Деньги в руках

Мигрант: Кыргызстанга салган акчаларыбыздын берекеси кетти

97
(жаңыланган 13:17 05.12.2014)
Россия аймагында иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары аталган өлкөдө рублдин баасынын түшүп кетиши алардын жашоосуна сезилээрлик таасирин тийгизип жаткандыгын айтышууда.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Москва шаарына барып иштеп жаткан мекендешибиз Салика Ибраимова Россияда рублдин арзандашы Кыргызстандан барган мигранттарды түйшөлтүп жаткандыгын биздин кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

"Россиянын башка шаарларын билбейм, бирок, Москвада рублдин арзандап кетиши Кыргызстандан келгендерди ойго салууда. Бул жакка акча табам, үй-бүлөмдү багам, материалдык абалымды оңдойм деп келгендердин көбүнүн көңүлү чөгүп жаткан кез", — деди Салика Ибраимова.

Салика рублдин куну качып, Кыргызстанга салган акчаларынын берекесиз болуп жаткандыгын айтып, бир айлык чыгымын да эсептеп берди. 

"Картина сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн айтсам, азыр мигранттарга Россияда жашоо үчүн патент киргизилген, анын баасы — 4000 рубль, бир кишиге жаткан жай, бизде "койка" деп коёт, ал — 5000 рубль, жол киреге 2000 рублдин тегерегинде кетет, андан сырткары тамак-аш жана кийимге жумшалат. Эгерде мигрант орточо эсеп менен 15 000 рубль алса, ал кара жанын бакканга эле кетүүдө. Ал эми үйгө акча салуу рубль арзандагандан бери кыял боюнча калууда. Кыргызстанга салган акчаларыбыздын куну качты. Мисалы, жакында 10 000 рубль салдым эле, үйдөгүлөр аны сомго айландырганда айырмасы дээрлик жок болуп калгандыгын айтышты", — деди ал.

Салика мындай жагдайдан кийин Москвадагы мигранттардын Кыргызстанга кайтам дегендердин толкуну пайда болгондугун, алар кыштан чыккандан кийин, жаз менен мекенине кайтуу ниетинде жүрүшкөндүгүн айтты. 

Бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллионго жакын кыргызстандык чет мамлекетте, алардын ичинен арбын бөлүгү Россияда иштеп жана жашап жүрөт.

97
Белгилер:
Салика Ибраимова, Россия
Тема:
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)
Тема боюнча
Рублдин кунунун түшүшү эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратты
Укук коргоочу 56 миң адамды мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө
ФК башчысы: ЕврАзЭШке киргенде Россияда иштөө оңой болот
Карабахтагы азербайджандык аскер Гадруттагы блокпостто. Архивдик сүрөт

Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?

182
(жаңыланган 12:19 29.11.2020)
Сириялык согушкер-көчмөндөр согуштан соңку Тоолуу Карабахтын чындыгы болуп калышы ыктымал. Тарыхта мындай көрүнүштөр болгон, маселен, Осмон империясынын тушунда сербиялык Косового албаниялыктар жайгашкан.

Түркия үчүн бул уюштурулган миграция – Түштүк Кавказда олуттуу жана узакка бекем орун алуунун кошумча мүмкүнчүлүгү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Түркиянын Карабахка карата жеке пландары тууралуу ой толгогон.

Тоолуу Карабахтагы куралдуу жаңжалга бир нече сириялык жалданма киши тартылган. Алар Түркиянын ортомчулугу менен согуштук аракеттер аймагына келип, Азербайжан тарапта иш алып барышты. Үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, согуш токтогондон бүгүнкү күнгө дейре турист-террорчулардын мекенге кайтышы тууралуу эч нерсе белгисиз. Сириялыктар өз бүлөлөрү менен Азербайжанга кайтарылган райондорго жайгашары толук ыктымал.

Sky News Arabia телеканалынын маалыматына таянсак, түрк өкмөтү Сириянын түндүк-чыгышынан туркоман (Осмон империясына чейинки Жакынкы Чыгышта отурукташкан түрктөрдүн тукумдары) үй-бүлөлөрдүн Тоолуу Карабахтын райондоруна аймактын демографиясын өзгөртүү үчүн көчүрүлүшүнө көмөкчү (аларга азербайжан жарандыгын берүүнү убада кылышкан) болот. Түркиянын мындай трансформацияда тажрыйбасы бар, атап айтканда, Сириянын түндүк-чыгышындагы түпкү калкынын 7ден аз пайызы жашаган Африн калаасында ушундай аракет жасалган.

