Ислам мамлекетинин желеги. Архив

Эксперт: "Ислам мамлекетин" "Правый сектор" менен окшоштурууга болот

221
(жаңыланган 18:12 05.06.2015)
Дүйнөдөгү "Ислам мамлекети" ("Даеш") деп аталган радикалдык уюмдун коомго тийгизип жаткан кесепети, анын түзүлүш тарыхы жана геосаясий кызыкчылыктардын дүйнөлүк масштабдагы атайын долбоорлору туурасында КРдин Стратегиялык изилдөөлөр жана прогноздоо институтунун эксперти Аман Салиев Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

— Дүйнөлүк коомчулукту түйшөлдүргөн маселелердин бири – "Ислам мамлекети" ("Даеш") болуп турат. Кыргызстанда да бул радикалдык уюмга байланышкан баш оору жаралды, мындан аркы абал кандай болот? 

—  "Ислам мамлекети" ("Даеш") менен Кыргызстанга байланышкан суроолорду бир топко бириктирип, бардык мамлекеттер үчүн жалпылаштырып кароого болбойт. Ар бир өлкөнүн ичиндеги абал ар кандай. "Аль-Каида" сыяктуу эле "Ислам мамлекети" да ири геосаясий оюндардын продукциясы. Бул мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда эмес, ириде чоң державалардын Батыш блогундагы ортосунда жүрүп жатат. 

Бирок, азыр биздеги көрүнүш — 2001-жылдагы Нью-Йорктогу 11-сентябрда жасалган теракттан кийин пайда болгон. Исламга каршы догурунган механизмин коё беришип, теракттарды негизи, текшерүүсү, анализи жок эле исламга жамоо башталды. Алгач, исламды "Аль-Каида" менен байланыштырышты, эстей келсек, Иракты бомбалоо алдында эмнегедир "Аль-Каиданы" Саддам Хусейнге тиешелүү кылып коюшкан. Массалык кырып, жок кылуучу куралдары болгон деп күнөөлөп, аны таппаганы менен баары бир бомбалап тынышты. Бардык террористтик уюмдар мусулмандарга дүйнөдө күчтүү көйгөйлөр жаралышы үчүн пайда болот. Кызыкдар болгон ири мамлекеттер кызыкчылыгы кайсыл жерде болсо, ошол жерде көйгөй жаратышат. Каршылашып жана таасир эте турган аймакты бөлүп алуу үчүн ири державалар мурдагыдай согуш ачпайт, алар тек гана ар кыл күчтөрдү түзүп иштейт. Террористтик уюмдардын колу менен алардын ири маселелери чечилип жатат. Биз маани берип, түшүнө турган нерсе — террористтик, экстремисттик уюмдарды диний окумуштуулар, аалымдар жараткан жок. Борбор Азиялык же Түштүк-Чыгыш Азиянын, Түркиянын мусулман окумуштуулар жамаатынан эч ким сураган эмес. Көп нерселерде бул уюмдар мусулман өлкөлөрдө кызыкчылыгы күч болгон башкалардын атайын кызматтарынын, алардын ар кыл түзүмдөрүнүн продуктулары. Азыр бардык ири саясий уюмдар, ири долбоорлор мусулман дүйнөсүндө, геосаясатта, экстремизм, терроризм менен күрөштө, конкреттүү тапшырмалар менен түзүлгөн. 

— Айтсаңыз, чала сабат эмес, илим-билимдүү полковник Тажикстандагы ОМОНдун башчысы Гулмурод Халимовдун радикалдык уюмга кирип кетиши эмнеден кабар берет? 

— Тажикстанда азыр Баш мыйзамда бекитилген укуктарына карабай мусулмандарга басмырлоо саясаты жүрүп, мисалы, жоолук оронуу, сакал өстүрүү же исламдын кайсы бир агымына кирүүсүнө тыюу салынып жатат. Жоолук менен сакалдын терроризм, экстремизм же геосаясат менен эч кандай байланышы жок. Дүйнөдөгү динге ишенгендер арасында "Ислам мамлекети" деген кандай эмне экендигинен түшүнүгү жоктор бар. Жогорудагыдай тыюу салуулары, чектөөлөрү менен Баш мыйзамга, БУУнун уставына каршы болуп жатат. Бул ар бир адамдын жеке укугу. Мындай тыюу салуулар албетте, кайра жооп кылып, каяша берүүнү жаратууда. 

Коңшулардагы мындай репрессиялык ыкмалардан улам ири көмүскө аскерий оппозиция пайда болгон. Учурда бул адамдар менен эч кандай диалогго барууга болбойт жана аны кайра ынандырууга, радикалдык көз караштарын өзгөртүүгө эч мүмкүн эмес. Аталган мамлекет аларды тоготпой, андан сырткары репрессиялык ыкмаларды колдонгон агрессивдүү саясатты жүргүзүп жатат. Биз Европа дагы, Америка дагы эмеспиз, жаныбызда Афганистан жайгашкан. Биздин тарыхый жолубуз башка, көз караштарыбыз башка. 

— Дегеле, бул радикалдык уюмдун Борбор Азияга кооптуулугу канчалык, себеби буга чейин биздин кошуна мамлекеттердин чек арасында бир топ күчтөрү топтолду деген маалыматтар тараган эле? 

— "Ислам мамлекетинин" кооптуулугу биздеги геосаясий суроолордун канчалык деңгээлде курч турушуна карата болот. Эгерде бул маселелердин чечилиши кызыкдар тараптар үчүн анчалык көйгөйлүү болбосо, аталган уюм анча деле коркунуч жаратпайт. Бир мисал. Мунай заттарынын ресурсу боюнча ири оюнчу катары эл аралык рынокто Түркмөнстан Борбор Азияда өтө маанилүү орунду ээлейт. Ресурстар маселеси геосаясатка байланыштуу болору баарыбызга маалым. Вашингтон расмий түрдө Ашхабадга "Ислам мамлекети" алардын аймагына мына-мына кирип келет деп кабарлаганы бар. Бул кыйыр же түз түрдө газ, мунай маселесине байланыштуу болгон, себеби, Ашхабадда газды ташуу боюнча Батыштагы өнөктөштөр менен ар дайым маселе жаралып турат. Алардын канчалык түрдө ийгиликтүү же майнапсыз чечилип жаткандыгына байланыштуу "Ислам мамлекетинин" ошол аймакта пайда болушу турат. Биз тигил же бул күчтүү мамлекет армиясы эмес, жасалма жол менен түзүлгөн аскерлештирилген топтор аркылуу согушкан коомдо жашап жатабыз. Учурдагы террористтик түзүмдөр геосаясий согушту жүргүзүүнүн жүздөгөн ыкмаларынын бир жолу. Маселен, "Ислам мамлекетин" "Правый сектор" менен окшоштурууга болот. Маселен, аны Украинадагы конкреттүү тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланып жатышса, берки исламдык уюмду жогоруда биз айткан максатта колдонушууда. 

— Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен, Кыргызстанда бул жагдайга кандай прогноз бересиз? 

— Кыргызстан ичинде туруксуздук жаралып, кезектеги революция, төңкөрүш, улуттар аралык кагылышуу, түндүк-түштүк нааразычылыгы, же түштүктө жаңы конфликт чыгып кетсе, сөзсүз эле "Ислам мамлекети" эле эмес, башка диний уюмдарбы же регионалдык күчтөрбү кимиси болбосун пайдаланып кетиши мүмкүн. Кыргызстандагы дестабилизация, мыйзамдардын сакталбашы, соттордон карапайым адамдардын жеңип албашы, коррупциянын жеткен чеги, ушулардын бардыгы чогулуп келип, ар бир террористтик, экстремисттик уюмдар үчүн эң сонун делген шарттарды түзөт. 

Биз башкалардай болуп жоолук менен сакалга тыюу салбай, коомчулукта социалдык абалдын жарылып кетишин чыгарбай турган шарттарды түзгөнгө умтулушубуз зарыл. Ошондо гана мусулмандык, христиандык же светтик адамдар болобу коомчулукта чыңалуунун деңгээли жумшара баштайт. Ошондо гана "Ислам мамлекетиби", "Хизб-ут –тахрирби", андан сырткаркы деле дүйнөнүн үшүн алган бир канчалаган уюмдардын келишинин алдын алабыз. Андыктан, биз болушунча түштүктө кезектеги тирешүү чыгып кетпешине, жаңы ыңкылаптар үчүн шарттардын түзүлбөшүнө аракет кылышыбыз зарыл. 

— "Ислам мамлекети" долбоору дагы канчага чейин кооптуулук жаратып турушу мүмкүн? Эксперттер коомунун бир бөлүгү анын утурумдук экенин, башкалары жайылып, тамырлап кетээрин айтышат…

— Жакынкы Чыгыш региону Батыш державалардын тышкы саясат боюнча стратегиялык пландарына карата толугу менен башка форматка өтүп, өзгөрмөйүн "Ислам мамлекети" жашап тура берет. Аталган региондогу азыркы формат Сирия, Ирак, Ливан, Иордания, балким толугу менен кайра түзүлүп, өзгөрүлүп, балким, жаңы мамлекеттер пайда болот. Же баш-аламандык өкүм сүргөнгө чейин барат. Мен азыр так айта албайм. Бирок, кандайдыр жаңы аймактар түзүлгөндө деле ал жерде туруксуздук дайыма жаралып турат. Анан ошол ири кызыкдар болгон тараптар жетер-жерине жетип калганда, таптакыр башка долбоорду сунушташат, ал жергиликтүү элге жакпаса да, согуштан, башаламандыктан, оорудан, ачкачылыктан чарчаган калк кандай гана багыт болбосун кабыл алып, көнө берет.

221
Белгилер:
сакал, жоолук, эксперт, экстремизм, терроризм, конституция, КРдин Стратегиялык изилдөөлөр жана прогноздоо институту, Аль-Каида, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Салиев Аман
Тема боюнча
"Ислам мамлекети" КМШнын чек араларына жакындап келди
Борбор Азиядагы абалды туруксуздаштыруу үчүн "Ислам мамлекети" уюму 70 млн доллар бөлгөнү айтылууда
Сирияга кете турган 24 жаштагы үч жаранды Кыргызстанда калууга ынандырышты
Тажикстан ИИМдин ОМОН командачысы Сирияга качып кетишинин себептерин териштирүүдө
Пикирлер