Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив

Кичинекей манасчы Үмөт: эмне кылсаңар да Манас ата өлбөйт

1769
(жаңыланган 15:03 29.08.2016)
Кичинекей манасчы Үмөткө Манас баатырга тургузулган эстеликтердин бири да жакпайт, аны жасаган кишилер баатырды жакшы деле билишпейт окшойт деген ойдо. Ал балалык кыялында Манас өлбөйт, ал дайыма ушундай айбаттуу, сүрдүү бойдон жашап келет деп ишенет.

БИШКЕК, 13-июнь — Sputnik. Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов азыр он жашта. Мүнөзү ойноок, бирок, суроого бир аз ойлоно калып жооп берген, Манас боюнча өзүнүн эч кимге бербеген чоң ишеними бар, жакпаган нерсесин так кесе айткан бала болуп өсүп келе жатыптыр. Манасчылык өнөрү улам күчөп бара жатканы байкалып турат.

Үмөт жана анын апасы Бактыгүл Кыдырмышева менен сүйлөшүп, кепке тарттык. Кичинекей манасчы, интервью алсаңар, түш боюнча сурабагыла деп шарт койду. Макул дедик.

Биз Үмөттү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эл аралык иш-чаранын катышуучуларына президент Алмазбек Атамбаев тарабынан берилген сый-тамак учурунда концертке катышып чыккандан кийин тосуп алдык. Ал чарчадыңбы деген сурообузга жок деп жооп берип, бирок, Манасты азыраак айтып калганын билдирди.

"Жаңы эле э-ээй…. баштаганда эле бүттү дешет… Айтып бүткөндөн кийин токтотпойбу. Жана мени бирөө көтөрүп кетти. Болду, болду дешет. Негизи баштагандан кийин көп убакыт айткым келет да", — деди.

Үмөттүн дүйнөсүндө Манас башкача, аялуу жана кол тийгис экенин байкоо кыйын эмес. Анын Манас атасына Кыргызстанда тургузулган эстеликтерге ичи чыкпайт экен. Биз эстеликтерди четинен санап кирдик. 

"Кокуй, ал эстелик жарабайт, Филармониянын алдындагыбы? Кипкичинекей кылып коюптур. Манас ата килейген киши болгон да. Анан жанагы эки арстаны бар жакшы экен, бирок саал окшошпой турат. Негизи алар Манасты окубай эле жасап коюшкан окшойт", — деди Үмөт нааразы түр менен.

Баланын көөнү — Манаста 

Ал эми "Манас" эпосун азырынча атасы Болот окуп берет экен.

"Азыр болбойт, мен 6-7-класска барганда өзүм окуп баштайм. Ошондо баары жакшы болот. Манас ата деген өлбөйт, ал эмне кылсаңар да, такыр өлбөйт ", — деди ал. 

Үмөттүн апасы Бактыгүлдүн айтымында, атасы эпосту окуп берип жатканда тынч отуруп укпайт, ары-бери чуркайт, отургучка чыга калат, үстөлдүн астына кирип кетет, кээде мультфильм да көрөт, бирок көөнү Манаста.

Биздин каармандан бош болгондо эмне менен алектенип, кайсы китепти окууруна кызыктык. 

"Негизи үйдөн эч нерсе кылбайм, апам суу ташыса, канистраларды көтөрүшүп, анан үстөлдүн үстүн жыйнап берем. Апендинин жоруктары боюнча китепти жакшы көрөм. Ии, анан мага машиналардын ичинен өлө күчтүү – Ферари жагат. Анан Бугатти, Мустанг, Ломбарджини да сонун", — деди. 

Манасчылык өнөрү менен алыскы-жакын өлкөлөргө чыгып, ал жактагыларды суктантып келет. Жакында эле соңку сапары Түркияга болуп, түрк туугандар алакан ысыгыча кол чаап, таасирленгенин жашырбай улам-улам айтышыптыр. 

Аккан арыктан суу агат

Үмөттүн манасчылык касиети анын ата-бабасынан берилгендигин апасы Бактыгүл айтып берди. Үмөт мындан 10 жыл мурда Нарын облусунун Миң-Булак айылында (мурдагы Куйбышев) туулуптур. Ал эми кезегинде бул жерди атактуу, кадимки Тыныбек манасчы жердептир. 

