Конституция Кыргызской Республики

Конституцияны өзгөртүү толкундоолорго алып келет деп эсептейт эксперттер

29
(жаңыланган 14:37 27.06.2015)
Саясат таануучулардын пикири боюнча, Башкы мыйзамды өзгөртүү демилгесинин кереги жок, себеби бул Кыргызстандын эл аралык аброюн начарлатып жана сот системасын реформалоону кыйындатышы мүмкүн.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңеште талкуулап жатышат", — деп айтып берди Sputnik кабарчысына парламенттин КСДП фракциясынан депутаты Абдыманап Кутушев.

Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, ага парламент тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Айрыкча шайлоо системасына, бийликтин сот бутагына жана президенттин, ЖКнын, өкмөттүн ыйгарымдарына тиешелүү оңдоолорду аталган мөөнөткө чейин эл өкүлдөрү киргизе албайт.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелей ала турган жалпы элдик референдум Конституцияга өзгөртүүлөрдү мөөнөтүнөн мурда киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, парламентарийлер Жогорку соттун президиумун түзүү, ошондой эле депутаттык мөөнөттү кыскартуу жана ЖКда императивдик мандатты жаратуу боюнча бөлүмгө оңдоолорду киргизсек дейт.

Эксперт Ирина Летованын пикиринде, баш мыйзамды өзгөртүүнүн эч зарылчылыгы жок. 

"Конституция өзү беш жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салары барыбыздын эсибизде. Өзгрөтүүлөр иштей башташы үчүн аларды конституциялык мыйзамдарга киргизген жетиштүү", — деп эсептейт Летова.

Ошондой эле ал баш мыйзам айрыкча сот системасында реформа жүргүзүүгө эч тоскоолдук кылбайт дейт. Бул үчүн ченем-укуктук негизин иретке келтирүү зарыл экендигин айтты ал.

"Биздин Конституцияны 10 упайдын ичинен сегиз упайга ишеничтүү бааласа болот. Өзгөртүүлөр керек, бирок азыр эмес", — деди эксперт.

Баш мыйзамды тез-тез эле оңдой берүү Кыргызстандын эл арылык кадыр-баркына кедергисин тийгизет деп белгиледи ал. 

"Жакшы ой менен болсо да, бирок улам-улам эле реформа жүрүп турган мамлекет менен бардык эле инвесторлор иштегиси келе бербейт", — деп сөзүн бүтүрдү Летова.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов да Конституцияны өзгөртүү, мейли референдум аркылуу болсун, өтө эле шашкандык деп эсептейт.

"Республикага 2020-жылга чейин тыныгуу керек. Анын үстүнө саясатчыларга керек бардык өзгөртүүлөр акырындап башка мыйзамдарга киргизилип жатпайбы. Бул айрыкча сот бийлигине тиешелүү", — деп эсептейт саясат таануучу.

Конституцияны оңдоону демилелеп жаткандар белгилүү бир максаттарды көздөйт деп белгиледи Бактыгулов.

"Алар легалисттик ыкманы колдонуп жатат. Демилгечилер КРде жашоону алга карай өсүү нугуна коёт, жана башка эч бир күч-аракет кылунуун кереги жок деген ойдо. Дагы алар жөн эле сот бийлигин көзөмөлгө алгылары келип жатат", — деген бүтүм чыгарды эксперт.

Баш мыйзамын өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү демилгелөө ал мыйзамдын өзүнө каршы келет деп кошумчалады Бактыгулов.

"Бирок түзүүчүлөр документти жазып жатканда эле өзгөртүүгө тыюу салууну айланып өтүү жолун даярдап коюшкан", — дейт ал.

Ченем-укук акттарында жана башка мыйзам негиздеринде толгон карама-каршылыктарды оңдоо зарыл дейт эксперт. Мисалы, анын ою боюнча, бардык мыйзамдарды аягына чейин туура которуп, бардык төп келбестиктер менен карама-каршылыктарды четтетүү керек. 

"Эч кынтыксыз конституция болбосу түшүнүктүү, бирок биздики деле анча жаман эмес", — дейт саясат таануучу.

Андан тышкары, референдум жана баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү саясий күрөштүн куралы гана болуп, андан Кыргызстандын катардагы жарандары эле жабыр тартат деген кооптонуусун билдирди Бактыгулов.

