Депутат Бажы биримдиги жөнүндө: биз стратегиялык туура чечим кабыл алдык

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Москвадагы жолугушууда
Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин Москвадагы жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов каатчылык бир-эки жыл улана турганын андан соң 6-7 жылдык өнүгүү цикли башталаарын билдирди.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимдин туура экенин билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 6-7 жылдык өнүгүү цикли башталат жана бул интеграциялык процесс жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"Кырызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча биз стратегиялык туура чечим кабыл алдык. Тажрыйба көрсөткөндөй каатчылык бир-эки жыл болот андан кийин 6-7 жылдык өнүгүү цикли башталат. Кыргызстан бул өнүгүү циклине даяр болот, бизде 5 жылдык өткөөл мезгил бар. Бул өткөөл мезгилде даярданышыбыз керек, биз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат", — дейт эл өкүлү.

Султанов ошондой эле, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен жаңы рынок ачыла турганын баса белгиледи.

"Экономиканын өнүгүшүнүн башкы факторлорунун бири – бул рынок. Эгер рынок болсо, өнүгүү да болот. Биз башка мамлекеттер менен алаканы жакшыртышыбыз керек. Бизге рынок керек", — дейт ал.

Ушундай гана шартта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганын Султанов белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0