Эшекти союп саткандардан арыз түшсө аны КТРКнын байкоочу кеңеши кароого даяр

Жазылуу
КТРКнын байкоочу кеңеши эгер аларга "Кайтал" АКтын атынан арыз келип түшсө, аны карап чыгууга даяр.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешине каналдын журналисттерине нааразы болгон доочулардан арыз келип түшсө аны карап чыгууга даяр. Мындай пикирин байкоочу кеңештин мүчөсү Калыйбек Асылбашев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Союлган эшектердин ветеринардык справкасы болгон
Сокулук районунун Манас айыл аймагына караштуу Акжол айылынан эшектерди союп саткан сарай "Кайтал" акционердик коомуна тиешелүү. Коомдун өкүлдөрү журналисттер сарайга мыйзамсыз кирип, мал союла турчу гана жерди тартып, элге алар тууралуу терс маалымат таратып, моралдык зыян алып келгенин маалымат жыйында айтышты.

"Кайтал" АКтын юристи Жаныбек Долбаев журналисттердин аракеттерина чара көрүлсүн деп Сокулук районундук сотуна арыз менен кайрылышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0