Сириянын түндүк-чыгышынын Автономдук администрациясынын өкүлү Шафан аль-Хабури Sky News Arabia телеканалына берген маегинде Түркия өкмөтүнүн сириялык үй-бүлөлөрдү Тоолуу Карабах регионуна көчүрүү демилгеси боюнча маалыматты тастыктады. Ошону менен бирге эле Түркия жетекчилиги 1923-1929-жылдары Карабахтын аймагында баш калаасы Лачин "Кызыл Күрдстан Республикасы" болгонун унутпоосун баса белгиледи.

Бул долбоордо таң каларлык деле нерсе жок. Террорчулук тажрыйбасы бар бул туркомандар кыйла даярдыктан өткөн "аскердик контингент". Кайда жана кимге каршы болбосун аз акчага ыраазы болуп согуштук аракеттерге катыша беришет.

Ал эми Карабахтын мындай "кавказдык Косового" болжолдуу айланышы Анкарага бир тууган калкты каалаган убагында коргоп чыгууга мүмкүндүк берет. Түрк парламенти Азербайжанга күчтөрдү жөнөтүү маселесин жактырган. Анан да бул Түштүк Кавказга карата ири геосаясий оюндун башталышы гана. Ага Россия Федерациясында ишмердигине тыюу салынган "Жебхат ан-Нусра", "Фиркат Хамза", "Султан Мурад" жана бир катар экстремисттик күрд топтору катышып калышы да ажеп эмес.

Кавказдагы жаңы "жоокерлер"

Түркия тарап Азербайжанга жалданма согушкерлердин жөнөтүлгөнүн расмий түрдө төгүндөп, ондогон жылдар бою Түркия бийлигине каршы күрөшүп келе жаткан Күрдстандын Жумушчу партиясынын согушкерлери Арменияны колдоп жатканы тууралуу билдирет. Бакудагылар да Сирия жана Ливандан жалданма жоокерлер Армения тарапта болушу мүмкүн, бирок эми актуалдуулугу жоктугун белгилешет. Ансыз да кылдын учундагы тынчтык мезгилдин сынагынан өтүүдө. Баскан жолу шектүү жакынкы чыгыштык "колонисттерди" жөнөткөндүн ордуна, Карабах туңгуюгунан чыгуу үчүн дипломатиялык арга издөө зарыл.

Эске салсак, Латакия жана Алепподо 100 миңдин тегерегинде сириялык туркоман турат. Алар бир катар террордук уюмдар менен байланышта, көп жылдардан бери Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрү менен согушканы тыйыла элек. Түркия бийлиги туркомандардын куралдуу түзүмдөрүн колдоп келет.

Аfrinpost медиа-ресурсу 23-ноябрда түркиялык бийлик Сириянын түндүгүндөгү Африн күрд аймагынын борборуна эки кеңсе ачканын маалымдады. Ал кеңселерде Тоолуу Карабахка, тагыраагы, "азербайжан армиясы алган территорияга" көчүүнү каалаган үй-бүлөлөр каттоого алынары, эмитен эле туркоман үй-бүлөлөр, айрыкча, Хомс провинциясында жашагандар кезекке туруп калышканы кабарланат. Кыязы, алардын баарын шыктандыра алышкан өңдөнөт. Тоолуу Карабахка мигранттарды жөнөтүүдөн оболу түркиялык чалгын кызматы алар тууралуу маалыматтарды өз базасына киргизет.

"Ронаи" күрд маданиятынын азербайжан борборунун жетекчиси Фахраддин Пашаевдин санагында ушул тапта Азербайжанда 240 миң чакты күрд жашайт. Бирок Түркия Тоолуу Карабахка жакынкы чыгыштык күрддөрдү эмес, тек гана туркомандарды үй-бүлөлөрү менен көчүрүүгө ниеттенет. Мында армениялык калкты айтпай эле коелу, мындай кадам Азербайжанга пайда алып келеби?

1923-жылдагы эл каттоодо Тоолуу Карабах автономиялык облусунда армяндар 94%ды түзгөн, 6%ы гана негизинен азербайжан деп көрсөтүлгөн. Күрддөр жана орустар абдан азчылыктын катарында эле. Совет бийлигинин тушунда Карабахта армян калкынын саны 77 пайызга азайып, азербайжандар 21%дан ашуун эле. 1990-жылдын башындагы согуштун таасиринен демографиялык курамды тактоо кыйын болуп калган.

