Сариева: окуу китептеринин жетишсиздиги толук каржыланбагандык менен шартталган

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАрхив: мектеп окуучусу
Архив: мектеп окуучусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элвира Сариева Кыргызстандын мектептеринде окуу китептеринин жетиштигине байланышкан жагдайды комментарийлеп, мектеп фонддорун толтуруунун түрдүү жолдору бар экендигин айтып берди.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева окуу китептерин чыгаруу, алардын жетишсиздик маселесин чечүү жөнүнө Sputnikтин кабарчысынын суроолоруна жооп берди. 

Республиканын билим берүү мекемелеринде окутуу 2010-жылы иштелип чыгып, 2014-жылы жаңыланган стандарт боюнча жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги бардык сабактар боюнча жана бардык класстар үчүн бекитилген программаларга ылайык келүүчү Кыргызстан өзүнүн окуу куралдарын чыгаруусуна умтулат деп белгиледи ведомство башчысы.

Архив: кубок президента Киргизии по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Депутат: улуттук спорт оюндарын мектеп программасыны киргизүү керек
Башталгыч мектептер үчүн орус тили боюнча Россиянын китептерин КРнын суроо-талаптарына ылайыкташтыруу боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери иш жүргүзүлүп келе жаткандыгын баса белгиледи ал. 2012-жылы сынамык мектептери аларды алган, бирок бул китептерди бардык мектеп окуучулары үчүн көбөйтүүгө кошумча каржылоо талап кылынат. Маселе азырынча республикалык бюджеттин алкагында чечиле элек.

Андан ары Сариева мектеп китептери тартыш экендигин эске алганда, бул тема бүгүнкү күндө министрлик үчүн эң башкылардан экендигин айтты. Себеби окуучулар окуу китептери менен 75 пайызга гана камсыз кылынган. Китептердин жетишсиздиги мектеп программасынын өзгөргөндүгүнө (жаңы программа — жаңы окуу китептери), каражаттын жетишсиздигине жана толук эмес каржылоого байланыштуу экенин маселенин үстүнөн жүргүзүлгөн талдоо көрсөтүп турат. Мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн бир жолу 700 миллион сом жана жыл сайын 200 миллион сомдон талап кылынат.

"Азыр 200 миллион сомдон, ошондо да каражат калдык принциби менен бөлүнүп жатат. Башкача айтканда, каражатты ведомство августтун ортосунда алат жана 15 күндүн ичинде тендер да жарыялап, окуу китептерин иштеп чыгып, басып чыгарып жана мектеп окуучуларына таратып да үлгүрүшү керек. Өткөн жылкы тендерлер мөөнөтүнөн кеч жана эреже бузуулар менен өткөнүн эске алганда, биз азыртан эле графиктен артта калып жатабыз", — деп түшүндүрдү министр.

12 миллион окуу китептерин толтуруу оңой милдет эмес, жана аны чечүү үчүн министрликте ар түрдүү жолдор каралып жатат деп айтты ал.

© Фото / Турарбек ОмуралиевМинистр образования и науки КР Эльвира Сариева
Министр образования и науки КР Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Министр образования и науки КР Эльвира Сариева

Сариева алардын айрымдарын мисал келтирди:

— Электрондук окуу куралдарын киргизүү. Анча ишенбегендер маселени чечүүнүн бул жолун сындап жатышат, бирок өлкөдө мектеп окуучуларынын 27 пайызынын өз гаджеттери бар. Бул вариант ушул топко кирген окуучуларга гана багытталат, себеби мүлктүк эмес автордук укуктар боюнча маселелер толук чечилбегенине байланышкан кыйынчылыктар пайда болду. Мамлекет жыл санап мектептер үчүн окуу китептерин иштеп чыгып, басып чыгарууну каржылап келген, бирок ыйгарымдуу орган мүлктүк эмес автордук укукту өзүнө калтырган эмес. Азыр министрликте авторлор жана басып чыгаруучулар менен келишимдин жаңы форматы киргизилди. Ал балдарды китеп менен акысыз камсыз кылуу жагынан ведомствонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. 

— Мектептерге китепканаларын жаңылоо жагынан көмөк көрсөтүүнү жөнгө салуу. Көп сандагы бүтүрүүчүлөр, ишкерлер менен саясатчылар мектептерге демөөрчүлүк жардам кылууда. Мигранттар өз айылдарында бала бакчаларды курууга акча жумшап жатышат. Министрлик мектеп китепканаларын жаңылоо боюнча маалыматтарды ачык жарыялаганы жатат. Бул тиги же бул билим берүү мекемесине жардам бергиси келген демөөрчүлөр үчүн жакшы багыттагыч болот. Шайлоо жакындап калганда "саясий партиялар ун таратып же ТВда эч ким деле көрбөй турган тасмаларга акча короткуча, мектеп китепканаларына жардам берип, өсүп келе жаткан муундардын билим алуусун инвестициялашса болмок".

— Окуу китептерине пайдалануу акысын киргизүү. 2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги мектепте пайдаланууга алынуучу китептерге акы төлөө тартибин киргизүүнү сунуштаган. Анда өкмөт мүчөлөрү КРдин мыйзамдарындагы келишпестиктердин жана акы төлөөнү киргизүүнүн жол-жоболоруна байланышкан көп сандагы суроолордун себебинен бул сунушту колдогон эмес. Бул вариант китеп менен толук камсыз кылуу республикалык бюджеттин алкагында чечилбесе же ведомствонун башка сунуштары колдоого алынбаса гана, киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0