"Ал улуу манасчынын таланты, касиети берилгенби деп ойлойбуз. Негизи эле бул касиет чоң атасында, атасында, Үмөттөн улуу эки баламда да бар. Азыр эстесем, курсакта жатканда эле угуп чоңойгон экен. Кош бойлуу кезимде улуу эки уулум атасы бир жакка кеткенде отуруп алып, узак убакыт манас айтышып, мен алардын тексттерин улам эстетип, айтор, кечке айтышчу. Кийин жазуучу Бексултан Жакиев Үмөт туурасында "бала курсактагы кезинде бул касиет менен жетилген" дегенин угуп, чын эле деп ынандым", — деди апасы Бактыгүл.

Учурда Үмөт ата-энеси менен бирге Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жашайт. Өзүнөн улуу эки агасы учурда студент. 

Үмөткө жакында "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам ыйгарылды, ал Кыргызстандын тарыхындагы бул төш белгиге ээ болгон биринчи мектеп окуучусу.

1769
Белгилер:
манасчы, Үмөт Болот уулу, Бактыгүл Кыдырмышева, Болот Өмүралиев
Тема боюнча
"Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгү чыкты
Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду
Биолаборатория. Архив

Борбор Азия жана Кавказга биолаборатория курууда АКШнын көздөгөнү эмне?

213
(жаңыланган 16:08 31.05.2020)
Совет маалында Армян ССРиндеги Микробиология институту микробиологиялык ири борбор деп эсептелген. Токсонунчу жылдары аталган институттун илимий иштерине АКШ жана Улуу Британия да кызыгар эле.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Казакстан, Армения жана Тажикстанда америкалыктар биологиялык лабораториялар түйүнүн ачкан. Айрыкча Грузиядагы Лугара атындагы лабораториялык борбордун ишмердиги россиялык бийликти түпөйүлгө салат. Булардын Вашингтонго зарылдыгы канчалык экенине биздин өнөктөш агенттик РИА Новости сереп салган.

"Кошмо Штаттар дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде бизди курчаган аймактарда да аскердик-биологиялык ишмердик жүргүзүүдө", — деп билдирген Сергей Лавров ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда. Москва эбактан бери эле коңшу мамлекеттердеги биологиялык коопсуздукка кабатыр болуп келет.

Атайын жасалган иш беле?

Казакстанда коронавирус марттын башында каттала баштаган. Өлкө бийлиги дароо чек араларды жаап, өзгөчө абал киргизген. Интернетте вирус 2016-жылы америкалыктар тарабынан ачылган республиканын түштүгүндөгү биолаборатория менен байланыштуу экени тууралуу күбүр-шыбыр кеп тараган.

Алматыдагы Борбордук реферанс-лаборатория (БРЛ) Казакстанга мүнөздүү вирус штаммдарын изилдөөгө адистешкен. Казакстандын карантиндик жана зооноздук (жаныбарлардан адамга жугуучу) инфекциялар илимий борборунун базасында иштейт, республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигине баш иет. Пентагондун эсебинен курулса да Казакстандын менчиги болуп саналат. Бул объектиге АКШ 108 миллион доллар бөлүп берген.

Вашингтон аймакта америкалык аскер кызматкери бар экенин, изилдөөлөр белгисиз вирустук инфекциялардан коргонууга көмөк болорун түшүндүргөн. ЖККУ, КМШ жана ШКУ саммиттеринде Москванын өкүлдөрү америкалыктар бул лабораторияларды россиялык кызыкчылыктарга каршы колдонушу мүмкүн деген кооптонууларын билдирип келет. Бирок Казакстандын бийлиги жергиликтүү биологдордун ишине эч ким кийлигише албастыгына ынандырган.

"Четөлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда биргелешкен изилдөө жана гранттар боюнча долбоорлор ишке ашырылчу учурларда гана уруксат берилет", — деп түшүндүрүшкөн БРЛ өкүлдөрү.
© Sputnik / Максим Блинов
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2017-жылдын 17-июлунда Минксиде өткөн ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынан соң

2018-жылы Казакстанда менингит менен ооругандардын саны көбөйгөнү байкалган, андан улам Алматыда аталган лабораториядан менингококк инфекциясынын штаммы чыгарылган деген сөз чыккан. Журналисттер жана блогерлер ошол убакта америкалыктар вирусту атайын таратканын, мындай жол менен алар лабораторияда иштелип чыгып жаткан биологиялык куралдын натыйжалуулугун текшерип көрүшкөнүн олуттуу түрдө эле жазышкан.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги эч кандай эпидемия болбой турганына ишендирген. "Казакстанда менингит 58 кишиде аныкталган, алардын 32си Алматы калаасында катталган. Эгер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ченемдери боюнча эсептеп көрсөк, орточо көрсөткүч төмөн", — деп билдиришкен мекемедегилер. Коронавируска окшош жагдай. Бийлик конспирологияны төгүндөп, дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөгөн.

© Sputnik / Тимур Батыршин
Автоинспекциянын кызматкерлери Алматынын көчөлөрүнүн биринде нөөмөттө

Жабык тартип

Совет маалында Армян ССРиндеги Микробиология институту микробиологиялык ири борбор деп эсептелген. Токсонунчу жылдары аталган институттун илимий иштерине АКШ жана Улуу Британия да кызыгар эле. Армениялык адистерди батыш өлкөлөрүнө практикадан өтүүгө чакырышкан. 2000-жылдары америкалыктар өлкөдө бир нече биолаборатория ачууга жардамдашкан. Акчаны да Казакстандагыдай эле Пентагон бөлгөн. Армениядагы Илдеттерди көзөмөлгө алуу жана алдын алуу боюнча улуттук борборду заманбапташтырууга эле он миллион доллар сарпташкан.

Ереван, Гюрми, Ванадзор, Мартун жана Ижеванда курулган илимий борборлор Кавказ аймагына мүнөздүү болгон вирус жана штаммдарды изилдешет. Лабораториялар Армениянын саламаттыкты сактоо тутумуна кирет, бирок АКШнын Коргоо министрлигинин алдындагы Кооптуулуктарды азайтуу агенттиги кийлигише алат. Жергиликтүү адистерден тышкары, ал жакта америкалыктар иштейт.

Армениядагы биолабораториялардын жабык тартипте иштешине Москва сын көз карашта. Шектенүүлөрдү жоюу үчүн былтыр күздө премьер-министр Никол Пашинян россиялык адистер менен Кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуга макул болгон. Ийне-жибине чейин макулдашышкан соң армян тарап бул документтен баш тарткан.

© Sputnik / Денис Асланов
Грузиядагы Ричард Лугар атындагы лабораториянын каалгасындагы жазуу

Кооптуу эпидемиология

2010-жылы америкалык биологдор ЖККУнун дагы бир мүчөсү – Тажикстанга кызыга баштаган. Инфекциялык илдеттердин күч алышына алып келчүдөй жагымсыз эпидемиологиялык жагдай аларды чочулаткан экен. Бир нече батыш фонду изилдөө борборлорун ачууга каражат бөлгөн. Ошентип, 2013-жылы Душанбедеги

Гастроэнтерологиялык институттун базасында биологиялык коопсуздук лабораториясы ачылган. Долбоорду франциялык Мерьё кайрымдуулук фонду каржылаган. Ал ушундай эле объектилерди Кытай, Мьянма, Бангладеш жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө курган.

Француздарга адаттагыдай эле Бириккен улуттар уюму жана АКШнын USAID эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги көмөкчү болгон. Инвестициялар үч миллион доллардан ашкан.

2019-жылы Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун алдында лаборатория ачышкан. USAID менен Пентагон демөөрчүлүк кылган. Жергиликтүү биологдор четөлкөлүк кесиптештери менен кургак учук, малярия, гепатит жана холера өңдүү Борбор Азияга мүнөздүү болгон ооруларды изилдешет.

Былтыр Тажикстандын түндүгүндөгү Исфара шаарында дагы бир объект ачылган. Аны да америкалыктар каржылаганы гана белгилүү, бирок ал боюнча маалымат аз.

"Борбор Азияда коронавируска чейин эле эпидемиологиялык абал жакшы эмес эле. Бул аймакта гепатит, холера, кургак учук күч алуу коркунучу бар, ошондуктан жаңы биолабораториялар зарыл. Аларга каражат керек. Четөлкөлүк көмөк болбосо, ишке ашыра албайбыз", — деп түшүндүрөт Душанбедеги Саясий изилдөөлөр борборунун директору Абдугани Мамадазимов.

Тажикстандык серепчи америкалыктардын бул багытта жанданганынан шектүү жагдайды байкабаганын айтат. "Болгону алар биринчилерден болуп жардамга кол сунат. Эгер коронавирустан кийин Россия, Кытай же Евробиримдик аймакта вирустарга каршы күрөшүүгө активдүү жардам бере башташса, Борбор Азиядагы республикалардын бийлиги колдоп берет", — деп ишенет эксперт.

Работа референс-лаборатории в Душанбе
© Фото / Национальная Референс лаборатория Республики Таджикистан
Душанбедеги референс-лабораториядагы иш

Грузиндик патоген

Грузия ЖККУга мүчө эмес, бирок Россия менен чектешет жана Кавказда негизги ролду ойнойт. Москваны Ричард Лугар атындагы Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча илим-изилдөө борбору бушайман кылат. Россия бийлиги Тбилисинин жанындагы биолаборатория америкалыктардын кызыкчылыгына иштээрин боолголойт.

Мындай шектенүүлөр да тегин жерден чыккан жок. 2018-жылдын сентябрында Грузиянын мурдагы мамлекеттик коопсуздук министри Игорь Гиоргадзе лабораторияларда адамдарга да тажрыйба жасалган болушу мүмкүн деп шек санаган. Ал түгүл документтерди жарыялаган. Анда Лугар борборунда дарыланган он киши каза болгону жөнүндө маалымат камтылат. Аталган лабораторияда америкалык үч жеке фирманын биологдору иштеген. Алар, тагыраак, CH2M Hill, Battelle жана Metabiota Пентагондун буюртмаларын аткарган ишканалардан.

Гиоргадзе лабораториялардын бактериологиялык коргоонун жогорку деңгээлине көңүл бурдурат. Атап айтканда, борбор "зыяндуу заттарды чачуу үчүн жабдуулар жана биологиялык активдүү материалдары бар ок-дары менен жабдылган".

© Sputnik / Илья Питалев
Душанбедеги референс-лабораториядагы иш
"Калкты коргоону көздөгөн мекемеге мындай нерселердин зарылдыгы не?" — деген суроо салат экс-министр.

Москвадагылар муну эшиткен. РФ ТИМинин Куралдарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө маселелери боюнча департаментинин башчысы Владимир Ермаков Россия өз чегинде америкалык биологиялык эксперименттердин жасалышына жол бербейт.

Пентагондогулар Гиоргадзенин бул айыптоолору негизсиз дешкен. Тбилисидегилер лаборатория жай эле иштелмелер менен алектенерине, адамдарга эч кандай тажрыйба жасалбай турганына ишендирген. Грузия бийлиги Лугардагы борбор менен россиялык адистердин таанышуусуна каршы эмес. Бирок бул пландар эки өлкөнүн мамилесиндеги былтыркы кризистен улам үзгүлтүккө учураган.

"Грузия физикалык-химиялык биология жаатындагы изилдөөлөргө эч качан кызыккан эмес. Бул лаборатория кызматкерлерди жогорку класстагы биологиялык коргоо экендиги боюнча маалымат түкшүмөлдөрдү жаратат. Мындай оор патогендер менен алектенүүнүн зарылдыгы эмне?" — дейт биологиялык илимдердин доктору, Сибирь федералдык университетинин профессору Николай Сетков.

"Вектор" вирусология борборунун башкы директорунун илимий иштер боюнча орун басары Александр Агафонов "Лугар атындагы борбордо биологиялык куралды иштеп чыгуу жана аны чыгаруу жөнүндө түз маалыматтар менен тааныша албайбыз".

© Sputnik / Леван Авлабрели
Грузиядагы Ричард Лугар атындагы лаборатория

"Ошентсе да CH2M Hill, Battelle жана Metabiota өңдүү жеке ишканалар, алардын келишимдик милдеттенмелери, мисалы, сибирь жарасы, туляремия жана Крым-Конго геморрагиялык лихорадкасы өңдүү кооптуу бактерияларды изилдөөнү көз жаздымда калтырууга болбойт", — деп баса белгилейт адис.

РИА Новости сурамжылаган серепчилердин баары постсоветтик мамлекеттер сырттан жардам күтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын көзөмөлүн колдон чыгарып жибериши мүмкүн деген пикирде. Мунун кесепети оор болушу ыктымал. Анүстүнө пандемия убагында лабораторияларга өтө кооптонуу менен карап калышты. Бул мындай структуралардын ишин ачыгыраак уюштурууга түртөт.

213
Белгилер:
вирус, илимий изилдөө, каржылоо, АКШ, Россия
Тема боюнча
"Жыргалчылыкты арттырат"... АКШ Борбор Азияга эмне үчүн көз артууда?
Нефть казуучу станция. Архив

АКШ өз мунайынан кол жууйбу? Өмүрү кыска лидерлик

199
(жаңыланган 12:19 29.05.2020)
Америкада мунай казуу рекорддук көлөмдө кыйрайт окшоп калды. Өлкөдөгү газ жана мунай бургулоочу орнотмолордун саны болуп көрбөгөндөй кыскарууда.

Компаниялар банкроттук боюнча жапырт арыз тапшырып, иштерин убактылуу токтотууда. Натыйжада АКШ сланецтик тармактын үчтөн биринен ажырап калышы ыктымал. Кайра калыбына келтирүү узак жылдарга созулат. Кошмо Штаттар "сланецтик" коллапстан кача албай калышына эмне себеп болгонун биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган Наталья Дембинскаянын макаласынан окуңуздар.

Кескин төмөндөйт!

2019-жылы америкалыктар Россия менен Сауд Аравиясын да артта калтырып, мунай казуу жаатында лидерликке чыккан. Бул көрсөткүчкө жетүүгө сланецтик мунай көмөкчү эле. 70 жылдан бери биринчи ирет АКШ кара алтынды нетто-экспорттоочуга айланган.

"Мунай өнөр жайы күтүүсүздүктөргө жык. Сланецтик революция мунайдын баасын, өндүрүштү жана соода агымдарын астын-үстүн кылды", — деп билдирген мурдагы президенттердин бири Жорж Буштун (кенже) энергетика боюнча кеңешчиси, Rapidan Energy консалтингдик компаниянын башчысы Боб Макнелли. Бирок сланецтик тармактын ыргагы кескин басаңдаары болжонгон. Рекорддук көрсөткүчтөрдүн кесепети скважиналарды бош калтырып, инфраструктурага сарпталган эбегейсиз чыгымдарга тушуктуруп, капиталдык салымдардын тартыштыгына алып келген. Көйгөй 2021-жылы курчуй турганы күтүлгөн, бирок ага жеткирбей эле коронавирус пандемиясы тармакка катуу сокку болду.

Энерготашуучуларга суроо-талап жок, мунайдын баасы түшүп кетти. Биринчи эле бул ансыз да карызга белчесинен баткан жана инвестициялардын тартыштыгы жарга такап турган сланецчилерди жабыркатты.

Майдын аягында Baker Hughes мунай-газ сервистик компаниясы АКШда иштеп турган мунай-газ бургулоочу орнотмолорунун саны болуп көрбөгөндөй кыскарган. Былтыр эле 983 болуп турса, ушул тапта 318и гана иштөөдө.

Кендин үчтөн биринен кур жалак калышат

ShaleProfile Analytics божомолу боюнча, АКШда сланецтик мунай ишканаларынын үчтөн бири жоюлат. Каатчылык аталган тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бирин айрыкча күчөттү: технологиянын өзгөчөлүктөрүнөн улам скважиналар тез бөксөрдү. Сланецтик кендерде бургулоодон көп өтпөй эле кен азаят, "айтылуу" өндүрүмдүүлүгүнөн дегеле кабар жок. Чыгымдарды жаап туруу үчүн дайым жаңы скважиналар зарыл. Бирок азыркы кырдаалда бул мүмкүн эмес. Компаниялар банкроттукка жапырт арыз тапшырууда. Haynes & Boone маалыматына таянсак, жыл башынан бери банкроттукка тапшырууга 17 өндүрүшчү белсенген, алардын жалпы карызы 14 миллиард долларды түзөт. Атай кетсек, алардын катарында ири сланецчилердин бири Whiting Petroleum, California Resources жана Chesapeake Enеrgy өңдүү гиганттар да бар. Май айынын аягында Хьюстондогу банкроттук боюнча иштерди караган сотко документтерин Unit компаниясы да тапшырган.

Далластын Федералдык резервдик банкынын (ФРБ) изилдөөсүнө ылайык, Батыш Техастагы салыштырмалуу "арзан" Permian сланецтик бассейнинде да рентабелдүүлүк үчүн мунай баррелине орточо 49 долларга чыгышы абзел. ФРБ болжогондой, жыл ичинде баа 40 доллар болуп турганда өндүрүшчүлөрдүн 15 гана пайызы иштеп кете алат. Ал эми баанын сланецчилерди куткарып калчудай деңгээлге көтөрүлөрүнө үмүт жок.

АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) 2020-жылы Brent үлгүсүнүн орточо баасы 34,13 долларды жана келерки жылы 45,62 долларды, ал эми Техастын батышында WTI быйыл 30,10, эмдиги жылы 43,31 долларды түзөрүн жоромолдойт.

Калыптануу бир канча жылга созулат

Талдоочулардын баамында, натыйжада АКШдагы сланецтик кендин көлөмү суткасына беш миллион баррелден да төмөндөйт. Ал эми The Wall Street Journal басылмасы өлкөдө 15 ири сланецтик компания жаңы кендерди иштетүү бюджетин орточо 48 пайызга азайтканын жазып чыкты. Пандемиянын айынан суроо-талап ылдыйлап жаткан убакта өндүрүштү мурдагыдай көлөмгө чыгара алышпайт. "Ошол деңгээлге кайрадан жеткиргенче эле бир топ жыл өтүшү мүмкүн. Андай күн келери да арсар", — деп жазылган ал материалда. Америкалыктар мээнеттенип жеткен лидерлик ордунан кол жууп калышы ыктымал. Мындайга жол бербөө үчүн да "инструменттери деле саналуу" деп белгилешет серепчилер.

"Быйыл Америка мунай жаатындагы лидерлик позициясынан ажырап калары анык болуп калды, — деп билдирет Emirates NBD товардык рыноктордун талдоочусу Эдвард Бел CNBC агенттигине, — Бул биз күткөндөн да алда канча эрте болчудай".

"Коронавирус пандемиясы мунай өндүрүшүн кыйратты. Бензин, авиациялык жана дизелдик отунга болгон суроо-талап ушунчалык тездик менен дегеле болуп көрбөгөндөй көлөмдө төмөндөдү. Буга Россия менен Сауд Аравиясынын ортосундагы "баа согушу" да, андан тышкары, америкалык мунай компанияларынын балансындагы олчойгон карыздар да үстөккө-босток болду", — дешет Bloomberg Intelligence аналитиктери.

Булардын баары аз келгенсип, америкалык сланецчилер мунай жаатындагы ири оюнчулардын оңой олжосуна айланып калышы ыктымал. Пандемиядан кийин кайра жанданып келе жаткан экономикасы жана арзандаган чет элдик активдерге кызыккан Кытай мындай "оюнда" негизги коркунучту туудурат.

Америкалык мунай кендеринин орточо баасы бир баррели 60 доллар болуп турган убакка салыштырганда эки эсеге, тагыраак, 42 миң доллардан 20 миң долларга чейин түшүп кетти. Вашингтондогулар кыйрап бараткан энергетикалык тармакка Кытайдын баш багышынан абдан кооптонушат.

"Техас жана башка жерлердеги сланецтик компанияларды каршылаш өлкөлөр сатып алса, бул улуттук коопсуздук үчүн олуттуу көйгөй жаралат", — дешет Техастагы мунайды жөнгө салуучулар.

Кытайлар мындай кадамга түздөн-түз барары күмөн, өкмөт ага жол бербейт. Бирок стратегиялык эмес активдердин бир бөлүгүн сатып алуу же биргелешкен ишкана түзүү өңдүү буйтап өтчү жолдору да жок эмес.

199
Белгилер:
Техас, экономика, энергетика, казуу, АКШ, нефть, Мунай
Тема боюнча
Сатып түгөтүп... Россия АКШ облигацияларынан баш тартууда
Дүйнөдө нефтинин баасы бир ай ичиндеги рекордун койду
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

19
(жаңыланган 01:05 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

19