Расул Умбеталиев: Шайлоодо жеңишке жетебиз деп төрагалыкка Салянованы шайлап алдык

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүДосрочное голосование на выборах. Архивное фото
Досрочное голосование на выборах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адилет министрлигинен кайта каттоодон өткөн "Күчтүү Кыргызстан" саясый партиясы күзүндө боло турчу парламенттик шайлоодо жеңишке жетишебиз дешүүдө.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Күчтүү Кыргызстан" партиясы күзүндө боло турчу парламенттик шайлоодо жеңишке жетебиз деп толук ишенет. Мындай пикирин партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Расул Умбеталиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Күзүндө боло турчу шайлоодо жеңишке жетишебиз деп турабыз. Ушундай тилек менен партиянын төрайымдыгына Аида Салянованы шайладык", — деди ал.

Анын айтымында, партияда негизинен жаштар арбын. 

"Партиянын жаңы атын коюп, жаңы уставын жана программасын бекиттик. Бул партия жаш муундардын, келечек муундардын партиясы деп эсептейбиз", — дейт саясый кеңештин мүчөсү.

Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Экс-башкы прокурор жаңы партиясы менен парламенттик шайлоого барат
Умбеталиев азыр партиянын катарында Саляновадан башка көрүнүктүү саясый ишмерлер жок экенин, бирок, партияга киребиз деп көптөгөн сунуштар болуп жатканын кошумчалады. Учурда партиянын саясый кеңеши келип түшкөн сунуштарды карап жатат.

Салянова "Күчтүү Кыргызстан" партиясын төрайымы болуп, саясый кеңештин жыйынында шайланды. Буга чейин партиянын төрагасы энергетика тармагы боюнча эксперт Умбеталиев жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0