Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову

Эксперт: КРдин тарыхында Саляновадай күчтүү прокурор боло элек

324
(жаңыланган 19:12 20.01.2015)
Кыргызстандагы эксперттер Баш прокурор Аида Салянованын азырынча тактала элек отставкасы боюнча пикирлерин билдирди.

БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. "Саляновадай иштеген прокурор Кыргызстандын тарыхында жок болгон", — деп эсептейт саясат таануучу Бакыт Бакетаев.

Мындан мурдараак Ак Үйдөгү булактар Аида Салянова отставкага кетүүгө арыз бергендигин билдирген. Бүгүн ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Баш прокурордун отставкага кетүү боюнча жазган арызын жактырды. 

"Салянова канча деген аткаминерлерге, бийликте тургандарга кылмыш ишин ачты. Андан кийин акыркы маалыматтар – анын күйөөсү туурасында болуп жатат. Кылмыш иши деп жатышат, аны күтө туруш керек. Дагы айта турган сөз коррупцияга каршы күрөшүүгө жалгыз Баш прокурордун алы жетпейт экен. Системалуу күрөшүүгө өтпөсөк, анын болгону болгон. Ал эми күйөөсү туурасында маалыматтар боюнча менин пикирим, презумпция деген бар, ошону күтө туралы. Ал эми Салянова боюнча мезгил көрсөтөт", — деди саясат таануучу Бакыт Бакетаев.

Марат Иманкулов УКМК төрагасынын мурдагы орун басары бул боюнча башкача пикирде. Анын айтымында, коррупцияга аралашкандарга кылмыш ишин козгоо – Башкы прокуратуранын милдети.

"Маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан угуп жатам. Алгач, эмгек өргүүсүнө чыкты, эс алып жатат, узакка эс алууга кетти деген маалыматтарды айтышты. Ар кайсы маалыматтардын арбын айтылып жаткандыгына караганда, бул жерде бир маселе бар экендигинин белгиси. Албетте, отпускага чыкканга толук укуктуу. Жашырбай эле, толук болгонун болгондой айтып коюшпайбы. Болбосо шектенүү жарала берет. Салянова коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын коррупциялык иштерин ачып, күчтүү кадам жасады деп жатышпайбы. Мен буга кошулбай, анткени бул ар бир прокурордун милдети", — деди Иманкулов. 

Шейшемби күнү Ак Үйдөгү булактар Аида Салянова отставкага кетүүгө расмий түрдө арыз берди деп билдиришкен. Ал эми анын кызматтан кетүүсү туурасында кептер 2014-жылдын аягында айтылып баштап, бирок, анын мамлекет башчысы четке каккан.

324
Белгилер:
Бакыт Бакетаев, Марат Иманкулов, Аида Салянова
Тема:
Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы (10)
Тема боюнча
Булактар Башкы прокурор Салянова отставкага кеткендигин билдирди
УКМК Баш прокурордун күйөөсүнө айып тагылгандыгын жокко чыгарды
Искандер-М ракетасы машыгуу убагында полигондо. Архивдик сүрөт

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

223
(жаңыланган 13:59 26.09.2020)
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

223
Белгилер:
божомол, эксперт, өзөктүк курал, келишим, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

105
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

105
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

0
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

0
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек