Кулов: депутаттарга кол тийбестик укугун алып коюу жакпай жатат

Жазылуу
Парламентарий ошондой эле сунушталып жаткан Конституциялык оңдоолорго ылайык, шалаакы же этиканы бузган эл өкүлдөрүн депутаттык мандаттан ажыратуу мүмкүндүгү да пайда боло турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Конституцияга оңдоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда парламентарийлерден кол тийбестик укугун алып салуу тууралуу пункттун болушу депутаттарга жакпайт деп белгиледи парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов.

Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү идеясы мурдатан эле өзүнөн өзү пайда болуп келген. 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы такталбай калган суроолорду чечүү ниетинен келип чыкты. Биринчи кезекте аткаруу бийлик тизмегинде өкмөт башчысынын ордун күчтөндүрүү керек.

"Бүгүн премьер өкмөт мүчөлөрү менен жергиликтүү администрация башчыларын кызматтан ала албайт. Дайындай алат, бирок алып салууга акысы жок", — дейт Кулов.

Азыркы Баш мыйзамдагы анча олуттуу эмес мүчүлүштүктөрдөн сот реформасы татаалдап жатканын белгиледи саясатчы. Анын маалыматы боюнча, бүгүн Жогорку соттун төрагасын соттун коллегиясы шайлагандыктан, ал ошол жаматтын мүчөлөрүнөн көз каранды. 

"Уруучулук, жердешчилик, жамаат ичиндеги оюндар пайда болуп жатат, бул туура эмес", — деп баса белгиледи коалиция башчысы.

Ошондуктан деп улантты Кулов Жогорку соттун төрагалыгына талапкерди президент көрсөтүп, ал эми парламент аны шайлап, бекитиши сунушталууда. Ошону менен бирге бул кызматтын социалык статусунан сырткары, саясий статусу да пайда болот. Ошондой эле Конституциялык палатаны Жогорку соттун курамынан чыгаруу сунушталууда.

Депутаттардын азыркы абалдагы кол тийбестигин алып салуу сунушталат деп белгиледи саясатчы. 

"Көпчүлүк депутаттарга бул жаккан жок. Алар эч ким сындабаганына, эч кимден коркпогонго көнүп калышкан. Эч кандай жеке жоопкерчилик жок, башкача айтканда, жалпы жоопкерчиликсиздик болуп жатат", — дейт Кулов.

Парламентарий ошондой эле сунушталып жаткан Конституциялык оңдоолорго ылайык, шалаакы же этиканы бузган эл өкүлдөрүн депутаттык мандаттан ажыратуу мүмкүндүгү да пайда боло турганын баса белгиледи.

"Эгер фракция партиянын жетектөөчү органынын сунушу боюнча депутатты алып салуу жөнүндө чечим кабыл алса, анын эл өкүлчүлүк ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурун токтотулушу мүмкүн", — деп белгиледи көпчүлүк коалиция башчысы.

Жаңы Конституция кайсы бир деңгээлде шашылыш кабыл алынганын билдирди.

"Мисалы, Баш мыйзамдын долбоорунда Копосуздук кеңеши бар болчу, бирок генерал Исаковдун сунушу менен ал Коргонуу кеңеши аталган. Эми КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулганда, бизден коргонуу кеңешинин катчысы чыгат. Баарынын сураганы: бизде эмне согуш болуп жатабы?" — дейт Кулов.

Бул бөлүгүн да оңдоону калашканын, бирок президент анын ыйгарымдары күчөтүлүп жатат деген сөз болбошу үчүн бул теманы козгобоону айтканын белгиледи саясатчы. 

"Өлкө башчысы Жогорку соттун талапкерин сунуштоого араң макул болду", — деп кошумчалады Кулов. 

Өзгөртүүлөргө карата мораторий боюнча ал Конституциянын 14-беренесинин 2-өлүгүндө бийлик органдарына тиешелүү бөлүмдөргө өзгөртүүлөрдү парламент 2020-жылдан тартып гана киргизе алат деп айтылганын жана бул маселе талкууланбастыгын айтты. Бирок ошол эле берененин кийинки бөлүгүндө Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу киргизсе болотдеп жазылган. Башкача ацтканда, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча элге мөөнөт жагынан чек коюлган эмес. 

"Баары элдин оюна жараша. Ал сунушталган өзгөртүүлөрдү колдойбу, колдобойбу өзү билет. Өтпөсө өтпөй калат, бул элдин чечими болот", — деди депутат.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим парламентте 80ден кем эмес добуш алып, андан соң Конституциялык палатанын кароосуна өтөт. Ошондон кийин гана жалпы элдик добушка алып чыкса болот деп сөзүн бүтүрдү Кулов.

Жаңылыктар түрмөгү
0