Кулов жаңы премьер кандай болуш керектигин айтып берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOФеликс Кулов, Архив
Феликс Кулов, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө талапкерлерди тандоонун башкы көрсөткүчү болуп, ишке токтоосуз киришүү жөндөмү эсептелет деди парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жаңы премьер-министрдин талапкерлигине коюулуучу башкы талап ишке токтоосуз киришүү жөндөмү болот деп билдирди парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов.

Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик ордунан кете тургандыгы жөнүндө бейшемби күнү парламенттик отурумда депутаттар өкмөттүн 2014-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тааныгандан кийин билдирген. Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев Оторбаевдин отставкасын кабыл алган. 

Куловдун айтымында, министрлер кабинетинин башчылыгына талапкерлер коалицияда жетиштүү.

"Бүгүнкү күндө талапкерлерди тандоонун башкы көрсөткүчү анын —  ишке токтоосуз киришүү жөндөмү эсептелет", — деди саясатчы.

Нышанов: премьерлик орунга министр Сариевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп турат
Ушул жуманын башында алар фракция лидерлери менен кеңешүүлөрдү өткөрүп, жаңы премьер-министрликке талапкерди болжол менен жуманын ортосунда көрсөтө тургандыктарын билдирди коалициянын лидери.

Конституцияга ылайык, өкмөттүн жана премьер-министрдин отставкасын Кыргызстандын президенти кабыл алып же четке кагат. Өкмөт отставкага кеткен учурда ал жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. 

Жоомарт Оторбаев премьер-министрликке өткөн жылдын 9-апрелинде келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0