КРдин Башкы штабы: Биздин жоокерлер Россияга массалык түрдө кетпейт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош шаарынын көчөсүндүгү аскерлер
Архив: Ош шаарынын көчөсүндүгү аскерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генерал-майор Асанбек Алымкожоев Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөөгө КРдин мигранттарынан барат деп эсептейт.

БИШКЕК, 26янв — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев чет элдиктердин Россияда аскердик кызмат өтөөсүнө байланыштуу Sputnik агенттигинин суроолоруна жооп берди.

— 2-январда РФтин президенти Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөөгө уруксат берүүчү Жарлыкка кол койгон. Кандай дейсиз, биздин жарандар мындай мүмкүнчүлүккө кызыгабы?

Серепчи: кыргызстандыктар ИМде эмес, Россияда кызмат өтөгөнү жакшы
— Биздин жарандар РФте көптөн бери эле жашап жатканынан баштайлы. Алардын баары эле өзүн канааттандыргыдай иш тапкан жери жок. Менимче, мигранттардын ичинен абдан катаал тандоодон өтүп, кепилдик берилүүчү акы алуу шарты менен аскер кызматын өтөй ала тургандар табылат. Россиянын ККга кызматка өтүүдө каржылык кызыкчылык негизги факторду түзөт, себеби келишимдик шартта кызмат өтөөчү жоокерлердин алган акчасы жаман эмес. 

— Россияда кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу биздин аскер кызматкерлердин ал жакка көп кетишин күтүүгө болобу?

— Биздин аскер кызматкерлери көп кетпейт деп ойлойм. Болсо, бирин-серин болор.

Ал эми Кыргызстанда кызмат өтөп, анан кайсы бир себептер менен Россияда болуп калган жарандар мындай мүмкүнчүлүктү, албетте, пайдаланышы мүмкүн. Дагы кайталайын дегеним, Россиянын Куралдуу күчтөрүнө тандоодо коюлчу талаптар катуу. Командаларды, аскердик жамааттын негиздерин билген, колуна курал кармап көргөн жарандар бул сынактан өтөрү шексиз. Жана албетте мындай адам жарандык кызматтагылардан олуттуу айырмаланып турат.

— Россия чет элдиктерге өз аскеринде кызмат өтөөгө уруксат берип эмне кылат?

Чек ара — адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак
— Бул Россиянын коопсуздугун сактоого кызыккандык менен байланыштуу экени айкын. Бүгүнкү күндө Батыш менен маалыматтык “кансыз согуш” катуу жүрүп жатат. Баарыбызга түшүнүктүү болгондой НАТОнун базалары РФтин чек арасына жакындап келди. Прибалтика тараптан, мисалы, учактар күзөт жүргүзүп, аскер базалары түзүлүп жатат. Россия жагдайдын анык абалын эске алып, өз аскерин кеңейтүү чараларын көрүүдө. Ал эми демографиялык кырдаалга байланыштуу адам ресурсу жетишсиз. Ошон үчүн бул анык аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлердин санын көбөйтүүнүн дагы бир жолу болуп эсептелет. Аскер курамы мунун менен абдан көбөйөт деп ойлобойм, бирок ал келишимдик негизде кызмат өтөй тургандардын санын тез өстүрүүнүн бир жолу.

Жаңылыктар түрмөгү
0