КМШ чек арасына жакын топтолгон согушкерлер жараткан коркунучу күч болууда

© AFP / HAIDAR HAMDANIКМШ чек арасына жакын топтолгон согушкерлер жараткан коркунучу күч болууда
КМШ чек арасына жакын топтолгон согушкерлер жараткан коркунучу күч болууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын атайын кызматтарынын афган-тажик чек арасында экстремисттик күчтөрдүн топтолушу туурасындагы маалыматы Кыргызстанды да кайдыгер калтырган жок. Адистердин айтымында, жагдай татаалдап кетсе, ЖККУ абалга аралжы болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Учурда Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик, террористтик уюмдардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасына жакын келип, топтолушу кооптуу болуп турат деген пикирде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов. 

Ал эми Миграция министринин орун басары Алмазбек Асанбаев зарыл болуп калса, Жамаатык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) линиясы менен алдын алуучу чараларды көрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун билдирди.

Орто Азиядагы ислам халифатын курабыз дегендер

Демонстранты держат флаг Исламского государства Ирак и Левант (ISIL) во время демонстрации против военной операции Израиля в секторе Газа - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" КМШнын чек араларына жакындап келди
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмонали афган-тажик чек арасында экстремисттик топтордун чогулуп жаткандыгын билдирген. Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон экстремисттик топтордун мындай умтулуусу аймакка, анын ичинде Кыргызстанга кооптуулук жарата тургандыгын өлкөнүн расмий да, бей расмий да өкүлдөрү айтышууда.

Иманкуловдун айтымында, Орто Азиядан барган "Өзбекстан ислам кыймылы" жана бир катар майда "Ислам жихады" деген террордук топтор "Талибан" кыймылынын ичинде, анын базасында согушка үйрөнүп, машыгып жүрүшөт.

"20 жылдан ашык согушууну үйрөнгөндөн башканы билбеген жүздөгөн, миңдеген адамдар бар, алар өмүрү жөнөкөй иш кылып көргөн эмес, эми алар каякка барат? Афганистандын түндүк провинцияларына алар бүгүн эле келип калган жок, акыркы 6-7 жылдан бери эле акырындап топтоло баштаган. Орто Азиядагы ислам халифатын курабыз деген эски максаттан баш тарткан жок. Аларга өбөлгө болуп, эми "Ислам мамлекети" да Тажикстандын чек арасына жакындай баштады. Булар биригип алып, бизге курал менен кирип келбейт деп ким кепилдик берет? Албетте, эч ким. Андыктан түздөн-түз коркунуч бар", — деди генерал.

Акыркы мезгилдери аталган уюмдарга мүчө болуп кайткан жарандар кооптуулуктун жаңы багытын жаратууда. Буларды Иманкулов террористтик интернационалдар деп атады. 

"Талибанга" ыктаган уюмдарда ошол эле Тажикстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын террористтик интернационал болуп алышкан жарандары жүрөт. Алар КМШ чек арасын көздөй жакындап келе жатат. Түркмөнстандын чек арачыларында да кооптонуу күч болуп турат", — деди серепчи.

УКМКнын мурдагы жетекчилеринин бири Иманкулов КР чакан мамлекет болгондуктан, куралдуу жана атайын кызматтардын күчтөрү чектелүү экендигин, мындай шартта, өлкө мүчө болуп кирген эл аралык уюмдардын жардамы жакшы болорун айтат.

"Терроризм, экстремизм көйгөйүндө бир эмес, бир нече мамлекеттердин күчү жетпей калып жаткандыгын көрүп жатабыз. Глобалдуу масштабдагы коркунучтарга күчүбүз жетпеши мүмкүн, чоң уюмдар менен биргеликте коркунучтардан сактанышыбыз керек. Андан башка жол жок. Жамааттык коопсуздук кызматташуу Уюмунун (ЖККУ) уставы боюнча экстремисттик, террористтик топтор кирип келсе, биргелешип атайын чара көргөнгө даяр. ЖККУнун биздин мамлекет үчүн ролу чоң экенин сезсек болот", — деди Иманкулов.

Афганистан бизге жакын 

Качкындар күнүнө карата Бишкекте өткөн иш-чарада Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Асанбаев журналисттерге маалымат берип жатып, кооптуулук боюнча абалдын татаалдыгын, зарыл болсо ЖККУнын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөөрү каралып жаткандыгын билдирди.

"Афганистандагы абалга байланыштуу качкындар арбышы мүмкүн. Биз Афганистан менен бир мамлекеттен кийин чектешебиз. Эгерде аталган өлкөдө аскердик аракеттер жанданса, өлкөнүн мамлекеттик аскердик күчтөрүнүн "Талибан" кыймылына карата аракеттери активдешүүсү да көмөкчү болушу мүмкүн. Андан сырткары талибдер менен макулдашпай туруп, чек арада үчүнчү согушту ачабыз деп коркуткан "Ислам мамлекети" деген үчүнчү күч пайда болду. Абал кыйын болуп турат. Азыр өлкөдө терс көрүнүштөрдү болтурбаш үчүн, зарылчылыгына жараша ЖККУ аркылуу, балким, алдын ала чараларды көрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду", — деди Асанбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0