Ушаков: ЕАЭБ саммитинде КРдин биримдикке кошулуу кыйынчылыктарын талкуулашат

© Sputnik / Табылды КадырбековУшаков: ЕАЭБ саммитинде КРдин биримдикке кошулуу кыйынчылыктарын талкуулашат
Ушаков: ЕАЭБ саммитинде КРдин биримдикке кошулуу кыйынчылыктарын талкуулашат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Кыргызстан март айында учурда күчкө ээ протоколдорго ЕАЭБнын катышуучуларынын пикиринде логикага туура келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган деп билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу кыйынчылыктары Москвада өтө турган саммитте талкууланарын Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди деп кабарлайт РИА Новости.

Ушаковдун айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде республиканын ЕАЭБге кошулуу маселесин талкуулоо пландалган. 

"Негизги тема, кыязы, КРдин биримдикке кошулушу жөнүндө болот. Акыркы күндөрү айрым бир күтүүсүз кыйынчылыктар пайда болду. Алардын талкуулана турганы анык", — деди жардамчы журналисттерге.

Анын маалыматына ылайык, өлкө март айында учурда күчкө ээ протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

"Кыргызстан март айында учурда күчкө ээ протоколдорго ЕАЭБнын катышуучуларынын пикиринде логикага туура келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган", — деп кошумчалады Ушаков.

Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Россия, Беларусь жана Казакстан кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирди. Быйылкы жылы биримдикке Армения кирип, Кыргызстандын да кошулуусу күтүлүп жатат. ЕАЭБ түзүү жалпы ички дүң продукциясы КМШнын дүң өндүрмүнүн 85 пайызы түзүп келген мурдагы Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдү интеграциянын дагы жогорку баскычына алып чыгат. Ошентип, КМШ аймагында экономикалык өнүгүүнүн жаңы кубаттуу борбору боло турган эң ири жалпы рыноктун (170 миллион адам) түзүлүшү аяктоодо.


Жаңылыктар түрмөгү
0