Бакиев Анапияевдин өлүмүнө күнөлүү экендигин сот чечет — Шушкевич

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүСтанислав Станиславович Шушкевич. Архив
Станислав Станиславович Шушкевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криминалдык авторитеттин өлүмүнө Бакиевдин бир тууганы канчалык күнөөлүү экендигин сот гана аныктай алат деп эсептейт мурдагы белорус жетекчиси Станислав Шушкевич.

БИШКЕК, 27-фев — Sputnik. Беларуссиянын мурдагы башчысы Станислав Шушкевич бейшемби күнү Sputnik кабарчысына Жаныш Бакиевдин күнөөсүн сот жана тергөө гана аныкташы керек деди. 

Белоруссиянын мурдагы лидери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн комментарийлеп жатып, бул контекстте бир нерсе айтуу ал үчүн татаал деди. 

"Менин басма сөздөрдөн жана тергөө комитетинде иштеген кесиптештерден гана алган маалыматым бар. Жана аталган окуялардын байланыштыгы бар деп ырастоо эртелик кылат деп ойлойм. Бул азырынча божомолдоолордун бири эле", — деди Шушкевич. 

Өз комментарийин Беларуссиянын мурдагы жетекчиси биздин өлкөдө беш жыл мурун болгон окуяларга көз карашын билдирген сөздөр менен бүтүрдү. 

"Кыргыз эли өз кайраттуулугу менен бул диктаторду бийликтен алып салды. Силер абдан туура кылгансыңар", —деди мурдагы белорус лидери.

Бейшембиде мамлекет башчысынын маалымат кызматы Атамбаевдин билдирүүсүн жайылткан эле. Анда мамлекет башчысы Кыргызстанда карапайым жарандарды өлтүргөндүк үчүн соттолгон кылмышкерлерди кармап өткөрүп берет деген белорус өкмөтүнө ишеничин билдирген. 

"Баарына белгилүү Жаныш Бакиев криминалдык чөйрөдөгү өзүнүн мурдагы жакын адамынын канын төккөн Минсктеги окуя Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуссияда толук жазасыздыкты сезгендиктен, өзүн өзү билгендик кылып баш кесерлери менен кошо киши өлтүрүүлөрдү улантып жаткандыгын далилдейт", — деди президент өз билдирүүсүндө.

25-февралда укук коргоо органдары Анапияевдин өлтүрүлүшүнө күбө болгон Гүлжигит Абилазизов 17-февраль күнүн криминалдык авторитеттин Минсктеги үйүндө болгон окуяны айтып берип жана өлтүрүүчү деп болжонгондорду сүрөтүнөн таанып жаткан видео тасманы жайылтышкан эле. 

Колу-буту байланган эркек кишинин жансыз денеси 18-февралда Минсктин Карл Либкнехт көчөсүндө автоунаанын багаж бөлүгүнөн табылган. Беларуссияга келген туугандары өлгөн адам эл аралык издөө жарыяланган Анапияев экендигин таанышкан. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен маалымат булагы Анапияевди өлтүргөндүк үчүн эки шектелүүчү кармалгандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0