Кулов: Конституцияны өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун дагы жакшыртыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорундагы башкы өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө тиешелүү деп билдирди саясатчы. Мисалы, министрлер кабинетинин башчысына мэрлер менен акимдерди дайындоо, ошондой эле министрлерди кызматтан алуу укугун берүү сунушу бар, бирок дагы жакшылап иштеп чыгууну талап кылынган жерлер да жок эмес дейт ал.

БИШКЕК, 26-мар — Sputnik. Көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоорун дагы жакшылап иштеп чыгыш керек деп эсептейт. Ошондой эле ал партиялардын жыйындары аркылуу өз депутаттарын артка чакырып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилишин талап кылмакчы. 

Саясатчынын айтымында, парламенттин беш фракциясынын лидерлери 19-мартта өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашкан.

"Мыйзам долбоорун жалпы элдик талкууга алып чыгардан мурун фракциялардын лидерлери аны карап чыгышты, бирок толук жактырышкан жок. Негизги жерлери боюнча өз ара түшүнүүчүлүк бар, бирок дагы жакшылап иштеп чыгуу талап кылынган суроолор менен айрым бир сын пикирлер да жок эмес. Биринчи күнү, 30-мартта талкууга дагы бир вариант сунушталат. Ал айтылган сын ойлорду эске алуу менен иштелип чыкмакчы", — деди Кулов.

Ал бул мыйзам долбоорун жалгыз өзү демилгелебегендигин белгиледи. 

"Мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкуу жүрүп жатканына жарым жылдан ашты. Бардык фракциялардын лидерлери өз сунуштарын киргизген, бул жалпы жасалып жаткан иш. Мен демилгечилердин биримин жана уюштуруучулук жагын гана өзүмө алам", — деп баса белгиледи көпчүлүк фракциясынын лидери.

Мыйзам долбоорундагы башкы өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө тиешелүү деп билдирди саясатчы. Мисалы, министрлер кабинетинин башчысына мэрлер менен акимдерди дайындоо, ошондой жле министрлерди кызматтан алуу укугун берүү сунушу бар, бирок дагы жакшылап иштеп чыгуу талап кылынган жерлер да жок эмес дейт ал.

"Мен бул мыйзам долбооруна партиялардын жыйындары аркылуу өз депутаттарды артка чакырып алуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандай өзгөртүү киргизилишин да талап кылам", — деди Кулов.

Анын билдирүүсүнө караганда, өзгөртүүлөр сот бийлигине да тиешелүү болот.

"Азыр Баш мыйзам сот реформасынын илгерилешин чектеп, анын кенен болушуна жол бербей жатат. Бул кемчиликтерди жоюу зарыл. Биз сот реформасын мыйзамдар аркылуу өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк бергибиз келет", — деп кошумчалады көпчүлүк фракциясынын лидери.

Акырында Кулов мыйзам долбоору дагы жакшыртылып, аны фракциялардын лидерлери талкуулашы керектигин белгилеп, документтин бардык майда-чүйдөсүнө токтолбой тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0