Ош шаарынын мэри: менин ишимди эл баалайт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСтроительство эстакадного моста в городе Ош
Строительство эстакадного моста в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир жылдык жетекчилик ишмердүүлүгү, учурдагы улут аралык мамилелер, КРдин ЕАЭБге кирүүсү, күздө өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык туурасында айтып берди.

БИШКЕК, 11 — мар. — Sputnik. Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 жыл 2 айга чукулдап калды. Шаар башчысы бул убакыт ичинде жасаган иштери, келе жаткан парламенттик шайлоо, Ош шаарындагы учурдагы саясий кырдаал туурасында Sputnik маалымат сайты менен маек курду. 

— Айтмамат Тентибаевич, Ош шаары өнүгүүнүн жаңы баскычына өткөндүгү туурасында айттыңыз эле. Ал кандай өнүгүүлөр?

— Ооба, биз өнүгүүнүн жаңы баскычына өттүк десем туура болот. 2014-жылдын ичинде Ош шаарында 2 млрд. 769, 4 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Инвестициялык климат жакшырып, калаанын экономикасына 4,7 млрд. сомдук сырткы жана ички инвестиция тартылды. Бул Ош шаары үчүн жакшы көрсөткүч. Бир жыл ичинде алты ири ишкана ачылып, 913 жаңы жумушчу орундары түзүлдү. 2014-жылдын январь-декабрь айларында 297 жеке турак үй пайдаланууга берилди. Ал эми 2014-жылы шаар бюджетинин көлөмү 787 млн. сомду түзсө, жакында шаардын бюджетин эле кабыл алдык, бул 143 миллионго сомго көп болду. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 930 млн. 700 миң сомду түздү. Салыкты былтыркы жылга салыштырмалуу 111 млн. сомго көп топтодук, быйыл да ички резервдерди колдонуп, акчаны көбүрөөк топтогонго аракет бар.

— Эстакадалык көпүрөнүн курулуш процесси кандай жүрүп жатат, себеби, бул курулуш саясий өңүт алып калганы баарыбызга маалым?

— Шаардын так ортосуна түшүп жаткан көпүрөнүн айланасындагы ызы-чуу Ош аймагынын эле эмес, бүтүндөй республикада чоң баш ооруну жаратты десем туура болот. Бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат демекчи, азыр да "мурунку жетекчилер болсо, көпүрө курулуп бүтмөк эле" деген ойдо жүргөн адамдар жок эмес. Жумурай журтка Ош шаарынын мэри катары расмий маалымат бере кетсем. Көпүрөнүн курулушу 2014-жылы 28-майда кайрадан башталган. Буга чейин ар кандай ызы-чуу сөздөр болду деп айтпадымбы… Анын курулушу башталганда мурдагыдай ката кетирбешке, мыйзамдуу иш алып барганга аракет кылдык. Биринчи долбоордун наркы боюнча айтсам, мага чейинкиси 850 миллион сом деп түзүлүптүр. 

Чындыгында, тооккана салсаң дагы анын долбоору болушу керек. Эмне үчүн анын айланасында ызы-чуу көп болду? Аталган долбоор экспертизадан өтпөй туруп эле башталып, наркы 31 миллион сомго бааланган. Прокуратура тарабынан жокко чыгарылгандан кийин, Өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине курулуш боюнча долбоорун чийдирдик, ал 3 миллион сомго бүттү. Негизинен курулушу 3 баскычка бөлүнгөн. Учурда курулуштун экинчи этабы кызуу жүрүп жатат. Кудай буюрса, күз айларында толук пайдаланууга берилет. Ош шаарындагы автотыгын көйгөйлөрүн эске алып, биз кыска мөөнөттө эле толук пайдаланууга берели деп жатабыз. 

Акча каражаты россиялык гранттан бөлүнгөн. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев толугу менен чечип берген, учурдан пайдаланып ал кишиге шаардыктардын атынын ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

— Былтыр Ош шаарынын тургундары көгүлтүр от менен камсыз болууда кыйналганын билебиз, бул жаатта азыр абал кандай?

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун экинчи этабы жүрүп жатат
— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2014-жылдын 14-апрелинен тарта Өзбекстан газ берүүнү белгисиз себептерден улам токтоткон. Газ жоктугуна байланыштуу суунун көлөмү да аз болду. Элди кыштан кантип кыйналбай алып чыгуунун жолдорун май айында эле коллегияда талкуулап, карап баштаганбыз. Шаардыгы көп кабаттуу 640 үй болсо, анын ичинен 52 үйдү кайрадан борбордук жылытуу системасына уладык. Андан сырткары 27 жатакананы кайрадан жылуулук борборго улоого мүмкүнчүлүк болду. 29 бала бакчаны суюлтулган газ менен камсыздадык. Беш от казанды электр энергиясынан көмүргө өткөрдүк. Шаарда 5226 аз камсыз үй-бүлө болсо, аларды электр плиталары, газ баллондор менен камсыз кылганга үлгүрдүк. Бул президенттик жардамы менен жасалды. 

Көмүр казуучулар менен килограммын 4 сомдон сүйлөшүп, жер үйлөрдө жашагандарга көмүр таркаттык. Мындайча айтканда, энергетикалык коопсуздукка Ош шаарында 237 млн. сом акча салынды, анын ичинен 25 млн. сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен болду. Андан сырткары ар кыл кубаттуулуктагы бир нече трансформаторлорду сатып алып, орноттук. 

2014-жылдын август айларында "свет өчүрүүлөр болот экен, газ да жок болсо эми кантебиз?" деген суроолор пайда болгон. Ошондо эле 640 кабаттуу үйлөрдө электр энергиясы өчүрүлбөйт деп айтканмын. 

Кыштын тең жарымын газы жок эле жашадык, бул деген Кыргызстанда өзүн-өзү бага алат, бирөөлөрдүн алдына чөгөлөбөйт дегенди түшүндүрөт. Кудайга шүгүр, бүгүн газ бар, электр энергиясы жетиштүү. Ош шаарынын Жылуулук электр станциясында (ЖЭС) көмүрдүн да, мазуттун да запасы жетиштүү. 

— Сиз жетектеген аймактагы улут аралык мамилелер боюнча абал туурасында токтолсоңуз. 

— Ош шаарынын тургундарынын 49,8 пайызы кыргыз, 43,8 пайызы өзбек улутундагылар болсо, калганы башка улуттун өкүлдөрү. 

Өткөн жылдагы жетишкендиктерибиздин бири — элибиздин ынтымагы, биримдиги болду. Бул Ош шаары үчүн жакшы жышаан. 2010-жылдагы окуялар эмне менен аяктагандыгын жакшы билесиздер. Мындан ким зыян тартты, ким пайда көрдү, муну шаардыктар жакшы билет. Улут аралык мамилени чыңдоодо "Сулайман-Тоо – тынчтыктын, биримдиктин кепилдиги” деген программаны кабыл алганбыз, ал ар бир тармак боюнча иштеп жатат. Андан сырткары улут аралык мамилелерди спорт аркылуу чыңдоо максатында бир топ иш-чараларды өткөрүп келебиз. Эки улуттун аксакалдары биргешелип чай ичип дегендей, биргеликте элге тынчтыктын барк-баасын айтып, ынтымакка үгүттөп жатат. Өзбек тилдүү мектептерибизде Манас атанын класстары бар. Достукту, биримдикти бекемдей турган иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Бул багытта түйүндүү маселе жок. 

— Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра кылыбына келтирүү боюнча дирекция курган үйлөрдүн тегерегинде түйүндүү маселелер көп, буга эмне дейсиз? 

— 2010-жылдагы негизги максат — үйсүз калган адамдарды үй менен камсыз кылуу маселеси болгон. Ошол кезде дирекция кызматкерлери окту, отту кечип аталган жумуштарды алып барган. Эми иштеген жерде сөзсүз түрдө кемчилик болот экен. Кетирген кемчиликтер азыр кайрадан жөнгө келтирилип жатат. 

— Бул кемчиликпи же мыйзам бузуучулукпу? 

— Бул жерде бирөөлөр мыйзам буза турган болсо ал сөзсүз түрдө мыйзам алдында жооп бериши керек. Кетирилген кемчиликтер азыр оңдолуп жатат деп жогоруда белгиледим.

— Сиз да аталган дирекцияда иштегенсиз да, эмне иштерди алып бардыңыз эле?

— Ал жерде 2012-жылы 12-мартынан тарта башкы директордун биринчи орун басары болуп иштегем. Мен келгенден кийин бир жылдын тегерегинде аталган дирекция иши токтоткон. Кызматка жаңы киришкенимде курулуп жаткан үйлөргө тендерлер толук жарыяланып бүткөн экен, андан кийин бир да тендер өткөн эмес, курулуштун жүрүшү, эл менен иштөө, гуманитардык жардамдар боюнча иш алып баргамын.

— Сирияга кетип жаткандар Ош шаарынан да бар, бул боюнча акыркы маалыматтар кандай?

— Бул биздин коомубуздагы эң талылуу көйгөйлөрдүн бири. Күч органдардын расмий маалыматына таянсак, Ош шаарынан Сирияга 44 адам кетип, анын ичинен экөө каза болгон. Сирияга кеткендер көбүнчө 18-30 жаштагы жарандар. Бул жаатта алдын алуу, түшүндүрүү багытында ар тараптар комплекстүү ишти дайыма алып барып жатабыз. Булардын арасындагы жаш балдар эмнени түшүнөт, атайын сырттан келип, азгырган күчтөр бар.

— КР быйыл май айынан тарта интеграциялык жаңы уюмга киргени турат, бул боюнча пикириңизди эшитсек?

— Биринчи кезекте артыкчылык — "алыскы туугандан жакынкы кошуна" деген принципке таянышыбыз керек. Эртеби-кечпи бул уюмга (Бажы биримдиги – ред.) киришибиз зарыл болучу. Биз Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулгандан соң, КРдеги, Ош шаарыбыздагы өндүрүлгөн продукцияларды Россияга, Казакстанга, Белоруссияга түздөн-түз сатууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул жер иштеткен биздин аймактын дыйкандары үчүн жакшы болмокчу. Лабораториялар туурасында сөз болуп жатат, кудай буюрса, ошолор заманбап болуп кайра жабдыла турган болсо, бизде өндүрүлгөн продукцияларды эл аралык рынокко өткөрүүгө жакшы шарт түзүп берет деген ишеничте турабыз. 

— Күздө парламенттик шайлоо турат. Сиздин мэрлик иш саясий кызмат катары дагы болуп калууда. Ишмердүүлүгүңүздү мурдагы мэр Мырзакматовго салыштырган учурлар да көп. Буга кандай карайсыз? 

— Мурунку мэрби, азыркыбы, менден кийинкиби буга эл тараза болуп, баасын берсин. Мен эми өзүмө баа берип, айта албайм, андайдан такыр алысмын. Салыштырса, эч кандай реакция жасабайм. Эл өзү чечсин. 

Ош шаарында бейрасмий алсак, 500 миңге жакын, ал эми статистикалык маалыматтар боюнча 265 миң калк жашайт. Ош шаарында шайлоочулар 117 миңдин тегерегинде делген, азыр такталып жатат. Буга чейин 147 миң адам биометрикалык каттоодон өттү. Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун өтүшүнө аткаруу бийлиги материалдык-техникалык жактан ыңгайлуулуктарды түзүп беребиз. Кимге добуш беришти шайлоочулар өздөрү чечет. Эл арасында туруктуулукту камсыздоо боюнча да иштеп жатабыз. Эч кандай маселе жок, бүгүнкү күндө Ош шаарында саясий абал тынч. 

Жаңылыктар түрмөгү
0