ЦУМда каза болгондор коопсуздук техникасын сакташкан эмес — жалдоочу

© Sputnik / Табылды КадырбековЦУМда каза болгондор коопсуздук техникасын сакташкан эмес
ЦУМда каза болгондор коопсуздук техникасын сакташкан эмес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондорду ишке жалдаган адам аларга коопсуздук техникасы тууралу күн сайын эскертчүмүн дейт. Бирок бул жолу "сактык курлары жерде жатыптыр".

БИШКЕК, 14-мар — Sputnik. Көзү өткөн адам жөнүндө жаман айтпайт, бирок алар өзүлөрү коопсуздук техникасын сактаган эмес деп билдирди Sputnik кабарчысына каза болгондорду ишке жалдаган "Байсал Курулуш" ЖЧКнын директору Курманбек Кочкорбаев.

Жума күнү эртең менен лифтин шахтасында болгон кырсыктан лифтти чечүүгө даярдап жаткан эки адам каза болгон.

Кочкорбаев аларды ишке жакында эле алганын айтты. 

"Бирин өткөн жылдын октябрында алгам, экинчиси кийинчерээк, декабрда келген. Экөө дос болчу. Газ-электр ширетүүчү болуп иштеп жатышкан. Мен дайыма сактык курун тагынгыла деп айтканымды угушчу. Бул жолу тагынбай коюшуптур. Сактык курлары жандарында жаткан экен", — деп айтып берди Кочкорбаев. 

Кыргызстандын Мамлекеттик экотехинспекциясынын өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аман Махмутовдун айтымында, жума күнү "Байсал Курулуш" ЖЧКын ширетүүчүлөрү ЦУМдагы жүк салынуучу лифтти реконструкциялоо ишин жүргүзүп жаткан. Ширетүүчүлөр Алтынбек Алиев менен Кылыч Эстебесов чечилген лифттин кабинасынын шахтасындагы электр чыгырыкка илмек менен илинген асма секиге менен газ-электр ширеткич жабдууларды алтынчы кабаттан ылдый карай түшүрүп бара жатышкан. Үчүнчү кабаттын тушуна жеткенде кислород толтурулган баллон секинин бир четине тоголонуп кетип, эки ширетүүчү тең шахтагы ылдый кулап кетишкен. Натыйжада экөө тең каза тапкан. 

"Айчүрөк" дүкөнүндө каза болгондор техникалык кызматкерлер экени айтылууда
"Байсал Курулуш" ЖЧК эски лифтти жаңыга алмаштаруу үчүн шахтаны даярдоо милдетин өзүнө алган болчу. 

Кочкорбаев лифттин шахтасына кулап кеткендер "жерге тийгенден кийин дагы 20-30 мүнөттөй тирүү болушчу" дейт. Азыр каза болгондордун сөөктөрү туулган жерлерине — Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарына жөнөтүлдү. Сөөктөрдү коюуга кетчү чыгымдардын баарын Кочкорбаев өзүнө алды. 

Каза болгондордун экөөнүн тең кичине балдары калганы белгилүү болду. Эстебесовдун эки баласы жана Алиевдин бир жашка чыга элек бир баласы бар болчу экен. 

Мамлекеттик экотехинспекция кырсыктын жагдайын жана себептерин аныктоо үчүн кызыккан тараптардын катышуусунда азыр комиссия түзүп жатат. Ага мамлекеттик экотехинспекциянын КРдин кесиптик кошуундар комитетинин, ЦУМдун жана "Байсал Курулуш" ЖЧКнын өкүлдөрү кирет. 15 күн ичинде комиссия өз ишинин натыйжалары тууралуу коомчулукка билдириши керек. 

ЦУМдун лифтинин шахтасында эки техникалык жумушчунун казаболгон факты боюнча Бишкектин Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0