Армиянын күндөлүгү

Тоолуу Карабахтын армениялык бөлүгүндөгү тынчтык орнотуучулардын россиялык тобу согуштан кийинки турмушту жөнгө салууга болгон аракетин жумшоодо. Инженердик-сапердук бөлүктөр инженердик чалгындоо, жолдорду минадан арылтуу, жалпы колдонуудагы көчөлөрдөн өрттөнгөн техникаларды чыгарып жатышат.

Степанакертта жол кыймылы, жарандык инфраструктуранын социалдык объектилеринин жана турак үйлөрдү электр-суу менен камсыз кылуу калыбына келтирилди. Гуманитардык борбор иштеп, аэромобилдик госпиталь уюштурулган. Россиялык тынчтык орнотуучулар качкындарды ташыган автобустарды коштоп жүрүшөт. Бир нече миң жергиликтүү тургун үйлөрүнө кайтты.

9-ноябрда Азербайжан Республикасы, Россия Федерациясы жана Армениянын премьер-министри тарабынан кол коюлган үч тараптуу макулдашууга ылайык 25-ноябрда азербайжан армиясынын бөлүгү Келбажар районуна кирди. 20-ноябрда Бакунун көзөмөлүнө Агдам району өттү. Жакында, тагыраагы, 1-декабрда Лачин району өткөрүлөт. Россиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен Азербайжан тарапка аймактардын өткөрүлүшү 1992-жылдагы качкындарды дароо кайтарууну карабайт.

Карабахтын мындан аркы тагдыры көбүнесе Азербайжан Республикасынын армиясы жана аскердик-саясий жетекчилигинен көз каранды. Жети райондун жана армян "коопсуздук аймагы" аймагынын мынчалык элсиз жана кооптуу Азербайжан аймагына айланышы өтө эле жагымсыз. Жети районго сириялык туркомандарды жайгаштыруу ыктымалдыгы жок эмес. 28 жылдан кийин жаңы аймактарда отурукташып калган азербайжандык качкындарды кайра ордунан козгоп "тагдыры кандай болору белгисиз" жерге алып келүү да – абдан машакаттуу милдет. "Кол менен" бир калкты башкасы менен алмаштыруу ушундайча жүрүшү мүмкүн.

Мурда Азербайжан президенти Ильхам Алиев Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, ТИМ башчысы Мевлют Чавушолу, чалгын кызматынын жетекчиси Хакан Фидан жана кургактагы күчтөрдүн командачысы Умит Дүндар менен болгон жолугушуусунда жаңжалды чечүүдө Россия менен Түркиянын "тең укуктуу ролу" тууралуу билдирген.

Түрк аскердик кеңешчилер өлкөдө кеңири таанылган. Карабахтан обочо, бирок Армения менен чектешкен Нахичеван автономиясында алардын көп санда болушу Баку менен Анкаранын "армениялык фронттун" бардыгында чоң согушка башынан камынышканын далилдейт. Россия согуштук аракеттерди тең укуктуу токтото алды, кыязы ага баары тегиз канааттанышкан жок.

Түркия коргоо министри Хулуси Акар 24-ноябрда РФ менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, үч тараптуу макулдашууга жетишилгенден кийин Карабахтагы байкоо пункттарынын ортосунда түрк күзөтү пландалганын айтты. Анын ошол билдирүүсүндөгү эң урунттуу учур катары: "Биз муну Азербайжан менен сүйлөшүүлөрүбүзгө ылайык ишке ашырабыз" дегенин белгилесек болчудай.

Кеп биргелешкен мониторинг борбору туурасында эмес экени айдан ачык. Анкара региондун кызыкчылыгына жана жаңдалдашкан тараптарды тынчтыкка үндөө керектигине кайчы келген аракетке барууга даяр. Карабахтагы "жаңы тынчтык" кимгедир аябай жолтоо болуп жаткан көрүнөт.

182
Белгилер:
Аскер, согуш, Азербайжан, Түркия, Россия, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден. Архив

Байден "Ачык асманга" кайтабы? 35 өлкө кирген макулдашуунун эртеңи

104
(жаңыланган 12:59 25.11.2020)
Келишимге ылайык, 2002-жылдан бери ага мүчө 35 мамлекет бири-биринин аймагынан чалгындоо иретинде уча алат. Алынган маалыматтар бардыгы үчүн жеткиликтүү.