29
Белгилер:
конституция, Жогорку Кеңеш, Шерадил Бактыгулов, Ирина Летова, Абдыманап Кутушев
Тема:
Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү (11)
Россиялык саясатчы Алексей Навальный. Архив

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

95
(жаңыланган 15:05 17.09.2020)
Алексей Навальный социалдык медиага ооруканага жаткырылгандан кийин биринчи сүрөтүн жарыялады. Саламаттыгы жакшыра элек болсо да, жалпысынан жылыш бар экенин кошумчалаган.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында блогердин "Новичок" менен ууланышы боюнча тыянактарды сындоону токтотууну талап кылды. Анткени, анын айтымында, Франция жана Швециядагы кайсы бир көз карандысыз лабораториялар бундесвердин адистери чыгарган корутундуну тастыктаган. Ушул маселенин тегерегиндеги Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Лабораториялар боюнча маалыматтар да жашыруун. Министр каалагандай болору арсар. Натыйжасы тескерисинче болушу да ыктымал. New York Times басылмасы ФРГнын коопсуздук органдарынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылуу менен Алексей Навальный сакайган соң Россияга "өз ишмердигин улантуу үчүн" кайтууга ниеттенгенин жарыялаган.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Эгер гезиттегилер чындыкка дал келсе, анда Навальный үчүн кубансак болот. Анткени, андай болсо, анын когнитивдик функциялары сакталгандыгын айгинелейт. Врачтар оор абалын эске алуу менен буга кепилдик беришкен эмес.

Соңку он жылдыктарда Россиянын "каалгасын тарс жаап" бир топ адам чыгып кеткен. Өз мекенинде аттуу-баштуу адамдар эмигранттардын жалпы массасына аралашып, коомдогу салмагын да тез жоготушкан. Кремль менен айыгышкыс күрөшчү абалы менен бирге каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн да ажырашкан. Михаил Ходорковский сымал чындап бардар адамдар россиялык оппозиционерлердин арасында аз.

Прага, Рига жана Лондондогу жупуну батирлеринде отуруп алып, социалдык медиада жаалдангандан башка аргалары жок. Алардын тагдырынан сабак алышкандай. "Биротоло Россиядан кеттим" деген билдирүүлөр аз жана акырын жаңырчу болду. Алексей Навальный алардын кейпин кийсе, бир топ эле ичи ачышмак. Акыркы убакта ал Россиянын эң белгилүү оппозиционерине гана айланбастан, өз тарапташтарынан каражат да топтой турган система түзүп алган. Үй-бүлөсү менен чет элдик кымбат курорттордо эс алуулардан тышкары кызын Стэнфорд университетине студент кылууга чейинки жагымдуу бонустарды камсыз кылып алган.

"Оңой тапкан олжосун" колдон чыгарууга, экинчи Скрипалга айланууга блогердин ниети да жоктугу таң каларлык эмес. Бирок Алексей Навальныйдын жеке кызыкчылыктары менен Батышта анын дартынын сүрөттөлүшү таптакыр дал келбейт.

Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты

Немистер тарабынан ага коюлган диагноз менен мекенине кайтышы коопсуздук жагынан мүмкүн болбогондой. Бирок блогердин кайра кайтууга ашыгып турганы айдан ачык. Ал эми бул каалоосу "Новичок" менен ууланбаганын жана өмүрүнө россиялык бийлик тарабынан эч кандай кооптуулук жок экенин айгинелейт.

Анткен менен немис тарап Москвага анын диагнозун тастыктаган маалымат берүүдөн дале баш тартып келет. Россиянын Башкы прокуратурасы германиялык кесиптештерине блогердин дартынын таржымалы тууралуу текшерүү үчүн кезектеги өтүнмөсүн жолдоду. Бирок Берлиндин иликтөөгө кол кабыш кылары күмөн. Блогер "Шаритэ" клиникасынан чыгарылганда алып келчү кагазы россиялык тийиштүү органдарга кыйла кызык маалыматты берер.

Айтор, Алексей Навальныйдын Россияга сөзсүз кайтуу ниети немецтерди бир топ жагымсыз жана оор абалга тушуктурат. Себеби бир нече аптадан берки Россияны каралоо аракети текке кетет.

Баса, мындай учур британиялыктар тарабынан кылдат иштелбеди беле. Скрипалдын ууланышы боюнча шоу масштабдуулугу жана чоо-жайына чейин этияттык менен иштелип чыгышы эле эмес, "курмандык" да абдан сабаттуулук менен тандалган. Эч кимге белгисиз жана керексиз тыңчы кураторлорунун кебинен чыкпайт. Лондон Скрипалдын аракеттерине кымындай да эркиндик бербей, журналист же дипломаттар менен бир да жолу сүйлөштүргөн эмес.

Алексей Навальныйды үй-бүлөсү менен кошо россиялык башкы оппозиционердин таттуу жашоосун өз ыктыяры менен таштоого көндүрүү өтө кыйын болор.

Блогердин Россияга кайтуусу менен Берлин бул окуянын тегерегинде өзү салган ызы-чуунун жагымсыз кесепеттерине кабылат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн алар "көндүрүү" же "ыктыярдуу түрдө" деген тейдеги ыкмаларга барары турулуу иш.

95
Белгилер:
кызыкчылык, уулануу, оорукана, Россия, Германия, Алексей Навальный
Тема боюнча
Чоң ката. Германия "Түндүк агым — 2" курулушун токтотуу талабын сындады
Америкалык Абрамс танктары. Архив

"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?

145
(жаңыланган 15:03 16.09.2020)
Жердеги күчтөр, бомбалоочу, истребителдер жана флоттук сокку уруучу топтор — Пентагон жана НАТО союздаш мамлекеттердин чек арасында кайрадан активдеше баштады.

Жакынкы күндөрү Литвага АКШнын танк батальону келип түштү. Ал "Атлантикалык чечкиндүүлүк" (Atlantic Resolve) деген окууга катышмакчы. Россиянын Космостук-аба күчтөрү стратегиялык авиация жана аба чалгындоочуларынын учуштарын көп каттай турган болду. Бул эмнеге байланыштуу экенин кесиптешибиз Николай Протопоповдун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Прибалтикалык "достор"

Ондогон Abrams танкалары, Bradley пехотасынын аскердик машинасы, сооттолгон жолтандабастар... Пабраддагы полигондо бүтүндөй чакан армия пайда болду. Ал эми буга дейре америкалыктар Литвага авиациясын да – Apache жана Black Hawk тик учактарын алпарышкан. Беларусь Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Союздук мамлекеттин чек арасынан болгону 15 чакырым аралыктагы литвалык полигонго беш жүз аскер кызматкери, 29 танк жана 43 пехота аскердик машинасы топтолгон.

Беларусь коргоо министри: чек арага жакын АКШнын танк батальону келип жайгашты

Прибалтикалык республиканын бийлиги америкалыктар литвалык аскер кызматкерлери менен биргелешкен окуу тапшырмаларын аткарышканын, пландалган машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, Вильнюс америкалыктардан литвалык полигондордо мүмкүн болушунча көбүрөөк окууларды өткөрүүнү өтүнүп, ал эми океан ар жагынан келген союздаштарынын жайлуулугун камсыздоо өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бирине айланган.

"Атлантикалык чечкиндүүлүк" америкалык күчтөрдү ротациялоо программасы АКШнын мурдагы президентинин тушунда эле башталган, — деп белгилейт "Валдай" аналитикалык клубунун аскердик серепчиси Артем Куреев.

— Белорустагы окуяларга ал түздөн-түз байланыштуу эмес. Бирок аны менен бирге эле коронавирус пандемиясына да карабастан, америкалык аскерлер ротация графигин бекем сактап, пландуу машыгууларды жылдырышпайт".

Эске салсак, АКШнын "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операциясын 2014-жылы Россия менен Крымдын биригишинен кийин дароо башташкан. "Россиялык агрессия" деген шылтоо менен америкалыктар Европанын ар кыл өлкөлөрүндө күчтөрүн жайгаштырып, акырындап алардын санын арттырып келет.

Чектен чыккан активдүүлүк

Эксперттердин баамында, 2014-жылдан тарта НАТО россиялык чек аралардагы аскердик активдүүлүктү эки эсе күчтөндүргөн. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу түндүк атлантикалык альянс кансыз согуш маалынан берки каршы турууга умтулат.

НАТО Чыгыш Европадагы ракетага каршы коргонуу тутумун түзүүнү улантып, аскердик инфраструктураны өнүктүрүүдө.

"Прибалтикадагы НАТО тобу кичирейбей турганы так, — дейт Куреев. — Бул мамлекеттердин элиталарына АКШ менен кызматташуу зарыл. Бул менен алар электоратка "орус коркунучунан" коргоону көрсөткүсү бар. Алар буга экономикадагы жоготууларын, порттордун жүгү толбогонун, орус тилдүү азчылыктын нааразычылыгын да дал ушуга шылтай алышат".

Анан калса, Германиядан айырмаланып Латвия, Эстония жана Литва өз армиясын өзү багууга, инфраструктура жана жай америкалык күчтөрдү жайгаштырууга кеткен чыгымдарды көтөрүүгө даяр.

Европада АКШ күчтөрүнүн дайым орун алышы кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Чыгыш Европадагы Пентагондун эң ири плацдармы азыр Польшада жайгашкан. Анда азыр төрт жарым миң аскер кызматкери бар. Жакында дагы миң жоокер келет.

АКШ эмнеге РФ жээктерине суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын жеткирүүдө? Саресеп

Вашингтон менен Варшава аскердик кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Документке ылайык, Польшада АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн командалык-штабдык структурасы жакшыртылат, аскердик даярдык борборлору түзүлөт. Армиялык жана транспорттук авиациясынын бөлүктөрү, ошондой эле атайын операциялардын күчтөрү уюшулат.

Ошону менен бирге эле АКШ 1997-жылы түзүлгөн Россия – НАТО Негиз салуучу актысынын жоболорун эптүүлүк менен буйтап өтөт. Ага ылайык, альянс чыгыштагы чек араларда туруктуу негизде күчтөрүн жайгаштырууга милдеттендирилген.

"Россияга" сес көрсөтүү үчүн Европага ондогон учак жана тик учактарды кайра жайгаштырышкан. Ошентип, Польшага F-16 истребителдерин жана C-17 Hercules транспорттук учактарын алпарышты. Балтика өлкөлөрүн жана Балтика деңизинин акваториясын абадан күзөтүү үчүн Литвага улам истребителдерин жөнөтүп турат.

НАТО боюнча союздаштарынын аэродромдорунун күчтөрүн көрсөтүү үчүн мезгил-мезгили менен өзүнүн бешинчи муундагы F-35 Lightning жана F-22 Raptor "көзгө чалдыкпастарын" да учуруп турат. Польшада MQ-9 Reaper чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуздардын эскадрильясын түзүшкөн.

"Булчуң" сынашмай

Европада АКШнын стратегиялык авиациясы да кызуу иштейт. Августтун аягында үч В-52Н бомбалоочу учагы Калининград облусу боюнча канаттуу ракеталар менен сокку урууга машыккан.

"Стратегдер" британиялык Фэрфорд авиабазасынан учуп чыгып, Нидерланды, Германия, Польшанын үстүнөн өтүп, эстониялык Тапа полигонуна барган. Ал жактан Россиянын аймагындагы объектилерин шарттуу бутага алган.

Сентябрдын башында "учуучу чептер" Украинага абадан көз салышты. B-52 Незалежнаянын аба мейкиндигине алгач жолу кирди, үч учак украиналык истребителдеринин коштоосунда өлкөнүн батыш чек арасынан Азов деңизине чейин жана артка учуп өтүштү.

Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн башкы командачысы Сергей Суровикиндин айтымында, апта ичинде эле, тагыраак, 28-августтан 4-сентябрга дейре АКШ бомбалоочу авиациясынын учактары Батыш жана Чыгыш Европанынын аба мейкиндигинде он ирет жалгыздап жана жана топ-топ болуп учуп жүрүштү.

Андан тышкары, ондогон "чалгынчылар" күн сайын россиялык аймактын чегин бойлой күзөтүп жүрөт. РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн истребителдери алардын алдын тороо үчүн бир күндө бир нече жолу абага көтөрүлүүгө аргасыз учурлары болот.

АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

Бирок Куреев белгилегендей, Россия Кытайдан айырмаланып "өз аймагындагы ар кандай сокку машыгууларын" алда канча салкын кандуу кабыл алып, аларга пландуу машыгуулары менен жооп кайтарат. "Пекин, маселен, мындайга кыжыры кайнайт, дароо өзүнүн аскердик күчүн болушунча көрсөтүүгө тырышат", — деп белгилейт эксперт.

Кошмо Штаттар суу мейкиндигин да көз жаздымда калтырбайт. Алардын кемелери Кара деңизге эле дайымкы мейман болуп келишпеди. Жай аяктаганда Норвегияга USS Seawolf суу түбүндөгү атомдук субмаринаны алпарышты. Андан мурун эле НАТОнун кемелери Исландиянын жээктеринде Түндүк Атлантикада кемелерге каршы коргонуу аракеттерине машыгышкан.

Май айында америкалык флот отуз жылдан бери биринчи ирет Баренцево деңизине кирип келди. "Портер", "Дональд Кук" жана "Франклин Рузвельт" ракеталык эсминецтердин, ошондой эле британиялык "Кент" фрегатынын экипаждары оор аба шарттарында аракет кылууга машыгышкан.

Мунун баары альянстын Түндүктө аскерий дараметин күчтөндүрүү аракеттерин гана тургай, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун жана Түндүк флоттун улам өрчүп бараткан күчүн да айгинелейт. Себеби кансыз согуш аяктап, СССРдин ыдырашынан кийин АКШ россиялык флотту олуттуу кас катары караган да эмес. Эми аны менен эсептешүүгө аргасыз.

145
Белгилер:
танк, НАТО, чек ара, курал-жарак, Беларусь, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиянын Су-27 истребители чет өлкөлүк тыңчы учактардын жолун тороду. Видео
"Штабын жайылтууда": АКШ армиясы Европанын түштүгүндө эмне даярдап жатат?
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

0
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

0
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты