Полицейский барьер в Нью-Йорке

АКШнын полициясы катуу мүнөздө иштейт деп эсептейт серепчи

38
(жаңыланган 17:34 10.02.2015)
ICM Research агенттиги Sputnik үчүн жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, америкалыктардын жарымынан кеми АКШда полиция укук тартибин баарынан көп камсыз кылат деп эсептейт. Полицияга баарынан аз афроамерикалыктар ишенет.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарында полиция жетишерлик катуу мүнөздө иштеген учурлар да болот, адекваттуу иш-аракеттин чегинен чыгып кеткен учур да болот. Бул айрым мезгилде адаттагыдан тышкаркы жагдайларга, ал тургай, массалык толкундоолорго алып келет деп эсептейт Борбордук Азиядагы баңги саясаты борборунун директору Александр Зеличенко.

Анын пикири боюнча, АКШда полициянын кадыр-баркы бар жана аны ЖМК да, мамлекет да ар түрдүү агартуучулук иш-чаралар аркылуу колдоп турат.

"Ал жакта полиция жетишерлик катуу мүнөздө иштеген учурлар да болот, адекваттуу иш-аракеттин чегинен чыгып кеткен учур да болот… Бирок мындай көрүнүш полиция бар бардык жерде жолугат. Идеалдуу укук коргоо органдары болбойт. Баса, бири-бирине карама-каршы көз караштар бар: полиция — күч ведомствосу, ошон үчүн шартка жараша катуу болушу керек деп эсептегендер бар. Ал эми мындай учурлар мамлекет тарабынан кандай көзөлмөгө алынганы — ар бир конкреттүү учурда күч мыйзамдуу колдонулганын кылдат текшереби же өз жайынча коёбу, башка кеп", — деп чечмеледи серепчи.

ICM Research агенттигинин сурамжылоосунун натыйжасына ылайык, афроамерикалыктар полицияга азыраак ишене тургандыгын комментарийлеп жатып, Зеличенко АКШнын полициясында иштеген афроамерикалыктар менен башка улуттардын өкүлдөрү аз экендигин берлгиледи. 

"Башкача айтканда, бул улуттук топтордун полицияда иштегендеринин саны укук бузууга барган ошол эле улуттагылардын санына туура келбейт. Ал тургай, кылмыштуулук афорамерикалыктардын канында бар деген нацисттик ойлор да бар экенин билем. Бул эч туура эмес. Бирок геттодогу жашоо, чоң үй-бүлө жана кирешенин аздыгы тарыхый жактан алардын арасында мыйзам бузуулардын көп болушуна алып келген. Мында укук коргоо күчтөрүн көп улуттулук жана теңдештик принциптери боюнча калыптандыруу чоң мааниге ээ", — деп баса белгиледи Борбордук Азиядагы баңги саясаты борборунун директору.

Негизи, адам өзү менен бир расадагы, бир улуттагы полицияга көбүрөөк ишене турганын, бирок ошол эле учурда көп улуттуулукка жетишүү өтө кыйындыгын белгиледи ал.

"Эсимде, Түштүк Сербияда биз полиция болууга талапкерлерди көпкө чейин таба албай койгонбуз. Ал эми талапка ылайык, алар цыган улутундагы орто билимдүү, эң башкысы, полицияда иштөөнү калаган уландар менен кыздар болушу керек эле. Бул аябай кыйынга турду. Биз жарым жыл издегенбиз", — деп айтып берди Зеличенко.

ICM Research агенттиги тарабынан Sputnik үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоо АКШда укук тартибинин камсыз кылынышы жөнүндө суроо боюнча америкалыкардын көз караштары бирдей эместигин көрсөттү: алардын 46 пайызы коопсуздуктун негизги кепилдиктери деп полиция менен шерифтерди атаса, 21 пайызы жарандарга курал-жарак алып жүрүүгө жана үйүндө кармоого уруксат берүү жөнүндөгү АКШнын Конституциясына киргизилген экинчи оңдоону атаган. Ал эми үчүнчү орунду өрткө каршы кызматтар ээлеген. Аларды сурамжылангандардын 12 пайызы көрсөткөн.

АКШда ноябрь-декабрь айларында полициянын негизсиз зомбулугунан курман болгондорго байланыштуу массалык нааразылык билдирүүлөр болгон. Америка коомунда толкундоолорду, алсак, Нью-Йоркто кармоо учурунда муунтуп өлтүрүлгөн афроамерикалык Эрик Гарнердин жана Миссури штатында полиция атып өлтүргөн кара түстүү Майкл Браундун өлүмү пайда кылган.

38
Белгилер:
АКШ, Александр Зеличенко, ICM Research, сурамжылоо, полиция
Тема боюнча
Sputnik америкалыктардын полицияга ишеним деңгээлин аныктады
РФ президенти Владимир Путин Валдай клубунун пленардык жыйынында

Өзгөрүүлөр доорундабыз. Путиндин "Валдай" клубунун жыйынындагы кеби

84
(жаңыланган 23:32 23.10.2021)
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында кенен сөз сүйлөдү. Россия президенти өлкөсү бүт дүйнө сымал эле улам тереңдеп, улам олуттуу тартып бараткан өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары көпчүлүктүн көөнүндө "Кудай өзгөрүүлөр доорунда жашатпасын" деген кытай макалы бар. Бирок кааласак да, каалабасак да биз аны баштан кечирип жатабыз", — деди Путин.

Путиндин баамында, дүйнө азырынча жаңы тең салмактуулукка жетише элек. Бардык багыттагы бирдиктүү өзгөрүүлөргө эбак көнүүгө тийиш элек, бирок анте алган жокпуз. Россиялык президенттин "Валдай" эл аралык талкуу клубундагы сөзүнүн урунттуу учурларынан РИА Новости агенттиги тандап алып, өзүнчө берген.

РФ президенти пандемия дүйнөлүк коомчулук кандай морт экенин дагы бир ирет эскертип, жашап кетүү үчүн турмушубуздун түзүлүшүн кайра карап чыгуу абзелдигин айтат. Ошону менен бирге эле Путин капитализмдин азыркы үлгүсүнүн убагы өткөнүн, чиеленишип бараткан карама-каршылыктардан анын жардамы менен чыгууга болбостугун белгилейт. Анын пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы күчөгөндөн күчөй берет. Бул көйгөйлөрдүн баары жүрүп отуруп коомго терең жик салат.

РФ президентинин айтымында, бардык мамлекеттер орток көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиргени менен иш жүзүндө дайым андай боло бербейт. Пандемия терс тенденцияларды тездетип гана койду. Анткен менен маселе татаал, саясатчылар эң оболу өз мекендештеринин алдында жооптуу, ошол себептүү эл аралык жана транс-улуттук темалар экинчи планга жылат, жалпысынан кадыресе жана туура кадам.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн бүгүнкү абалы — кансыз согуштун натыйжасы, андан сабак алып, бүтүм чыгарып, куралдуу чоң тирешсиз жаңы дүйнө түзүмүн орнотуу зарыл.

БУУ реформасы

Россия лидери аталган жыйында Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири токтолду. РФ президенти БУУну айныгыс баалуулук деп атап, дүйнө аны сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Ыргагы ыкчам өзгөрүүлөргө көнүүгө дайым үлгүрө бербесе да шашпоо, аны реформалоодо катачылыкка жол бербөө керек. Башка мамлекеттердин анын Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселе Россия тарабынан эмес, консенсус менен чечилиши шарт. Ал эми кеп, анын пикиринде, тең салмактуулукту таба билгенде.

"Эгер туруктуу мүчөлөрдүн вето укугун бузуп койсок, анда Бириккен Улуттар Уюму дал ошол күнү кыйрайт, ал жөн гана Улуттар лигасына айланып калат, бүттү", — дейт президент. 

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XVIII ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай. 21 октября 2021 года
© Sputnik / Максим Блинов
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында

COVID-19га каршы күрөш

Россиялык президент COVID-19 пандемиясы боюнча токтолуп, анын курмандыктарынын саны Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготууларга тете, ал тургай андан да ашык экенин эске салды. Ошону менен бирге эле илдетке каршы күрөштө эл аралык жардамга зарылып турган өлкөлөргө каршы санкциялар дале сакталуу бойдон турат.

"Анда батыштык саясий ойдун гумандуу башаты кайда? Иш жүзүндө эч нерсе жок. Курулай гана сөздөр", — деди Путин.

РФ мамлекет башчысы ар бир мамлекетти орунсуз дымактарын жыйыштырып, бул көйгөйдү жеңүүдө чогуу иштөөгө чакырды.

Коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү Путин колдобой турганын, анткени таңууланган чечимден буйтап кетүүгө болорун, ал эми бийлик дартка чалдыккандан көрө эмделген дурус экенин элге далилдеп берүүгө тийиштигин айтты.

Акыл чегиндеги консерватизм

Баалуулуктар да россиялык лидердин сөзүндө негизги темалардан болду. РФ президенти аларды ар бир улуттун маданий-тарыхый өнүгүшүнүн уникалдуу өндүрүмү экенин айтты. Өз ара чырмалышы ой таанымды кеңейтип, өз салт-санааңды башкача карап чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок бул процесс убакытты талап кылып, ажырагыс болушу шарт.

"Белгисиз жана болжоп болгус шарттарда баалуулукту таңуулоо аракеттери ансыз да курчуп турган кырдаалды дагы ырбатып, адатта терс реакцияны жаратып, күтүлбөгөн жыйынтыктарга дуушар кылат", — деди РФ президенти.

Путин жыйында Мартин Лютер Кингдин: "...Төрт балам терисинин түсүнө эмес, алардын адамдык сапаттарына карап бааланчу күндүн келерин кыялданам" деген сөзүн келтирди.

"Мына, нагыз баалуулук. Бирок ушул чакта баары башкача болуп жатканына күбөбүз", — деди Путин. Дүйнөлүк түзүм кайра калыптанып жаткан маалда (соңу эмне болору белгисиз) салкын кандуу консерватизм – төмөнгө чөктүрбөй, башаламандыкка батырбай кармаган акылга сыярлык жүрүм-турум чийини.

Путиндин баамында, Батышта аял менен эркектердин укугу тууралуу талкуулар таптакыр эле ашыкча өзгөчө темага айланып, "эркек", "аял" деген түшүнүктөрдүн өздөрүн жок кылууга белсенүүгө чейин жеткендей. Россия лидери эркек бала оңой эле кызга айланып, же, тескерисинче, кыз жеңил эле жигит боло аларына балдарды ынандырып, иш жүзүндө аларга тагдырын талкалап коё турган тандоого түртүшкөнү үрөй учура турган жагдай экенин белгилейт.

Кошумча кептер

Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында совет учурунан да сөз козгоду. Теңдөө принцибине карабастан өлкөдө өзгөчө жеңилдиктер болгонун, жеке өзү да башка бир топ замандаштарындай эле ошол доордун көйгөйлөрүнө да тушугуп, жагымдуу жактарын да татканын, маселен жакшы билимге ээ болгонун белгиледи.

"Советтик киши" деген сөз айкашы идеологиялык түс алганын, бирок аны каралоо, мазактоо оройлук жана адепсиздикке жатарын айтты.

Путин Афганистандагы окуяларга да токтолбой койгон жок. Айтымында, ал жактагы кырдаал олуттуу мааниге ээ, анткени баары өз чек араларында туруктуу мамлекетти карайт, мындан тышкары, өлкөдө террордук топтор бар. Ал белгилегендей, Афганистанга экономикасын калыптандырып, активдерин ачууга көмөктөшүү керек. Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байдендин америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин туура деп баалап, бирок аны башкача ашыруу керек эле деп кейиди.

Кеп кезеги Украина маселесине жеткенде Путин бул өлкөнүн калкына алардын мүдөөсүн аткарчу бийлик органдарын мыйзамдуу жол менен түзүүгө мүмкүнчүлүк беришпей тургандай туюларын айтты. Ошол эле убакта аталган республиканын аймагын Россия үчүн кооптуулук жаратчу аскердик өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Клубдун жыйынында россиялык президент "Түндүк агым — 2ни" да унутта калтырбады. Заманбап технологиялардан улам көмүр кычкыл газынын чыгарылышы Украина аркылуу транзит менен жеткирүүгө салыштырмалуу 5,6 эсе азыраак экенин, ал эми экологдордун жаңы магистралга койгон дооматтары суу кечпей турганын айтты.

Ошону менен бирге эле ал мындай долбоорлор дүйнөгө катаал каатчылыктардын алдын алууга жардам бере аларын, Россияны энергетика тармагында чектөө аракеттери жакшылыкка алып келбей турганын кошумчалады. Айтымында, эгер эртең германиялык жөнгө салуучу бул түтүк аркылуу газ берүүгө уруксат берсе, Москва көгүлтүр оттун көлөмүн 17,5 миллиард куб метрге арттыра алмак.

Мамлекет башчысы катары негизги жетишкендиктери боюнча суроолорго берген жообунда Путин экономиканын жана өнөр жайдын дээрлик талкаланып калган айрым, анын ичинде коргоо тармагынын калыптанышын атады. Ошондой эле жетишкендиктерге россиялык президент террорчулукка каршы күрөштү да кошту.

"Болочокто коом менен мамлекеттин бардык ресурстары адамдын кызыкчылыгынын тегерегине топтолушун каалайм", – деди мамлекет башчысы. Владимир Путин кезегинде россиялык үй-бүлөлөр кандай кыйынчылык жана азаптарды башынан кечиргенин көргөнүн, бирок өлкө орус улутунун өзөгүндөгү өнүгүүгө болгон күчтүү өбөлгө менен аларга туруштук бере алганын баса белгиледи.

"Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйыны быйыл Сочиде 18–21-октябрда "Глобалдык силкинүү — XXI: адам, баалуулук, мамлекет" деген аталышта өттү.

84
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, талкуу, дүйнө, лидер
Тема боюнча
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди
Кабулдун четиндеги талибтер

Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай

394
(жаңыланган 20:47 21.10.2021)
Кабулдан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып, Афганистанда америкалык өкмөт кулагандан бери деле ири шаарларда терактылар уланууда.

Өлкөнүн түштүгүндө талибдер саясий атаандаштары менен кармашып, республиканын экономикасы күндөн-күнгө кыйрап барат. Убактылуу өкмөт эл аралык саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү менен көп улуттуу 40 миллион калктын мүдөөсүн эске алган жок.

20-октябрда афган борбор калаасынын кыйма-чийме түшкөн Дехмзанг кесилишинде теракт болду. Бул кайгылуу окуяга кейиген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы жагдайга кайрадан сереп салган.

Бул каргашанын курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз. Middle East Press агенттиги куралчандар кесилиштеги полиция тилкесин аткылап, бир кызматкер набыт болуп, дагы бири жарадар болгон. Кол салгандар изин жашырып кеткен, эч бир топ бул окуяга жоопкерчилик албаганы менен ИМ* уюмунун мурдагы терактыларын эске салат.

Афганистандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("Талибандын"* мүчөлөрү): "Бүлгүн салуучу күчтөр кырдаалды туруксуздаштырып, жаңы өкмөттү өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаадагы абалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз катары көрсөтүүнү көздөп жатат",  — деп билдирүүдө.

Талибдер Афганистандагы ИМ* ишмердигин чет өлкөлүк атайын кызматтар тескейт деп эсептешет. Кантсе да талибдер мамлекеттик башкаруу жана жай жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу аракеттерине караганда "бүлгүн салуучу күчтөр" туруксуздаштырууда кыйла ийгиликтүү болууда.

Ушундай жагдайдан улам Москвада 20-октябрда РФ тышкы иштер министри, Пакистандын атайын өкүлү, талибдердин делегациясынын катышуусунда Афганистан боюнча жолугушуу өттү. Анда аталган өлкөдөгү абал жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу боюнча эл аралык аракеттер талкууланды.

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров афгандыктарга коркунуч негизинен ИМ* жана "Аль-Каид"* тарабынан жаралып жатканын белгиледи. Анын алдында эле РФтин аталган республикадагы элчиси Дмитрий Жирнов талибдердин бийлигин таанууга азырынча эртелик кыларын айткан. Ошентсе да жакын арада Москва Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтмөкчү. Ал эми АКШ Каржы министрлиги миллиондогон афгандыктар кабылган капсалаңга карабай Афганистандын мамлекеттик резервдерин ачууга ашыкпайт.

Жардыруулар, салгылаш, экономикалык кыйроо

"Талибан"* кыймылы Пентагон жана НАТО күчтөрү менен кармашта ийгиликке жетишкени Афганистанга Ирак, Сириядагы согуштук аракеттерде бир топ дасыгып калган ИМ* террорчулары агылды. 15-октябрда согушкерлер Кандагардагы шииттердин мечитине чабуул койду, 130дан ашуун адам жабыр тартты. Болгондо да теракты атайын операциядай уюштурулган. Адегенде автоматтык куралдар ок чачып, жанкечти өзүн жардыруу менен аяктаган. Мечитке кол салууга жоопкерчиликти Афганистанда талибдердин бийлигинин негизги атаандашына айланып бараткан "Ислам мамлекети"* мойнуна алды.

Кабулдагы америкалык өкмөт кулагандан бери эле афган маалымат каражаттарында 17 теракты тууралуу кабарланды. Көпчүлүгүнүн аркасында "Ислам мамлекети"* турат. Борбордогу, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы терактыларда 600 чакты киши жабырланган.

8-октябрда Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги жардыруу 120 кишинин өмүрүн алды. 160тан ашуун адам жаракат алды. Терактылар ачык эле талибдерге каршы мүнөздө. Мисалга, 3-октябрда Кабулдагы Идгах мечити таасирдүү талибдердин бири Забихулла Мужахиддин апасын узатуу зыйнаты өтүп жаткан маалда жардырылды.

Түндүктөгү Баглан провинциясынын аймагында талибдер Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кошуундары менен салгылашууда. Эске салсак, аталган кыймылды тажик тектүү кенже Ахмад Масуд жетектейт. Пули-Хисар жана Дих-Салах уезддеринде талибдер 60 жоокеринен айрылып, чегинүүгө аргасыз болушту.

Ахмад Масуд мекендештерине террорчул "Талибан"* кыймылынын бийлигине каршы көтөрүлүүгө кайрадан чакырык таштады. Анан да өзү башында турган каршылык көрсөтүү күчтөрү "Панжшер өрөөнүн куткаруу ниетинен" кайтпай турганын белгиледи. Андан мурдараак Масуддун кошуундары "Гиндукуштагы партизандык аракеттер Пакистанга "Талибанга"* түз жардам көрсөтүүгө" жол бербестигин жар салган. Ошол себептен Панжшер провинциясын толук көзөмөлгө алды деген талибдердин маалыматы чындыкка коошобу деген түкшүмөл суроолорду жаратат.

"Талибан"* бийлигине "ички легитимдүүлүк" жетишпей турганы анык. Мунсуз жаңы бийликтин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы мүмкүн эмес экенин айтат Афган ислам республикасынын мурдагы президенти Хамид Карзай.

Тажик-афган чек арасынан күн сайын Афганистандан 600гө чукул жаран өтүүгө жан үрөйт. Тажикстанда алардын саны 15 миңден ашып калды. Мыйзамсыз афган качкындарынын алды Польша чек арасына дейре жетти.

"Эмирликте" азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы өсүүдө. Эл аралык валюталык фонд 2021-жылы афган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт деп жоромолдоодо. Ошол эле убакта Дүйнөлүк банк, АКШ Каржы министрлиги сымал эле аталган фонд да талибдердин ресурстарды алышына бөгөт койгон.

Сыягы учурда өлкөдө кармана турган жалгыз киреше булагы маңзат трафиги жана кызыкдар коңшуларга америкалыктар калтырып кеткен куралдарды сатуу же алмашуу жолу гана калды өңдөнөт.

Чек арадагы кырдаал

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Москвада талибдер менен гуманитардык маселени чечип жатса, коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстан жана Өзбекстан аймагында афган чек араларына жакын жерлерде аскердик машыгууларга көз салууда. Россиялык эки министр тең Россия жана өз союздаштарынын коопсуздугун ар кыл ыкмалар менен камсыздоо далалатында.

Афганистанда жыйырманын тегерегинде террордук топ бар. Алардын айрымдары Борбор Азияга басып кирүүгө даяр. Маселен, экстремисттик "Хаккани түйүнү"* бийликтеги "Талибандын"* курамында туруп да өз алдынча аракеттерге барып, "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышта.

Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолукканда Афганистандын түндүгүндө ИМдин* эки миңге чукул согушкери турганын кабарлап, Афганистан чек арасында террорчуларды биргеликте ооздуктоого чакырган.

Географиялык коңшулардын реакциясы мыйзам ченемдүү. Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты мамлекеттин күчтөрү Афганистандан күтүлгөн террорчулардын мизин ыкчам кайтаруунун варианттарын иштеп чыгууда.

"Эшелон", "Издөө" атайын операцияларын жана ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын Россиянын Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин жеке өзү көзөмөлдөөдө. Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 4000 жоокер катышып, 500дөн ашуун аскердик техника тартылган.

Тажикстандагы бул иш-чарада душмандын жерин аныктап, жок кылуучу жаңы технологиялар сыналып, мобилдик радиолокациялык станциялар, чалгындоочу-сокку уруучу дрондор, ыраактан көзгө атар винтовкалар, радио электрондук күрөш тутумдары пайдаланылууда.

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын төрт даана СУ-25 чабуул коюучу учагынын Тажикстанга жеткирилиши да авиациялык күчтү даана көрсөтүүдө. Булардын баары көйгөйлүү республикага чектеш аймактарда күтүлгөн куралдуу кагылыштардын баштапкы баскычында басып, чечкиндүү сокку урууга мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Борбор Азия өлкөлөрүндө жок жогорку технологиялык курал жана аскердик тажрыйбага ээ экенин белгилей кетели.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

394
Белгилер:
Афганистан, Кабул, Теракт, согуш, техника, көзөмөл, 'Талибан' кыймылы
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен оюн учурунда

Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

93
(жаңыланган 21:36 24.10.2021)
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.

Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

93
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, мелдеш, гол, жеңиш
Тема боюнча
Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео