Акаев: туулган жериме кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса дейм

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАскар Акаев. Архив
Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аксыдагы кайгылуу окуялардын 13 жылдыгында жана "жоогазын" ыңкылабынын 10 жылдыгына бир жума калганда Sputnik сайтынын кабарчысы Кыргызстандын туңгуч президенти, аталган окуя учурунда өлкө башында турган Аскар Акаевге суроолор менен кайрылды.
Акаев: я бы хотел вернуться навсегда и быть похороненным на родной земле

— Алакандай Аксы жериндеги окуялар элдин өз көйгөйлөрүн митингдердин жардамы менен чечүүнүн башталышы болду деп эсептейсизби? Жана сиздин көз карашыңызда, ал окуялар Кыргызстандын тарыхынын андан аркы жүрүшүнө кандай таасир этти дейсиз?

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы окуясы элдин аң-сезиминде революция жасаган чечүүчү учур болду
— Мен эч нерсеге комментарий бере албайм. Муну эстегим келбейт. Ал кандайча таасир кылганын да билбейм, мен мекенимде 10 жылдан бери боло элекмин.

— Аскар Акаевич, Кыргызстанда анда-санда сизди мекенине кайтып келет деген сөздөр пайда болуп калат.

— Эмне экен? Мен бул мыйзам ченемдүү суроо деп эсептейм. Мен каным-жаным менен кыргызмын. Ата-энем, бабаларым кыргыз хандары болушкан.

Эмнеге мен өз мекениме кайтууга акым болбосун? Албетте, мен качандыр бир кезде кайтып келем. Мен өз мекениме түбөлүк кайтып келип, сөөгүм ошол жакка коюлса дейм. Мен кантсе да кыргызмын!

— Аксы окуяларынан үч жыл өткөндөн кийин "жоогазын" деп аталган революция болду. 10 жылга артка карап, ошол кезде бир нерсе өзгөртө алат элем деп ойлойсузбу?

— Эч нерсе өзгөртүү мүмкүн эмес болчу. АКШнын Украинада кылгандарына бирөө тоскоол боло алдыбы? Ыңкылаптардын аркасы менен гүлдөп турган Украинаны кыйратышты. АКШга каршы ким эмне кыла алды? Эч ким эч нерсе кыла алган жок! Кенедей Кыргызстанга да эч ким жардам бере алган эмес. Америка мындай иштерге киришкенде, ага ким тоскоол боло алат?

АКШ бул долбоорду да ошондой эле берилип аткарган. Ал Борбордук Азиядагы биринчи долбоор болчу, ошон үчүн алар эч бир жаңылыштыкка жол бере алмак эмес. Мага кимдир бирөө кааласа да, жардам бере албайт болчу. Андай өлкө жок. Сак болгула! Кыргызстанда үчүнчү ыңкылап так эле Украинадагыдай болушу мүмкүн.

Бүгүн ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан болгон үмүтүн Россияга жүктөп, анын калкалоосу алдында болуп, коопсуздукка жана өнүгүүгө ниет кылып жатат.

— Кандай дейсиз, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу туура кадам болобу? Өлкөдө бул боюнча көз караштар бирдей эмес. Көпчүлүгү мындан экономикалык абал курчуп, социалдык чыңалуу күч алат деген ойдо.

— Бул абдан туура кадам, себеби кыргыздар кошула турган башка эч нерсе жок. ЕАЭБ – Кыргызстан өзүнүн өнүгүшү үчүн пайда таап кире турган жалгыз биримдик. Ошондуктан, бул туура кадам экендиги талашсыз. 

— Эмне үчүн Кыргызстанга америкалык багыт ылайык келбейт деп эсептейсиз?

— Тарыхый жактан Россия менен АКШны эч теңдештирүүгө болбойт. Америкалыктар кыргыздар үчүн ошол эле Марста жашоочулар менен бирдей. Алардан пайда алыста жаркылдап күйгөн, бирок эч жылуулук бербеген жылдызга барабар деп эсептейм. Ал каалаган учурда зыян алып келиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0