулук потенциалын төмөндөтүүдө.

Айыгышкыс салгылаш күчөп барат...

Афганистандын ар кайсы провинцияларында согуштук аракеттер уланууда. Айрыкча Нангархар, Пактия, Пактика, Логар, Кандагар, Герат, Фарьяб, Жаузжан, Балх, Саманган, Гильменд, Тахар, Кундуз, Баглан жана Каписада ырайымсыз салгылаш жүрүүдө. 1-августка караган түнү талибдер Кандагар аэропортун ракеталар менен аткылап, ошондон соң бардык авиакаттамдар токтотулду.

Гератта согушкерлер Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесине чабуул коюп, комплекстин кире беришин гранатомет жана пулеметтор менен аткылашкан. Өлгөндөр да бар. Афганистан Ислам Республикасынан чыгып кеткен Кошмо Штаттар 2-августта түштүктөгү Гильменд провинциясынан талибдерге абадан сокку урган. Бул афган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кейиштүү абалын айгинелейт.

Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани кечээ парламенттин чукул жыйынын чакырып, өкмөт улуттук коопсуздукту чыңдоо боюнча жаңы алты айлык планды аткарууга киришкенин жарыялады. Ага ылайык, армия стратегиялык объектилерди кайтарып, полиция калаалардагы коопсуздукту камсыздоо менен алектенет. Күч структуралары тарабынан кайтарылбаган мейкиндик талибдердин карамагында, мындай жагдайдан улам алдыда дагы көп салгылаш болуп, дагы далай курмандыктарды алышы ыктымал.

"Талибандын"* басма сөз катчысынын Twitter баракчасына (Дональд Трамптыкындай анын аккаунту бөгөттөлгөн эмес) аскердик-диний кыймылдын жоокерлеринин сүрөттөрү жарыяланган. Алардын жабдуусу жана куралданышы америкалык атайын багыттагы аскерлерден кем калышпайт. Ал ортодо АКШ кеткенден кийин афган куралдуу күчтөрүнүн келечеги куру дегенде эле ынанымдуу күйүүчү май ташуучулардын жоктугунан улам бүдөмүк абалда.

Афганистанды калыптандыруу боюнча атайын башкы инспектордун жаңы отчетуна таянсак, Пентагон акыркы 10 жылда афган күч структураларын күйүүчү май менен камсыздоого 3,74 млрд. доллар жумшаган. 2025-жылга дейре дагы 1,45 млрд. доллар сарптоо зарыл. Мында негизги көйгөй – логистика.

Афганистан жана Түркиянын аскердик мекемелеринин башчылары Бисмилла Хан Мохаммади жана Хулуси Акар 31-июль күнү телефон аркылуу Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоону талкуулашты. Демек, Кабулда түркиялык аскердик жайгашуу долбоору дале орчундуу бойдон деген бүтүм чыгарууга болот. Бензин жана дизелдик күйүүчү майды авиатанкерлер менен жеткирүү планы болушу мүмкүн, анткени провинциялардын көпчүлүгүндө жер бетиндеги транспорттук коммуникация талибдер тарабынан бөгөттөлгөн. НАТОнун аскердик инструкторлору атайын багыттагы афган аскерлерин Түркияда окутууну колго алды. Ага катар эле 200 афган котормочу-коллаборационисттеринин биринчи тобу АКШга, тагыраак, Виржиния штатындагы Форт-Ли базасына көчүрүлдү.

Эске салсак, америкалык иммиграциялык визага 20 миңге чукул афгандык котормочу тапшырган. Ал эми талибдердин "ислам эмирлигинин" орто кылымдык караңгылыгына макул эмес Афганистандын калган жарандарынын тагдыры эмне болот?..

* – Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

121
Белгилер:
Афганистан, чек ара, машыгуу
Тема боюнча
Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат?
Швециялык активист Грета Тунберг. Архив

Грета Тунбергдин вазыйпасы аяктап, аны оюндан четтетишти

241
(жаңыланган 12:49 03.08.2021)
Батыш маалымат каражаттары адамзат узаган айдын аягында Жердин жылдык ресурстарын түгөтүп бүткөнүн жазып чыгышты. Казылган кендин баары августтун башынан декабрдын аягына дейре атмосферага чыгарылып, экологиялык карыз өндүрүлөт.

Адистердин эсебинде чек аралар, өлкөлөр жана континенттерге карабай адамзат керектөө жана өндүрүштүн азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн планетабыздын азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө дагы кошумча үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну абзел.

Экология темасында, албетте, Грета Тунбергди атабай коюуга болбос. Эсиңиздерде болсо, швециялык өспүрүм Грета климаттын өзгөрүшүнө каршы "окуучулук нааразылык акциясына" чыккан. Кесиптешибиз Елена Караеванын планетаны сактоо жаатындагы азыркы глобалдык саясатты талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Табият менен таттуу алакада болуу тууралуу насаатка СССРди көрүп калгандардын муктаждыгы жок. Дүйнөнүн "цивилизациялык ааламындагы" супермаркеттерде желим баштыктар пайдаланылып турганда совет өлкөлөрүндө дүкөнгө тор баштык менен барып (бүгүн ошол сумкалар моданын соңку жетишкендигине айланып, баасы маркасына жараша 80ден бир нече жүз еврого чейин), азык-түлүк пергаменттик кагазга оролуп, желим баштык чыкса ал көп жуулуп, кургатылып, башкача айтканда, көп жолу колдонулган.

Балдарды жашынан металлолом чогултууга көндүрүшкөн. Эски газета жана журналдарды да туш келди ыргытпастан кабыл алуучу жайларга алып барып, маселен, 20 килограммдык макулатуранын ордуна китеп алышкан. Айнек да, адатта сүт, айран куюлганы да, шарап жана сыра чыгарылган бөтөлкөлөр да өткөрүлгөн. Жашоонун мындай образы "жакырлыктан" эмес, жаратылыш ресурстарына карата аяр мамиледен улам терең ойлонуштурулган. Бул эми сөз кезеги келгендеги кеп.

Көмүр кычкыл газын азайтууну көздөгөн Киото протоколу иштей баштагандан бери парник газдарынын көлөмү көп деле азайбастан, биржалык сооданын өтө кирешелүү бөлүгүнө айланганы аныкталган. Анын чыгарылышына квота мунай, эгин, какао буурчагы жана башка биржалык товарлар (commodity) сымал эле товарга айланган.

"Планетаны коргоо үчүн күрөш" деген дүрбөлөңгө жамынып биржалар сөздүн түз маанисинде абаны сатышат. Мында пайдасын квотасы өтө көп жана квотасы абдан аз болгондорго ортомчулук кылган маклер жана брокерлер көрөт. Ал эми чоң суммадагы акча болгон жерде алдамчылык үчүн да мүмкүнчүлүк болуп көрбөгөндөй чоң эмеспи. Остап Бендердин урпактары, маселен, француз мамлекети "аба" соодасына кошумча нарк салыгын төлөбөй коюудан эле дээрлик эки миллиард евро тапкан. Бирок он жыл оболу али эч нерсе боло элек кез эле, каржылык глобалисттик чөйрөлөр чыныгы мөмөсүн азыр топтоого киришти.

Парижде өткөн климат боюнча конференция (2015-жыл) аяктаары менен жашыл бонд – облигацияларды жайгаштыруудан киреше алууга мүмкүндүк берген акча каражаттары түзүлгөн. Карыздар ири банктар же Европалык борбордук банк аркылуу кепилденет. Көлөмү — жылына ондогон миллиард евро. Анткен менен бул олчойгон сумма да күтүлбөгөн окуянын башаты гана. Чыныгы "оюн" үч жыл мурун коюлган, анда өспүрүм Грета Тунбергди "экологиянын Жанна д'Аркы" деп атап, Швеция парламентинде сөз сүйлөттүшкөн. Ошол 2018-жылдын жай мезгилинен бери анын сөздөрү, аракеттери алдыңкы маалымат агенттиктеринин "көзүнөн" түшкөн эмес. Ар жума күнү көрсөтүлгөн, баяндалган. Андай пиар спорттун да, саясаттын да, кинонун да жылдыздарына жасалган эмес.

Туура жарым жылдан соң Катовицада "климатты коргоо" боюнча кезектеги конференция өтөт. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларын жашыл рельстерге которуу чечимин кабыл алган (анын негизги жактоочусу Европа биримдиги, ал эми АКШ жана Россия өзгөчө пикирин билдиришкен). Андай ойдун наркы — жылына 100 миллиард евро.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир аз көмөктөшүп, бирок негизинен жашыл технологиялардын пайдасына рынокторду бөлүштүрүү үчүн бардык каржылык агымдарды европалык банк структураларына туташтырууну көздөшөт. Кеп мында акча агымдарынын даректеринин алмашышы жана жашыл революциянын демилгечилеринин курамын алмаштыруу туурасында. Албетте, бул каражаттардын баары текке кетет. Чакан жана орто бизнеске тийбейт. Экономиканы өбөлгөлөө боюнча Европа биримдиги тарабынан жарыяланып жана кабыл алынган пландын жарымы, ал эми бул дээрлик 740 миллиард евро — экологиялык демилгелерге бөлүнгөн каражат. Бирок аларды алуу шарттарына ылайык субвенциялар иш жүзүндө ири гана трансулуттук корпорацияларга багытталган.

Гретачы? Грета өз ролун аткарды, эми кете берсе болот. Тагыраак, аны оюндан четтетишти. "Экологиянын Жанна д'Аркынын" соңку билдирүүсү климаттын өзгөрүшү жана "уурдалган балалык" жөнүндө эмес, COVID-19га каршы вакцинанын "адилетсиз бөлүштүрүлүшү" туурасында жаңырганына күбөбүз. Глобалдык көз будамайлагандар менен бир столдо отурган соң адилеттүүлүктөн кеп салып болобу?

241
Белгилер:
Грета Тунберг, экономика, бизнес, саясат
Тема боюнча
"Байден, курал үчүн рахмат!". Афганистанда талибдерди ким колдоодо
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
ONE FC жылдызы Кямран Аббасов. Архив

Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатына ONE FC жылдызы Кямран Аббасов келди. Видео

0
(жаңыланган 21:51 04.08.2021)
Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов беделдүү болгон ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону. Чет мамлекетте жашап машыгып келет, мекенине чанда гана келип турат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтүп жаткан уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионатына ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ардактуу конок катары келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Эске салсак, Чолпон-Атада спорттун беш түрү: ММА, самбо, грэпплинг, тай бокс жана жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты болууда.

Бүгүн, 4-августта, спорттук иш-чаранын расмий түрдө ачылышы болду. Ардактуу коноктордун бири катары Кямран Аббасов чакырылган.

"Жалпыңыздарга салам! Биринчиден, турнирдин уюштуруучуларына алкыш. Жаштар — биздин болочок чемпиондорубуз. Спортчуларга ийгилик каалап, чыдамкай, эрктүү болгула демекчимин. Спорттогу ири жолдор ушундай мелдештерден башталат. Көз ачып жумгуча эле ири уюмдарда ат салышып каласыңар. Дагы бир ирет ийгилик, бардык жакшылыктарды каалайм", - деди Аббасов.

Турнирдин ачылышынан кийин чемпион менен сүрөткө түшөбүз дегендер көп болду, спортчу эч кимди көңүл кош калтырган жок.

Аббасов аталган уюмдун 2019-жылдын 25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн мелдешинде швециялык мушкер Себастьян Кадестанды утуп, чемпион болгон. 2020-жылы октябрда америкалык Жеймс Накашимини утуп, наамын коргоп калган.

Карьерасында 24 беттешти утуп, төрт мелдеште жеңилген.

0
Белгилер:
Чолпон-Ата, дүйнө чемпионаты, мушкер, видео, Кямран Аббасов
Тема боюнча
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт