Жарыктын баасын көтөрүүнү ДБ таңуулап жатат деп эсептейт Зульфия Марат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЭнергетика. Архивное фото
Энергетика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык активист Зульфия Марат өкмөт менен ЖК элдин эмес, Дүйнөлүк банктын каалоосун аткарып жатат деген көз карашта. Калкка суунун аздыгы тууралуу жөө жомокторду айтып, бааны көтөрүү зарыл деген маалыматты жаадырып жатышат. Бирок, суунун аздыгын окумуштуулар ырастаган жери жок дейт Марат.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Эрнест Карыбеков, Зульфия Марат жана Манасбек Султанов парламентарийлерге өкмөткө карата өз доо арызы боюнча тез арада сотко түшүндүрмө берүү, ошондой эле электр кубатынын баасын көтөрүүгө айыпкерлерди жоопко тартуу талабы менен кайрылышты. Бул маселе боюнча Sputnik кабарчысынын суроолоруна Зульфия Марат жооп берди. 

Гражданский активист Зульфия Марат
Гражданский активист Зульфия Марат - Sputnik Кыргызстан
Гражданский активист Зульфия Марат

— Өз талаптарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Сотто эки доо арызы жатат. Бири орточо мөөнөттүк тариф саясаты боюнча өткөн жылдын ортосунан бери каралып жаткан арыз, дагы бирин болсо биз 20-ноябрда орточо мөөнөттүк тариф боюнча экинчи саясат кабыл алынгандан кийин бергенбиз.

Электр энергетикасы жөнүндө мыйзамдын 25-беренесинде тарифтерге бардык өзгөртүүлөр акыркы өзгөртүүдөн алты айдан кийин каралышы керек деп айтылган. Ага ылайык жогоруда аталган экинчи саясат туура эмес кабыл алынган.

Биринчи отурум 2015-жылдын 16-февралында, ал эми экинчиси 5-мартта өтүп, сот Жогорку Кеңешке жиберген өз сурап кайрылуусуна расмий жооп келгенге чейин ишти токтото турууну чечкен. 

Өткөн жылы алардын баары тарифтерди бекитүү боюнча өз жоопкерчиликтеринен баш тартышкан. Бул жылы биз жылуулук-энергетикалык комплекси жана кендерди пайдалануу боюнча комитетке кайрылдык, дал ушул комитет соттун кайрылуусун карайт. 

Бул жерде энергетикалык комплексти башкарууда өзүнүн колунан эч нерсе келбестигин жашыруу аракети жүрүп жатканын, бөлүштүрүүчү компанияларга катыштыгы бар чиновниктердин да, депутаттардын да өз кызыкчылыктарын көздөп жаткандыгын биз жакшы түшүнөбүз.

Ушундан карапайым жарандар үчүн өз укуктарын коргоо канчалык кыйын экендиги көрүнөт, ал эми бул укуктарды ЖК коргошу керек. Эгер парламент муну кылбаса, бизге мындай парламенттин кереги эмне деген суроо туулат?

— Сиздин сөздөрүңүз революциялык "кетсин" деген ураанды эске салат. Бирок, бул сөздүн артында эч нерсе жок эмеспи. Сиздерде мыйзам чегинде мүмкүн болуучу чечим барбы?

Электрическая подстанция в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр кубаты боюнча жаңы тариф күчүнө кирди
— Конституциянын 52-беренесине ылайык, биз курултай чогултуп, бул маселелердин баарын талкуулоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Башкача айтканда, азыр пресс-конференцияда менин таламдаштарымдын сөздөрү — сунуш гана, бирок элдин жана алардын делегаттарынын да пикири бар. Ошол пикирлердин негизинде биз чечим кабыл алабыз, жана бул мыйзам чегинде болот.

— Мындай аракеттердин саясий максаттуулугу барбы?

— Мына сиз саясий максаттуулук жөнүндө кеп кылып жатасыз, а биз болсо элдин муктаждыгын айтуудабыз. Муктаждык бар, жана ал артыкчылык орунда турат. Эгер чечим кабыл алынып жана референдум өткөрүү демилгене турган болсо, бул элдин эрки деп айтууга болот. Эл мамлекттик бийликтин булагы болуп эл эсептелет, демек эгер ал кыйынчылыктарга туш болсо, мыйзамга ылайык анын себептерин четтетүү боюнча аракеттер жасалышы керек.

— Биздин энергетика системасына бөлүштүрүүчү компаниялардын зарылчылыгы барбы?

— Менимче, зарылчылыгы жок. Аларды дагы төшөмө компаниялар деп аташат. Алар болгону даяр өндүрүмдү кайра сатуу менен алектенүүчү компаниялар болуп эсептелип, алардын бири да энергетика тармагынын жабдууларын өнүктүрүүгө каражат кошкон эмес. Бул компаниялар Дүйнөлүк банк ойлоп тапкан жалган рынокту түзүүдө өз ролун ойношот. 

— Демек, ДБ энергетика тармагында койгон чечимдерге сиз каршысызбы?

— Өкмөт менен Жогорку Кеңеш элдин эмес, ДБнын эркин аткарууда. Жана электр кубатына тарифти жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияга да эл аралык каржы институттарынын бири акча төлөгөн. Элге суунун аздыгы тууралуу жөө жомокторду айтуу менен бааны көтөрүү зарыл деген маалыматтарды көп санда берип, калктын башын тегеретишкен. Бирок анда берилген маалыматтарды биздин окумуштуулар ырастаган жок. Алар келген суунун көлөмү эң көп болушу керек деген деңгээлдин 89 пайызын түздү деген далилдерди келтирүүдө. Ал эми Дүйнөлүк банк тарифти жогорулатууну өз колуна алууну чечкен. 

— КРдин энергетикасына менеджер —"легионерлерди" чакыруу жөнүндө өзүңүздүн таламдашыңыз Манасбек Султановдун айткандарына кандай комментарий бересиз?

— Бул көз караш туура эмес, жана бул анын жеке ою. Биздин өзүбүздүнколубуздан деле келет бул иш. Биздин энергетика тармагындагы адистердин саны 14 миңге жетет, жана алардын ичинен бардык маселелерди жөнгө салуу үчүн өз менеджерлерибизди таба алабыз. Азырынча бул муундун аталган татаал техникалык комплексти башкарганга кудурети жетет, сырттан адистерди чакыруу жөнүндө кеп кылуу али эрте. Чет элдиктерди бул ишке тартуу өзүбүздүн алсыздыгыбызды моюнга алгандык болот.

— Энергетика тармагында мамлекеттик жеке өнөктөштүккө кандай карайсыз?

— Былтыр биз мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жазганбыз. Биздин өзүнөн өзү болуучу монополист мамлекеттин ведомствосунда отурат. Бүгүнкү күндө энергетикалык комплекс бирдиктүү башкарууну талап кылат. 2001-жылы ДБнын айтканы менен мурдакы бүтүн бир система майдаланылып, чачыранды болуп калган эле. Азыр кубаттуулукту өндүрүүчү ишканалар менен бөлүштүрүүчү компанияларды бир жетекчиликтин алдында бириктирүүнү сунуштап жатабыз. Мамлекеттик башкарууну жакшы иретке келтирип алгандан кийин анан мамлекеттик жеке өнөктөштүк маселесин караса болот.

— Өз иш-аракеттериңиздерди жалпылап берсеңиз.

— Казакстандан электр энергиясын кфмбат баага сатып алып, аны элдин мойнуна жүктөп койгондун ордуна тарифтерди мыйзамга ылайык калыптандырууга карата жооптуу мамиле болушу керек. Ай сайын электр кубатынын тарифи өзгөрүп турган өлкөдө ишкерлер да, карапайым эл да алдын ала эч нерсени пландай албайт. 

Биз процесстер жөндөштүрүлүп, элдик курултайдын алдында өкмөт менен ЖК өз аракеттери үчүн жооп беришин колдойбуз. Ошондо гана бүтүндөй энергетикалык системаны, анын саясий жагын элдин муктаждыктарына ылайык келтире алабыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0