Биометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив

Эксперт аңдуу жөнүндө: биометрикалык маалыматтарга "аңчылык" болот

72
(жаңыланган 12:20 03.06.2015)
Skype же Твиттер аркылуу сүйлөшүп, кат алышуу, түйүндөрдөгү аккаунттар же интернет мейкиндигине чыгарылуучу сүрөттөр — мунун баары атайын кызматтар пайдалана ала турган маалымат деп эсептейт эксперттер

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Кыргызстанда биометрикалык маалыматтар топтолгондон кийин ал маалыматка ээ болуш үчүн аңчылык башталат деген пикирде компьютердик коопсуздук боюнча адис. 

"Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында британиялык ICM Research изилдөө агенттиги жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык, Европа мемнен АКШдагы респонденттердин басымдуу бөлүгү дүйнөлүк ири социалдык түйүндөр жана IT компаниялары АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигине (УКА) пайдалануучулардын маалыматтарын мыйзамсыз берип турушат деген ишеничте. 

Эл аралык социалдык түйүндөр менен ири IT компанияларынын жек маалыматтарды жашыруун сактоого карата күч-аракет жумшап жаткандыктарын респонденттердин жалпы санынын 9%ы гана тааныйт.

"Далил плюс" эксперттик клубунун адиси Марс Сариев жер жүзүндө жашоочулардын баарын жапырт аңдыган эч ким жок, бирок Европага караганда бул процесс АКШда бир топ кенен жүрөт деп белгиледи. 

Ал Google же Facebook сыяктуу эң ири IT компаниялары кандай болбосун өз пайдалануучулары жөнүндө маалыматтарды берип турат деп кошумчалады. Стив Жобс абдан чоң каражаттардын жана мамлекеттик органдардын белгилүү бир колдоосу жок мынчалык бийик натыйжаларга жетише алмак эместигин Aplle компаниясынын өнүгүү тарыхы көрсөтүп турат. 

"Ушундай эле окуяны Facebook да башынан өткөргөн. Болгон айырмасы — Марк Цукербергди башынан эле кызыккан адамдар каржы жагынан колдоп, анан калса, ата-энеси да мурда чалгынчылык кызмат менен байланышта болчу", — дейт Сариев. 

Компаниялар жеке маалыматтарды бербейт деп ишенген америкалыктар көп экени түшүнүктүү, себеби анык пикирин айтуудан алар өзү үчүн коркушат. АКШнын тургундары кантсе да аңдуучулук бир топ көп экенин түшүнүшөт деп эсептейт эксперт.

"Skype аркылуу сүйлөшүү же Твиттер аркылуу кат алышуу, түйүндөрдөгү аккаунттар же интернет мейкиндигине чыгарылуучу сүрөттөр — мунун баары атайын кызматтар пайдалана ала турган маалымат", — деди серепчи. 

Кыргызстанда Манас авиабазасында орнотулган чуулгандуу "Эшелон" электрондук чалгындоо системасы эксперттин пикири боюнча азыр АКШ элчилигинин имаратында иштеп жатышы ыктымал. 

"Биздин атайын кызматтардын да көз салуу, аңдуу системалары, кайсы бир белгилүү сөздөр пайда болгондо иштей турган программалары бар. Бирок, кеп аңдуунун өзүндө эмес, ал кандайча жана кайсы максаттарда колдонулушунда. Биометрика да толук көзөмөлгө алуу системасына кирет десе болот", — деди Сариев. 

Анын көз карашында, ар бир эле мамлекет өз жарандарына көз салууга умтулушу акылга сыярлык эле көрүнүш жана буга илимий-техникалык процесс да өбөлгө түзүп турат. Түрдүү экстремисттик маанайдагы адамдарды, террористтерди жана башка кооптуу элементтери көз жаздымдан чыгарбоо коопсуздук тармагынын компетенциясына кирет.

"Бирок жарандык коом, көз карандысыз ЖМК сыяктуу тең салмактап туруучу факторлор жок болсо, бийлик аталган системаларды пайдаланууда кыянаттык кылат деген мүмкүнчүлүктү чоңойтот", — деп жыйынтыктады Сариев.

Компьютердик коопсуздук боюнча адис өз атын атабоо шарты менен айтып бергендей, мамлекеттик түзүмдөр үчүн жеке маалымат алуу жөнүндө ири IT компанияларынын өкүлдөрү менен макулдашып алган оңой жана пайдалуурак. Жана бул туурасында алар ачык айтып, моюнга алат деген ишенич, майдараак компанияларга караганда аз. 

Ал америкалык чакан бэкап-провайдери rsync.net менен болгон чуулгандуу окуяны түшүндүрүп берди. Анда аталган компанияга "штаттык кийимчендер" кайрылып, мыйзамдуу негизде маалымат топтошкон. Компания буга каршылыгын билдирүү катары өз пайдалануучуларына бул иш-аракеттер жөнүндө кабарлаган. 

"Андан соң АКШда пайдалануучуларга алардын маалыматтарын атайын кызматтар алганы туурасында кабарлоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ошондон киийн rsync.net маалыматтарды бергендиги туурасында үн катпай, бирок алардын маалыматтарын эч ким кызыккан эместиги жөнүндө жазылган каттарды күн сайын тарата баштаган. Ал эми мындай кат келбей калган күнү маалыматтар "тийиштүү тарапка" кеткенин пайдалануучулар түшүнүшчү", — деп айтып берди эксперт. 

Анын пикиринде, ири компанияларга таасир көрсөтүү жеңилирээк, себеби алар көп сандагы тартип бузууларга жол берет. Демек, аларды тузакка илип алып, каалаганыңды жасатыш оңой. Анан калса, лицензия түрүндөгү уруксат берүүчү документтер жана башкалар таасир көрсөтүүнүн кошумча куралы болот. 

Skype сүйлөшүү же кат алышуу жүрүп жаткан өлкөлөрдүн аймагындагы атайын кызматтарга байланыштарды илип алып тыңшоого, окууга мүмкүнчүлүк бере турганы баарына маалым. Мурдараак, Skype чакан компания кезинде мындай аракеттер болгон эместигин айтат адис. 

"Компания маалымат берүүнүн таптакыр башка, борборлошулбаган протоколун пайдаланчу, бирок Microsoft ири компаниясына сатылгандан кийин протокол борборлошулуп жана көбүрөөк көзөмөлгө алынып калды. Эми байланышып жаткандардын үнү менен жазган каттары сөзсүз түрдө маалыматты алып калуу түйүндөрү аркылуу өтүп турат", — деп түшүндүрдү эксперт. 

Ал техникалык жактан алганда мындай чечим регрессивдүү болгону менен, уюштуруучулук жактан ишкердикти өтө пайдалуу ирилештирүү болуп эсептеле турганын баса белгиледи.

"Коопсуздук өзүнө көп түшүнүктөрдү камтыйт, жана аларды бийликке, бизнеске же жөн эле айрым адамдарга пайдалуу болгудай кылып ар кандай чечмелөөгө болот", — деди адис.

Анын пикиринде, биометрикалык маалыматтарды топтоо да коопсуздук фактору болуп эсептелет, бирок анын да эки тарабы бар жана аны да эки башка калчап койсо болот.

"Албетте, бул туурасында эч ким ачык айтпайт, бирок биометрикалык маалымат топтолуп бүткөндөн кийин бизде ага аңчылык башталат", — деди адис. 

Эгер бул маалыматтарды "сейфке салып туруп, унутуп коюшса", алар коопсуз сакталышы да мүмкүн. Бирок эгер аны кенен пайдаланууга аракет кылыша турган болсо, маалымат топтому "агылып кетет" деген коркунуч чоң деген пикирин билдирди адис.

72
Белгилер:
IT компаниялары, аңдуу, эксперт, Биометрикалык маалыматтар, Марс Сариев
Тема боюнча
Сот: калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жөнүндөгү мыйзам – Конституцияга каршы
Сариев биометрикалык маалыматын тапшырбаган киши добуш бере албастыгын айтты
КР жарандары Самара жана Казанда биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат
Искандер-М ракетасы машыгуу убагында полигондо. Архивдик сүрөт

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

226
(жаңыланган 13:59 26.09.2020)
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

226
Белгилер:
божомол, эксперт, өзөктүк курал, келишим, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

107
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

107
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот. Кеңеш

10
(жаңыланган 15:57 27.09.2020)
Батир сатып алууга тыйыны жетпеген сатып алуучунун баянын курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Ипотекага ашыкча каражат төлөгүсү жок, бирок, дароо акчасын чыгарып турак жайды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт...

Бектур Садыров борбор калаадагы ири курулуш компанияларынын биринде жети жылдан бери коммерциялык директорлукту аркалайт. Ал жаңы курулган үйдөн батирге ээ болуунун оош-кыйыштары туурасында айтып берди. Чатырлуу болууну чечкен бишкектиктерге пайдалуу болчудай.

— Келиңиз жаңы үйлөр туурасында сүйлөшөлү. Коронавирус кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды төмөндөттү десек болобу?

— Балким, эң арзан кыймылсыз мүлктүн баасы түшүп кеткендир. Рынокко тыкыр көз салып турам, кээде өтө төмөн баадагы батирлерди таап калам. Маселен, жер казылып жаткан баскычында батирлер бир чарчы метри 350 доллардан сатылган. Карантинге дейре алар 500 доллардан турган. Башкача айтканда, эконом-сегменттеги оюнчулар арасында эбак баа согушу – демпинг башталды. Ошону менен бирге эле баамдаган болсоңуздар, рынок лидерлери 20-30 пайызга арзандатпайт. Андай батирлердин баасы башта кандай болсо, азыр да ошол калыбында. Мисалы, биздин ишканага эпидемиядан улам талаптын азайганы туюлган жок.

Эгер батир сатып ала турган болсом, эң арзан турак жайды албас элем. Андан көрө бир аз күтө туруп, акчаны толуктап, чарчы метри 600-700 доллардын тегерегиндеги батирди сатып алган дурус.

— Аябай арзан батирлердин эмне мандеми бар?

— Мисалы, жер көйгөйлүү болушу мүмкүн. Балким, ижарада турат. Көп нерсе жерге жараша: эгер Бишкектин дал ортосунда жана чет жакасында бирдей эки үй курулса, анда чарчы метри борбордогу 200 долларга кымбатыраак турат.

Анан да арзан турак жайды сатып алуучу бир катар ыңгайсыздыктарга тушугушу ыктымал. Мисалы, лифт улам иштебей калат же кошунаңдын ойгонгону угула берет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Азыр эл акчадан мурдагыдан да кыйналып калды. Эгер батирге акчасы болбосо, бирок, үй-жайлуу болууга ашыгып турса, сиз эмнени сунуштайт элеңиз? Ипотеканыбы?

— Коңшу мамлекеттерде, тагыраак Казакстан менен Россияда кыймылсыз мүлк келишимдеринин 80 пайызы — ипотека. Биздин өлкөдө да ипотека сатууну олуттуу түрдө жогорулата алмак. Бирок, бүгүнкү күндө биздин банктар ипотеканы өтө жогору пайыз менен беришет.

Бизде ипотеканын жылдык пайызы 10-16ны түзөт. Адатта сатып алуучу аны кеминде беш жыл төлөйт. Эсептесек, сиз банкка ушул убакыт аралыгында батирдин наркынан 60, ал тургай, 100 пайыз ашыра төгүүгө аргасыз болосуз.

Башка бир, кыйла пайдалуу жолу – батирди курулуш ишканасынан сатып алуу. Алдыңкы саптагы курулуш компаниялары 2,5 жылга бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет. Айрымдары 5 жылга чейин күтүүгө даяр. Мындайда сатып алуучу эч кандай пайыз төлөбөйт.

Турмушта орун алган бир учурду сизге мисал келтирейин. Бизде бир бөлмөлүү батир 23 миң долларга сатылып жаткан. Аны ага каражаты жетпей калган сатып алуучу алган. Батирдин наркынын 30 пайызын (8 миң доллардын тегерегинде) төлөп, эки жарым жыл айына 550 доллардан төлөгөн. Эми ал – ошол кишинин батири.

— Сатып алуучу кайсы бир маалда төлөй албай калса, кантет?

— Батирди сатыкка чыгарышат, мурдагы ээси салган акчасын кайтарып беришет. Негизи, коронавирустан улам ижаралап жашаган бишкектиктер өз чатырын сатып алууга белсеништи. Бир нече ай маянасыз калып, алар турак жайыңдын болушу канчалык маанилүү экенин түшүнүштү.

Бишкекте батир ижаралоо дүйнөлүк ченем боюнча анчалык арзан эмес. Башкача айтканда, турак жайды жети-он айга ижаралоо менен бишкектиктер анын наркын төлөгөндөй эле болушат.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Ижарага бергендер үчүн пайдалуубу?

— Ооба, турмуштан мисал келтирейин. Биздин туруктуу кардарларыбыз бар. Алар ар бир комплекстен бирден батир сатып алышат. Адегенде бирди, анан, экинчисин сатып алышат, анан үчүнчүсүн.... Элестүү түшүндүрө турган болсок, улам кийинки батирге алар өз батирлериндеги ижарачылардын эсебинен кутулушат. Ошентип, кыймылсыз мүлк кыймылсыз мүлктү “сатып алат”.

— Ижарага берүү үчүн кандай батирлерди сатып алуу пайдалуу?

— Эконом-класстагы кыймылсыз мүлктү алда канча бачым ижарага бере аласыз. Бирок, анда да баа чеги бар: бир бөлмөлүү батирди 250 долларга, эң көп дегенде 300 долларга берилет. Эгер премиум класстагы батир алсаңыз, анда аны үч бөлмөлүү батирдин баасында берүүгө болот. Андан сырткары, адатта андай тургундар менен да көйгөй азыраак. Бирок, баары дайым эле ушундай тегиз боло бербейт.

— Сиздерден мамлекеттик ипотека боюнча турак жай сатып алгандар барбы?

— Мамлекеттик ипотека менен кайрылгандар болгон, бирок, алардын бири да бизден турак жайды ийгиликтүү сатып ала алышпады. Анткени, каржылык алкакка сыйбайт. Ал жакта кандай акча бөлүнөрүн билбейм, бирок, көпчүлүгүндө болгону 20 миң, кээде 25 миң доллар болот, бирок, ремонттолгон батирди каалашат. Тилекке каршы, бизде андай сунуш жок.

— Даяр батирге караганда тээ чуңкуру казылып жатканда сатып алган оң экени түшүнүктүү. Бирок, билишимче, бул – кыйла кооптуу жол.

— Ооба, Кыргызстандын рыногу бөтөнчө. Балким, турак жайдын 95 пайызы курулуш убагында сатылар. Бирок, кээде мындай болуп калат: курулуш компаниясынын кожоюну эч нерсени куруп үлгүрө элек, бирок, үлүшчүлөрдөн аябагандай чоң сумманы алып коет. Андай байлык ишкананын ээсинин башын айлантышы ыктымал. Акчанын баарын өзүнүкүндөй көрүп алат. Анын кесепетинен, курулуш токтойт, үлүшчүлөр жапа чегет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Бир риелтордон: “Эгер 10 курулуш ишканасы октябрда үйдү пайдаланууга берейин деп убада кылды дейли. Алардын канчасы убадасын аткара алат?” деп сураганымда ал: "Эч бири!" – деп жылмайган эле. Эмнеге андай болуп калат?

— Мамлекеттик органдар менен иш алпарууда ушундай – өтө бюрократиялык жагдай бар. Бир жолкусунда биз өзүнчө бир рекорд койгон элек, 12 кабат үйдү болгону жети айда пайдаланууга бергенбиз. Бирок, бул процедура бир жылдай жана андан да узак сүрүшү мүмкүн. 2016-2017-жылы курулуп баштаган, бирок, алигүнчө пайдаланууга бериле элек көп үйлөрдү көрдүм. Ошентсе да, эл кирип жашап алган.

— Колдонууга берилген же бериле элек үйлөрдөгү жашоо кандай айырмаланат?

— Биринчиден, жашоочулар шаардык коммуникациялык көйгөйлөргө көп кабылат: үй курулуш компаниясынын балансында тургандыктан, электр үчүн 73 тыйын эмес, 2,7 сом төлөөгө туура келет. Анткени, коммерциялык тариф сакталат. Негизи, мындай ашыкча чыгымдарды курулуш компаниясы жаап бериши керек, бирок, дайым эле андай боло бербейт.

Экинчиден, пайдаланууга берилгенче объект бүтө элек деп эсептелет. Башкача айтканда, жашоочулар үйдүн айланасындагы жерди толук кандуу балансына алып, ТСЖ кура алышпайт.

— Бишкектиктер негизинен шаардын кайсы бөлүгүндө жашагысы келет?

— Биз максаттуу аудитория ичинде сурамжылоо өткөргөнбүз. Көпчүлүгү калаанын түштүк жагын тандайт. Бирок, көңүлү гана ошол тараптарды самайт. Акыл менен борбор ыңгайлуу экенин түшүнөт. Ал жакта мектеп, бала бакча мыктыраак, анан да жумушу борбордо жайгашкан.

Бирок, пандемиядан улам шаардыктардын көбүнүн көз карашы өзгөрдү. Үйдүн айланасындагы таза аба, кең мейкиндик, сейилдөөнүн канчалык маанилүү экенин аңдашты.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Көлөмү жагынан кандай батирлер жакшы өтүүдө? Маалыматыңыз барбы?

— Бишкектиктер оптималдуу пландалган батирлерге умтулушат. Холл же ашыкчы бурчтарга кеткен 10 чарчы метр үчүн төлөгүлөрү келбейт. Азыр кичирейтилген пландоого талап байкалууда. Бирок, бул советтик стандарттарга кайра кайттык дегендик эмес.

Маселен, алты чарчы метрлик ашканасы бар 60 чарчы метрлик үч бөлмөлүү батирди эми эч ким каалабайт. Ал убакты басып өттүк. Азыр 80-100 чарчы метрлик үч бөлмөлүү турак жайларга талап жаралды.

— Каатчылыктан улам элдин капчыгы жукара түштү. Курулуш компаниялары бааны ылдыйлатарын боолголоого болобу?

— Узакка созула турган каатчылык ыктымалдыгын да карадык, бирок, 2010 жана 2015-жылдардагы тажрыйба да бар. Кандай кыйынчылык болбосун, адамдар баары бир кыймылсыз мүлктү сатып аларын аңдадык.

Эч нерсеге карабай ишин уланткан компаниялардын катарында болгубуз келет. Маселен, биз үчүн ким президент же мэр экени мааниге ээ эмес, биз саясаттан оолак ишканабыз. Биздин негизги милдет — үйлөрдүн курулушун белгиленген мезгил ичинде бүткөрүү.

10
Белгилер:
адистик, ипотекалык насыя, батир, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат