Сариева: Билим берүү министрлигине талапкерлигимдин сунушталышы – мен үчүн сыймык

Жазылуу
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева өз талапкерлигин Билим берүү министрлигине сунушталганы боюнча пикирин билдирди.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Вице-премьер-министр Эльвира Сариева өз талапкерлигин Билим берүү министрлигине сунушталышы боюнча пикирин биздин кабарчыга билдирди. 

"Билим берүү министрлигине талапкерлигимдин сунушталышы мен үчүн сыймык жана ишеним көрсөткөндүк. Билим берүү жана илим министрлиги өзгөчө маани берер, өлкөдөгү негизги приоритеттүү социалдык тармак болуп эсептелет", — дейт ал.

Сариева тармакка өлкө бюджетинин 20 пайызы бөлүнө турганын белгиледи.

"Ар бир өлкөнүн өнүгүшү билим берүүдөн башталарын президент бир нече жолу белгилеген. Бул мен үчүн бир тармакка коллегаларым жана билим берүү, илим тармагынын өкүлдөрү менен толук көңүл буруу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк", — деди ал.

Белгилей кетсек, КСДП фракциясы Эльвира Сариеванын талапкерлигин Билим берүү министрлигин жетектөөгө сунуштоодо. Мындай чечим фракция депутаттары менен партиянын саясый кеңешинде кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0