Укук коргоочу: бересеси бар адамдар абалды солгундатуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн

Жазылуу
Укук коргоочу Кубат Токсобаевдин айтымында, адамдарды атайылап карыз кылышууда. Кыргызстандагы 10 үй-бүлөнүн жетөө төлөмөр адамдар.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Айрым бузуку күчтөр карызын төлөй албай жаткан адамдарды Кыргызстандагы абалды солгундатуу үчүн пайдаланууга аракет кылып жатышканын Зайымчылар элдик кыймылынын теңтөрагасы Кубат Токсобаев билдирди.

1-июль күнү укук коргоочулар коммерциялык банктардын биринин алдында митинг өткөрүүнү пландап жатышат. Ага 80 адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Кубат Токсобаевдин айтымында, эгер кырдаалга мамлекет кийлигишпесе, кесепети оор болот. Адамдарды атайылап карыз кылып жатышканын айткан укук коргоочу кредит берген уюмдар батыштан каржыланарын белгилейт. 

"Бересесин төлөй албагандар өзүн өзү өлтүрүүгө барган учурлар абдан көп. Аргасы түгөнгөн адам айрым бир күчтөр үчүн ыңгайлуу курал болот. Аларды өлкө аймагындагы абалды солгундатуу үчүн пайдаланышат. Башка мамлекеттерде болуп жаткан жагдайдын Кыргызстанда кайталанышын каалабайт элем", — дейт Токсобаев.

Укук коргоочу Улуттук банктын маалыматына таянуу менен, Кыргызстанда ар кыл уюмдардан кредит алган 600 миң зайымчы бар экенин билдирет. Калктын эсебин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алсак, Кыргызстандагы ар бир экинчи үй-бүлө төлөмөр болуп калган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, 10 үй-бүлөнүн жетөө карыздар.

"Адамдардын мээсине ремонт үчүн, муздаткыч, керек болсо той, же өлүк коюу үчүн кредит алууга болот деген ойду абдан сиңиришкен. Микрокредиттик компаниялар турак-жайды күрөөгө алып 50 пайызга чейинки үстөк менен акча берген учурлар кездешет. Андан кийин көрүп ал: кредит алган адамдын изине түшүп, балдарын барымтага алып, көрбөгөн кордукту көрсөтүшөт", — дейт укук коргоочу.

Акча алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назаркулова: Кредит алган жети миң адам мөөнөтсүз митингге чыгууга даяр
Зайымчылардын элдик кыймылы кредиттерди чар-жайыт берүүнү токтотуу, микрокредиттик компанияларга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн программаларды иштеп чыгуу жана калк арасында финансы жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылат. Мындан тышкары, укук коргоочулар бересеси бар адамдарды турак-жайынан ажыратууга мораторий жарыялоо зарылдыгын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0