Замир Ракиев: ажылыктын акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЗамир Ракиев: ажылык баруунун акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады
Замир Ракиев: ажылык баруунун акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык зыяратка камынган кыргызстандыктар Сауд Аравиясына 27-августтан 13-сентябрга чейин учуп, 15-октябрга чейин кайтып келип калышат деп билдирди муфтийдин орун басары.

ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар 2015-жылдагы ажылык сапардын наркы кымбат болуп кеткендигин жана мамлекеттик органдардын жагдайды иликтеп чыгуу зарылдыгын айтышты. Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Ракиевге суроо салды.

— 2015-жылдагы ажылык сапар кымбаттап кетти деген сөздөр коомчулукта айтылып келген, бүгүн ал туурасында парламентте да маселе көтөрүлдү. Замир кары, буга муфтияттын кандай жүйөсү бар? 

— Ажылык сапар өткөн жылы 2 400 доллар, быйыл 2550 доллар болду. Былтыр "Флай Дубай" авикомпаниясы 1350 доллардан ташыган. 2015-жылы Сауд Аравиясы үчүнчү өлкөнүн компаниясы менен учканга уруксат бербестигин айтып, зыяратчыларды эки өлкөнүн мамлекеттик компанияларды ташысын деген талап койгон. Биз конкурс уюштурганда Кыргызстандын "Манас эйр", Сауд Аравиянын "Флай Нас" авиакомпанияларынан арыз түшкөн. Тандоо учурунда жергиликтүү компаниянын кагаздары боюнча маселелер чыккандыктан, тобокелге салбайлы деп, ташуу укугун "Флай Наска" бергенбиз. Ал 1500 доллардан бир тыйын да түшпөйм деп койду. Баа ошон үчүн да көтөрүлдү. 

Кошумчалай кетүүчү нерсе, ушул эле компания Тажикстандык зыяратчыларды 1650 долларга, Казакстандыктарды андан да кымбат акчага ташып жатат. Экинчи дагы бир себеп, Сауд Аравиясы өздөрүнүн лицензиясын алган гана ресторандардан тамак-аш ичесиңер, болбосо виза бербейбиз деген шарт коюп, баага дагы 100 доллар кошулду. Буга чейин ажылыкка келгендерди Меккедегилер соопчулук үчүн тамактандырып, каражат үнөм болчу.

Мекке шаарындагы жатакананы бекер алгандыктан, 1000 доллардан ашыгын үнөмдөп жатабыз. Ал эми Мадина шаарында 4 түнгө жатакананы эптеп 150 долларга таптык. 

Хаджга бара жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат ажылык сапардын баасы 2,5 миң долларга чыккандыгына нааразы
— Азыр ыктыярдуу төлөм боюнча көп сөз жүрүүдө, ал чогулган акча кайда жумшалат?

— Жылына эле ажыга аттанган ар бир киши ыраазычылык кат менен ыктыярдуу түрдө муфтиятка каражат берип келишет. Быйыл деле адаттагыдай болду жана бул мажбурлоо эмес. Ал акча медреселер иштеп, дин көтөрүлүп, диний кызматкерлер жардам алышы үчүн берилет деп элге түшүндүрүлөт. Жардамды ал жерде айтылгандан аз же көп берсе да болот. Бул алардын өз ыктыяры. 

— Быйылкы ажылык сапарга ыктыярдуу төлөм канча суммада каралган жана анын көлөмүн ким аныктайт? 

— 130 доллар муфтиятка берүүгө каралган, 150 доллар аалымдар кеңешине, борбордук текшерүү комиссиясына, медреселерге деп кайрымдуулук катары бөлүнүүчү акча. Андан сырткары, 70 доллар ажылык штабдын ишин жүргүзүү үчүн кайрымдуулук каражаты деп жазып киргизилген. Мыйзам боюнча ажылыкты уюштуруу муфтияттын укугу жана бул боюнча атайын ажылык штаб иштейт. Тогуз казыяттын казылары, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, муфтий, анын орун басарлары, ажылык умра бөлүмдөрү, юристтер, биздин эсепчилер чогулуп, жыйырмага жакын киши ушундай көлөмдө акчаны белгилөөнү чечкен. Бул боюнча тиешелүү протоколдор бар.

— Зыяратчыларды коштоп бара турган ажы башчыларына канчадан каражат каралат жана аларды ким тандайт? 

— Ажы башчыларына Меккеге аттанган ар бир зыяратчылардан 50 доллардан бөлүнүп, ал чогулганда 2400 долларды түзөт. Кээ бирөөнө бул сумма арбын угулушу мүмкүн, ажылыктын азап-тозогун көргөндөр муну көп деп эсептеген жок. Ажы башчыларынын иши оор. Барган заыяратчылардын кээ биринде инсульт, кээ биринде ифракт кармайт, алардын керектүү буюмдарын алмаштырып, аурат жерлерин жууп, көтөрүп, коляска менен сүйрөп, өмүрүнө жооп бере турган иш. Ажы башчыларын облустук казылар комиссия аркылуу тандап, муфтийге сунуштайт да, маектешүүдөн өткөргөндөн кийин уруксат баракчасын тапшырылат. Зыярат учурунда ар бир ажы башчыга 48 кишиден туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0