АКШ "Ачык асман" боюнча макулдашуудан чыга турганын маалымдаган күндөн берки алты айлык мөөнөт өттү. Вашингтон "Россия жылдап бузуп келген" келишимден чыкты. Трамптын администрациясы өзүн өлкөнү жедеп эскирип бүткөн, "улуттук коопсуздук курмандыкка чалынган" макулдашуулардан чыгарып жатат деп эсептөөдө. Эми Москва макулдашууда калган милдеттердин аткарылышын талап кылууга ниеттенип жатат. Байдендин командасы ыкка көнөбү же далысын салып коёбу? Бул маселени РИА Новости талдап көрдү.

Ишеним болбосо келишим да болбойт

Ак үйдүн Москвага койгон башкы кинеси — Түштүк Осетия, Абхазия, Чечен республикасы жана Калининграддын үстүнөн жасалчу инспекциялык учуулардын чектелиши. Америкалыктар жооп иретинде Аляска менен Тынч океанындагы аралдардын асманын жаап койду.

Макулдашууга ылайык, 2002-жылдан бери ага мүчө 35 мамлекет бири-биринин аймагынан чалгындоо иретинде уча алат. Алынган маалыматтар бардыгы үчүн жеткиликтүү. Мында учактарда эч кандай курал болбойт, видеоаппаратура алдын ала текшерилип, бортто чалгындануучу өлкөнүн бирден өкүлү кошо учуп жүрөт.

2019-жылы аталган келишимдин алкагында 1,5 миң ирет чалгындоо жүзөгө ашкан. Мында көзөмөл менен өлкөлөр аралык ишенимди бекемдөө — жалгыз максат эмес. Маанилүү саясий сигналдар да болушу мүмкүн. Мисалы, Донбасста конфликт башталганда АКШ Киевди колдой турганын билдирип Украинанын чыгышында учуп жүргөн маалым.

Ыплас оюндар

Кремль бул макулдашууну ич ара ишеним артуунун жана куралданууга көзөмөл жасоонун маанилүү фактору деп эсептейт. АКШнын келишимден чыгуусу документтин жарактан чыгарарын Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтты. Буга карабастан Москва бир катар шарт менен макулдашууда каралган жоболорду аткарууну уланта бермекчи.

Биринчи шарт — Европа өлкөлөрү чалгындоодон кийин ээ болгон маалыматтарды АКШга өткөрүп бербеши керек. Экинчиси — россиялык учактардын Американын Европадагы объектилерин текшерүүгө жолу ачык болушу керек. Азырынча эч кандай кепилдик бериле элек, буга Москва караманча каршы.

"Макулдашуудан чыккан АКШ союздаштарынан Россиянын асманынан учкандан кийин маалыматтарды берип туруу каралган келишимге кол коюусун талап кылып жатканы жашыруун эмес. Бул жөн гана келишимдин шартын бузуу эмес, бул — ыплас оюн", — деди аскерий коопсуздук жана куралданууну көзөмөлдөө маселелери боюнча Венада өткөн сүйлөшүүгө катышкан РФ делегациясынын жетекчиси Константин Гаврилов.

Акылсыздык

АКШнын макулдашуудан чыгышы биринчи кезекте Вашингтондун Европадагы союздаштарына терс таасир тийгизет. Алар үчүн америкалык учактар чогулткан маалыматтын жеткиликтүүлүгү маанилүү. Бир тобу нааразычылыгын билдирүүгө да жетишти.

"Россия тараптан айрым жоболор сакталбаганын түшүнөбүз, бирок бул макулдашуудан чыгууга себеп эмес", — деди Германия ТИМинин башчысы Хайко Маас.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Москва келишимди бузганын тастыктаган далилдерди көрсөтө электигин белгиледи. Испания, Бельгия, Финляндия, Италия, Люксембург, Нидерланддар, Чехия жана Швеция биргелешкен билдирүү жасап, макулдашуунун зарылдыгы менен пайдалуулугун айтышты.

АКШнын өзүндө деле бул тууралуу бир пикир жок. Мисалы, сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү Роберт Менендес Ак үйдүн аракетине "Трамп мыйзамга кол шилтеп, президенттик шайлоодон утулгандан кийин деле саясий кызыкчылыктан улам эле макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетти" деп баа берди.

"Бул жеткен акылсыздык", — деди АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн генералы, Улуттук коопсуздук агенттигинин мурунку директору, ЦРУ жетекчиси Майкл Хайден. Рональд Рейгандын тушунда Мамлекеттик департаментти тескеп турган Жорж Шульц, Жорж Буштун доорунда коргоо министри болуп турган Уильям Перри жана Барак Обаманын бейрасмий кеңешчиси, мурунку сенатор Сэмьюэл Нанн Ак үйгө кат жолдоп, Ачык асман боюнча келишимди сактоого чакырышкан.

Макулдашуунун соңу

Дональд Трамп президент болгон төрт жылда дүйнө анын куралданууну көзөмөлдөөгө кызыкдар эместигин билди. 2018-жылы лидер 2015-жылы түзүлгөн Иран өзөктүк макулдашуусунан Тегеран келишимдин шартын аткарбай жатат деген жүйө менен чыгып кеткен.

Бир жылдан кийин Рональд Рейган менен Михаил Горбачев кол койгон орто жана жакын аралыкка учуучу ракеталар тууралуу макулдашууну жарактан чыгарды.

2020-жылы 1992-жылдан бери биринчи жолу Ак үйдө өзөктүк сыноолор тууралуу талкууланганы маалым болду. Бул АКШ, Россия, Кытай, Британия жана Францияга жайылган мораторийдин шартын бузууга алып келмек.

Мындан тышкары, 2010-жылы Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимдин (СНВ-3) да тагдыры бүдөмүк. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду сентябрда аяктады, АКШ Россияга бир катар шарттарды койгон. Арасында аткарууга мүмкүн болбогондору да бар — макулдашууга Кытайды кошуу талап кылынууда. СНВ-3түн мөөнөтү февралда соңуна чыгат, РИА Новости сурамжылоого алган эксперттердин көбү макулдашууну узартуу мүмкүн эмес экенин айтышты.

Кандай болгон күндө да "Ачык асман" боюнча келишим Дональд Трамптын администрациясынын акыркы курмандыгы болгону калды окшойт. Жо Байденди да расмий куттуктоого эрте, бирок анын президент болору күндөн күнгө айкын болуп бара жатат.

Айланып казыгын таап...

Айрым эксперттер Байден "Ачык асман" боюнча келишимге кайтуу тууралуу ойлонуп көрүшү керек деп эсептөөдө. Бирок мунун ишке ашышы күмөн экенин Жогорку экономика мектебинин Улуттук изилдөө университетине караштуу Европа жана эл аралык изилдөө борборунун директору Дмитрий Суслов билдирди.

"АКШда ондогон жылдардан бери макулдашуудан чыккандан кийин ага кайра кайрылбаган салт калыптанып калган. Анын үстүнө Россияга "Ачык асман" келишими боюнча Барак Обамадан бери доомат коюлуп келет. Ак үй, Пентагон жана чалгын кызматынын ортосунда Россия документтин жоболорун сактабайт деген орток пикир бар", — деди ал.

Эксперттин баамында, келишимге кайтуу конгресстин жогорку палатасынын ратификациялоосун талап кылат. Эгер анда республикачылар басымдуулук кыла турган болсо жаңы көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Бирок Байден Трамптын чечимин жокко чыгара турган болсо да процесс убакытты талап кылат. "Анын үстүнө Трамп да кошумча тоскоолдук жаратууда", — дейт ПИР-борбордун консультанты Олег Шакиров. Мында кеп өлкөнүн аскер-аба күчтөрүн көзөмөл жүргүзүүчү учактардан арылтууга мажбурлоо аракети тууралуу болуп жатат.

Кененирээк алкактан карай турган болсок, Байдендин башкы максаты — Европа менен мамилени калыбына келтирүү. Ал эми аталган макулдашуунун Европа үчүн маанилүүлүгүн эске алсак, АКШ келишимге дароо болбосо да союздаштары үчүн качандыр бир кезде кайтышы толук ыктымал.

104
Белгилер:
Жо Байден, Дональд Трамп, учак, мораторий, келишим, Европа, Россия, АКШ
Тема боюнча
Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?
Трамп бийликти Байденге өткөрүп берүүнү баштады

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

0
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

0
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт